Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

А.Мадумаров: Бардык чечимдер улуттук кызыкчылыкка жараша болот


Адахан Мадумаров. Бишкек. 2009-жылдын 6-февралы.
Адахан Мадумаров. Бишкек. 2009-жылдын 6-февралы.

17-июнда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров “Азаттык” үналгысынын кабарчысы менен маек куруп, акыркы мезгилде Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында кабыл алынган чечимдер, кыргыз-өзбек маселелери жана кыргыз-ооган кызматташтыгына байланыштуу бир катар суроолорго жооп берди.

“Азаттык”:- Адахан мырза, 14-июнда Москвада Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммити, андан кийин Екатеринбург шаарында Шанхай кызматташуу уюмунун саммити болду. Биз билгенден Москвадагы саммитте практикалык мүнөздөгү чечимдер кабыл алынып, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Ыкчам аракеттенчү күчтөрүн түзүү боюнча келишимге жетишилди. Бул кандай күчтөр болот жана кандай максатта пайдаланылат?

А.Мадумаров:- Бул күчтөрдүн куралышы, жаралышы боюнча, алардын тартиби боюнча жылдын башынан бери көп сөз болуп келатат. Эксперттер иштеди, тийиштүү министрликтер иштеди. Анан 4-5-июнда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйыны Минск шаарында өттү. Ал жерде маселе талкууланды. Өзбекстан менен Армениянын өзгөчө пикирин эске албаганда, бардык мамлекеттер бирдиктүү чечимге келди. Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Беларусь бир позицияда туруп, ЖККУнун Ыкчам аракеттенчү күчтөрүн түзүү келишими жактырылган. Ага 14-июнда Москвда ЖККУга кирген өлкөлөрдүн президенттери тарабынан кол коюлду.

Эмне максатта? Биринчиден, азыркы мезгилде ааламдашуу (глобализация) жүрүп жаткан мезгилде терроризмге каршы күрөш биринчи орунга чыгып жатат. Терроризмге каршы күрөштө мамлекет кандай күчтүү болбосун жалгыз күчү жете бербейт. Ал баарына белгилүү. Дүйнө мамлекеттери террорго каршы күрөштө кандай чараларды көрүп жатканы да маалым. Мына ошондуктан жети мамлекет биригип, аракет жасап, ар кандай жаңы чакырыктарга каршы туруу үчүн Ыкчам аракеттенчу күчтөрдү түздү. Буга чейин ЖККУнун жамааттык аскерлери (КСБР) бар эле. Азыр Ыкчам аракеттенчү күчтөрдүн андан өзгөчөлүгү жаңы аскердик жабдуулар менен камсыздалат, бирдиктүү саясат жүргүзүлөт жана бирдиктүү командачысы болот.

“Азаттык”: -Бул күчтөр демек ЖККУнун мурунку жамааттык күчүнө караганда максаты жана мааниси боюнча кеңири алкактагы күчтөр болот экен да?...

А.Мадумаров:- Биринчиден кеңири. Экинчиден алардын аракеттенүү , башкаруу тартиби өзгөчө. Андан сырткары алардын курамына Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин топтору кирет.

“Азаттык”:- Кыргызстандын күч структуралырынын бөлүктөрү кирет экен да ?...

А.Мадумаров:- Бөлүктөрү кирет. Алардын алдына коюлган милдет мындай болот, эгерде кайсы бир мамлекет жардам сураган болсо, жети мамлекеттин президенти бир келишимге келип, аны канаттандыруу боюнча чечим кабыл алган болсо, ал суроону канаттандыруу үчүн Ыкчам аракеттенчү күчтөр заматта ошол жерде пайда болот.

“Азаттык”: -Жамааттык коопсуздук келишими уюму андан сырткары Борбор Азия регионунда ири аскердик топту түзүүгө ниеттенүүдө. Мындай демилгени Россия көтөрүп жатат. Кыргызстандын көз карашы кандай буга?

