Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:09

АЗЕРБАЙЖАН: ДҮРКҮРӨГӨН КУРУЛУШТАР ЖАНА ЭЗИЛГЕН ЭЛ (сүрөт баян)


Азербайжан өкмөтү өнүгүү долбоорлору үчүн эбегейсиз чоң өлчөмдөгү акчаны сарптоодо. Теги ирактык белгилүү британ архитектору Заха Хадид тарабынан иштелип чыккан кеменин долбоору Бакыдагы Гейдар Алиев атындагы Маданий борбордун көркүн ачмакчы.



Гейдар Алиев атындагы Маданий борбордун жалпы баасы азырынча сыр бойдон сакталууда. Акыркы он эки жыл ичинде мунай сатуудан гана 250 миллиард доллар пайда тапкан Азербайжан менен чет өлкөлүк фирмалар кызматташуунун жолдорун издешүүдө. Мисалы, түштүк кореялык бир компания башкалаанын көркүн ача турган бизнес борборунун долбоорун сунуш кылды.



Бакыда курула турган бизнес жана көңүл ачуу борборунун долбоору

Анын аралыгында Азербайжандын 2016-жылы Жайкы олимпиада оюндарын өткөрүү аракети курулуш тармагында дүркүрөп өнүгүүнү пайда кылды: 2000-жылдан бери 13 жаңы спорттук комплекстер курулуп бүтүп, дагы 23 курулуп жатат. Президент Илхам Алиевдин Олимпиада оюндарын Азербайжанда өткөрүүгө кылган аракет дүйнө коомчулугу алдында өлкөнүн аброюн көтөрүп, туризм тармагын өнүктүрүү далалаты катары кабыл алынууда.



Бакынын жанындагы Маштага шаарындагы Олимпиадалык комплекс

Азербайжанга азырынча Олимпиада оюндарын өткөрүү сунушу түшө элек. Бирок жаңы курулган, кымбат баалуу спорттук комплекстер колдонулбай турат. Бул жайларга кирүү акысы өтө жогору болгондуктан карапайым элдин чамасына чак келбейт.



22 миллион долларга бааланган түштүктөгү Масалли шаарындагы Олимпиадалык спорт комплекси

Масалли шаарындагы спорт борборундагы бассейн бош бойдон турат. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул жерге бир гана адам такай келип турат. Анын аралыгында бул бассейнди көзөмөлдөп, дайыма тазалап туруу үчүн айына 10 миң доллар сарпталат.



Бош имаратта олимпиадалык комитеттин жетекчиси, өлкө башчысы Илхам Алиевдин жана анын көзү өтүп кеткен атасы Гейдар Алиевдин сүрөттөрү.



Жергиликтүү тургундардын айтымында, жаңы курулган, бирок бош турган спорт комлекстерине караганда, өкмөт эскирген, бирок карапайым калк тарабынан колдонулган футбол стадиондорго көңүл бурса жакшы болмок.



Укмуштуудай курулуш долбоорлору катардагы азербайжандыктардын экономикалык, социалдык абалын жакшырткан жок. Бакыда жаңы мейманканалар, көңүл ачуу борборлору курулганы менен, өлкөнүн башка аймактарында абал оор бойдон калууда.

Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек

XS
SM
MD
LG