Германияда бир айга чукул ден соолугун чыңдаган президент Курманбек Бакиев мурда айтылгандай эле Бишкекке кайтып келери менен дароо өкмөт жыйынын өткөрүп, экономикалык, чарбалык маселелерди талкуулады. Ошол эле мезгилде президент өзүнүн айланасындагы ушак-айыңдарга маани бербей кое алган жок. Бул тууралуу өкмөт жыйынында да, журналисттер менен аэропортто жолугушууда да айта кеткен.
Ал эми “Время Новостей” гезитинин талдоочусу Аркадий Дубновго берген интервьюсунда президент ушак-айыңды оппозициячылардын, СССРдин убагында тарбияланган мурдагы коопсуздук кызматкерлеринин аракеттеринин натыйжасы болушу мүмкүн деп болжогон. Бул ушак айың тараганы - расмий бийлик тарабынан чыгып жаткан алгачкы жоромол эмес. Мындай пикирин “Азаттыкка” 24-мартта берген интервьюсунда президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов да билдирген:
- Ушак-айың боюнча жанагы саясатчылар арасында окууну бүткөндөр бар. Ушак-айың деген эмне? Аны менен кантип иштейт? Аны кантип пайдаланат? Ошондой кишилер бар. Мисалы, мен да билем ал проблеманы. Адистерге аны билиш оңой эле.
Президенттин өзүнөн жана анын администрациясынан чыгып жаткан мындай дооматты алгачкылардан болуп “Азаттыкка” берген интервьюларында коопсуздук кеңешинин мурдагы катчылары Мирослав Ниязов, Болот Жанузаков төгүндөштү.
Оппозиция муну бийликтин өз кемчилигин атаандаш тарапка оодара жүргөн өнөкөтү катары белгилеп, ушак дал ошол бийликтин өзүнөн чыгышы мүмкүн деп болжоду. Муну “Атамекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, маселен, президент жок кезде оппозициянын аракеттерин байкап, жаман атты кылуу максаты менен байланыштырат. Саясат таануучу Орозбек Молдалиев мындай аракет бийликке пайда алып келбейт дейт:
- Ушул ушакты оппозиция чыгарыптыр деп оппозицияны жаманатты кылганы жатат. Эми бул кайра эле оппозициянын пайдасына ойноп кетип атпайбы.
Бир топ талдоочулар элди дүрбөлөңгө салган мындай көрүнүштүн пайда болушунун башкы себебин маалыматтын тартыштыгы менен байланыштырышууда. “Азаттыкка” берген интервьюсунда Аркадий Дубнов мындай деди:
- Жаман жагы президенттик администрация президенттин оорусун, ден соолугунун текшерилишин шайкеш чагылдыра албагандыгында болду.
“Акыйкат үчүн” кыймылынын координаторлорунун бири Темир Сариев бул окуядан президенттик администрациянын сабак алышын эп көрдү:
- Мындан саясат кылбай, бирөөнү күнөөлөбөй, андан көрө туура жыйынтык чыгарып, президенттик администрация мындан кийин мындай катачылыкты кетирбегенге аракет кылышы керек.
Ошол эле мезгилде ушак-айыңдан келип чыккан жагдай президенттин пайдасына ойноду деген талдоочулар да болууда. Бул өңүттө ой жүгүрткөн талдоочулар президент өзүнүн айланасындагылардын өзүнө карата мамилесин да, оппозициянын алы канча экенин да аныктап, чыңданып алгандыгын айтып жатышат.
Талдоочулардын дагы бири Марат Казакбаев мындай көз карашты колдобойт. Анын оюнда ушак-айыңдын келип чыгышына президенттик администрациянын туура маалыматты элге жеткире албагандыгы гана себепкер. Оппозицияны же башка күчтөрдү айыптоо же бул маселеге кайра-кайра кайрыла берүү президентке жана анын администрациясына пайда алып келбейт.
Президент өзү болсо 31-мартта өткөргөн өкмөттүк жыйында президенттин жана өкмөттүн маалымат кызматтарын азыркы бийликтин саясатын элге жеткире албай жаткандыгы үчүн сынга алды.