А.Мадумаров:-
Бул Россиянын эмес, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси.Баарын Россияга көңтөрө салуу туура эмес болуп калат. Борбордук Азия чөлкөмүндө андай күчтөр болгон. Аларды колдонуу жана аракеттенүү тартиптери гана өзгөрүлөт.



Азаттык”: - Бул күчтөр ички саясий кырдаалды жөнгөрүүгө пайдаланылбайбы? Эгемендүүлүккө шек кетпейби? Анткени дал ушул себептен Өзбекстан ЖККУнун күчтөрүн түзүүгө каршы чыгып жатканы айтылууда?

А.Мадумаров:- Эми андай деп... Кыргызда сөз бар го “таранчыдан корксоң эгин экпе” деген. Эмне үчүн башка мамлекеттер, айталы Европа мамлекеттери, же башка контитентеги мамлекеттер биргелешип, ар кандай чакырыктарга каршы турууга аракеттерди жасап жатса, биз эмне үчүн ошолордой жасабайбыз деп сурайбыз. Биз ошону жасай баштаганда ар кандай суроолор чыгып жатат. Дагы бир жолу айтайын, ошол жети мамлекеттин Конституциялык, мамлекеттик, элинин кызыкчылыгына каршы колдонуу анын уставында да, жобосунда да жок. Бул жети мамлекет биргелешип, акылдашып отуруп чечимге келе турган нерсе.

“Азаттык”:-Консенсус жолу мененби?

А.Мадумаров:- Ооба, консенсус жолу менен чечимге келе турган нерсе. Ошондуктан ички чочулоорго, сырткы чочулоолорго негиз жок. Менимче мындан эч бир мамлекет зыян тартпайт.



“Азаттык”:
- Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чек арада акыркы мезгилде бир нече кооптуу окуялар болду. Алар сизге белгилүү деп ойлойбуз. Мына ошондой чатактарды жөнгөрүүгө ЖККУнун күчтөрү колдонулабы, же Баткен окуясындагыдай пайдаланылабы ? Кандай шартта пайдаланыналат, механизмдери кандай болот?

А.Мадумаров: Ар бир мамлекеттин жетекчиси кайрылуу, кайрылбоону өзү чечет. Ошондой күчтүн кажети барбы, же жокпу өзү баалайт.1999-2000-жылы Баткендегидей окуя болуп кетсе, андан кудай сактасын, сырттан коркунучтар пайда болсо, биргелешип аракет жасалат.

“Азаттык”:- Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда чек ара боюнча маселе курч болуп жатат. Ошондой учурларда бул күчтөр кандай ролду ойнойт?

А.Мадумаров:- Мен ал тууралуу айттым окшойт, ошол эле Өзбекстан, Беларусиянын, Тажикстандын, Россиянын, Казакстандын, Кыргызстандын президенттери биргелешип, баары чогуу акылдашып чечет. Болгондо да толук консенсус менен чечилет.


Азаттык” - Адахан мырза, 14-июнда Москвада кыргыз президенти Курманбек Бакиев менен өзбек президенти Ислам Каримов жолугушту. Анда эки ортодогу чек ара, суу-энергетика маселелери боюнча кандай чечимдер сунушталды, же тийиштүү органдарга тапшырылды?

