Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:12

Тажик президенти кызын министрге жардамчы кылды


Озода Рахмонова акыркы эки жыл өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматында иштеген. Эмомали Рахмон аны Тышкы иштер министринин орун-басары катары дайындады. Ошентип, ал Борбор Азиядагы салтты үзбөй, улантып жатат. Аймакта өзбек президентинин кызы Гүлнара Каримова да өлкөсүндө Тышкы иштер министринин орун-басары. Казакстанда болсо Дарига Назарбаева - парламенттин депутаты. Тажик президенти Рахмондо жалпысынан жети кызы, эки уулу бар. Уулдарынын улуусу Жаштар биримдигинин жетекчисинин орун-басары болуп иштейт.

XS
SM
MD
LG