А.Мадумаров:- Биринчиден, анча-мынча болуп жаткан окуяларга саясий баа бербөө тапшырылды. Экинчиден, кандайдыр бир чарбалык маселелер пайда болуп калса, алардын баарын ыкчам түрдө тийиштүү министрликтер, жергиликтүү бийлик менен эки тарап биргелешип чогуу чечүү айтылды. Бул тапшырмалар аябай катуу берилди. Белгилүү болгондой жергиликтүү бийликтерге көп мүмкүнчүлүктөр берилген. Бирок тилеке каршы, алар ар кандай себептер менен Бишкекти карап калышат. Маселе президентке чейин жетет. Чынында айрым маселелерди жеринде чечсе болот. Акылдашып, дароо жолугушуп дегендей. Биз мына өткөн жылдын аягында, быйылкы жылдын башында Тажик Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы менен биринчи Баткенде жолугушуп, келишимге кол койдук. Андан кийин Ходжентте жолугушуп, келишимге кол койдук. Ошол келишимдер иштеп жатат. Ал боюнча жергиликтүү бийлик, чек арачылар менен эки тарапатын тең катышуусу менен чектеш райондордогу ар кандай маселелерди биргелешип чечүүнү макулдашканбыз. Эки тарап паритеттик негизде жолугушуп, маселени чечиш керек. Башка мамлекеттер менен да ушундай келишимге жетсек деп турабыз. Белгилүү болгондой чек арада бизде эки мамлекет менен тез-тез окуялар болуп турат. Өзбекстан Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Мурат Эргашевич менен бир канча жолу сүйлөштүк. Жекеме-жеке да жолугуштук. Кудай буюрса, жылыштар бар. Жакшылыктан үмүт кылабыз. Келечекте Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагыдай келишимге Өзбекстан менен да жетишибиз керек. Бул эки мамлекеттин тең жарандарынын жүгүн жеңилдетет. Бирок аракетибиз азырынча ишке аша элек.

“Азаттык:
- Адахан мырза, эми Шанхай кызматташуу уюмунун саммитине келсек. Тагыраак айтканда, саммиттен кийин Кыргызстан менен Ооганстандын президенттеринин жолугушуусуна келсек. Ооган президенти өз өлкөсүнө транзиттик жүктөрдү ташууну үзгүлтүккө учуратпоону өтүнүптүр. Кыргыз президенти ал жолугушууда Ооганстандагы кырдаалды жөнгөрүү үчүн салымын кошо берет дептир. Жөнөкөй тил менен айтканда Манастагы базаны калтыруу өтүнүчү айтылганы маалым болуп турат. Кыргызстандын жообу кандай болот база боюнча?

А.Мадумаров:- Ооганстандын проблемасын биз жалаң эле Ооганстан проблемасы катары карабашыбыз керек. Бул чоң аймактык проблема. Ал эмес ЖККУга кирген өлкөлөрдүн да проблемасы. Аскердик эмес, гуманитардык багытта жардам берүүгө даярдыгын Россия, Казакстан, Тажикстан да билдирген. Ооганстандагы операцияларды жүргүзүүгө Кыргызстанчалык эч ким салым кошкон эмес.
Аскердик база боюнча айта турган болсок, кыргыз жетекчилиги, кыргыз бийлиги аскердик базаны Манастан чыгаруу боюнча чечим кабыл алган. Биз мына ошол позицияда турабыз. Базага жаңы командачы келип, ал дагы айтты акырындап чыгып кетүүгө кам көрүп жатканын. Бирок башка багыттагы кызматташууларга, жалгыз эле Кыргызстан эмес, ЖККУга кирген өлкөлөрдүн бардыгы даярдыгын билдирген. Кыргызстан кызматташууга дайым даяр. Ал эми база боюнча маселе бүткөн.

Азаттык”: - База статусун өзгөртүп, граждандык жүктөрдү ташуучу учактар гана учуп калышы мүмкүнбү?

А.Мадумаров:- Ал маселе эки мамлекеттин эки тараптуу келишимине жараша болот. Азыркы мезгилде андай сунуш дагы, андай келишимдердин жобосу дагы жок.

“Азаттык”: -Манас боюнча чечимди Кыргызстан эмес, Россия алат деген сөздөргө кандай жооп бересиз?

А.Мадумаров: -Ага мен кескин түрдо каршы жооп берем. Мен башынан аягына чейин ошол ишке аралашкан киши катары, ошол боюнча маалымдар инсан катары айтып коюушуп керек. Кыргызстан эгемендүү мамлекет. Өз киндигин өзү кесип, өз түндүгүн өзү көтөргөн. Мына ошол чечимди Кыргызстан өзү кабыл алса, эми айландырып, бул кабыл алды, тигил кабыл алды деп жатышат. Эгер кабыл алынбай калса, биздин сынчылар башкача айтып чыкмак. Мен алардын баарын четке кагам. Сөзсүз түрдө мамлекеттин геосаясий кызыкчылыгы бар, стратегиясы болот. Ошого жараша бизде чечим кабыл алынды. Ал чечимдин себебин Россиянын Кыргызстанга чоң ишениминен издөөнүн кажети жок. Ал чоң ишеним Курманбек Салиевичтин алгач Владимир Путин, эми Дмитрий Медведев менен мыкты жеке мамилесинен пайда болуп жатат. Орус тарап биздин президенттин бир багытты алып, тышкы саясатты туруктуу жүргүзүп жатканына жогору баалап жатат. Мына ошондуктан Россиянын президенти Медведевдин биздин президентке берген баасы өтө жогору. Бул биздин Кыргызстан үчүн чоң аброй, чоң кадыр-барк. Бул баягы баары менен тең ата болобуз деп айтылып келаткан тилектин аткарылышы.

“Азаттык”: - Америка президенти Барак Обама кызмтташуу боюнча кат казды. АКШдан келе турган делегация тууралуу кандай маалымат бар? Кыргызстан кандай сунуштарын камдоодо?

А.Мадумаров:- Ал келе турган кишилердин катарында кимдер болот, кандай маселе көтөрүлөт... Бул жеңил-желпи иш эмес. Көтөрүлө турган маселелерге Кыргызстандын жообу кандай болот? Алардын баары иликтенип, Тышкы иштер министрлиги тарабынан чоң иштер аткарылгандан кийин гана делегация келиши мүмкүн. Азырынча кайсы багытта, кандай маселелердин аркасында сүйлөшүү болот, кандай деңгээлде делегация келери тууралуу сөз кылуу эрте.

“Азаттык”: - Сиздин көз карашыңыз боюнча, эки мамлекет кайсы багыттарда ийгиликтүү кызматташа алат?

А.Мадумаров: - Кыргызстан көп тараптуу кызматташууга даяр. Анын ичинде Америка менен. Бул үчүн ошол кызматташуу Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына туура келиш керек. Биринчи кезекте биз кыргыздын кызыкчылыгын карашыбыз керек.

“Азаттык”:- Адахан мырза, Канттагы ЖККУнун базасы боюнча эки ача сөздөр чыгып жатат. Орус тарап Кантты 49 жылга ижарага алуу боюнча келишимге жетишилди деген маалымат таратты. Кыргыз тарап андай келишиге жетише электигин айтууда. Чындыгында абал кандай?

А.Мадумаров: Андай болуптур, мындай болуптур деген сөздөр экөөбүздүн кесиптештердин иши. Эки тараптуу келишимдин кандай болгону тууралуу Тышкы иштер, Коргоо министрлиги тарабынан айтылат. Кыргыз жетекчилиги тарабынан эч кандай билдирүү боло элек. Ошондуктан бул болот имиш деген деңгээлдеги сөз. Эгерде менин жеке көз карашымды айта турган болсом, бул ЖККУнун аба күчтөрүнүн Кантта турганы кыргыз мамлекти үчүн абдан пайдалуу. Керек болсо биз дал ушундай күчтөрдү Баткен тарапка жайгаштыра алсак, анда да чоң жетишкендик болот. Бул маселенин түбү терең. Анын түпкү максатын аңдап билиш керек. Эгерде кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын коргой турган күчтөр болсо, мен аны колдоого даярмын.

“Азаттык”:- Адахан мырза, кеңири маек куруп, суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн ырахмат.



  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG