Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:41

МАЙЛУУСУУДАГЫ ИШ ТАШТОО УЛАНУУДА


Майлуусуу шаарындагы электр шамдарын чыгаруучу заводдун жумушчулары иш ташташканына бир жумадай убакыт болду. Заводдун бир жарым миңдей жумушчусу ноябрь айынан бери маяна албаганына байланыштуу 26-февралда иш ташташып, 5-мартка чейин ноябрь-декабрь айлары үчүн эмгек акыларын төлөп берүү талабын коюшкан. Ошондон бери заводдун жетекчилиги тарабынан бир канча сүйлөшүүлөр болуп андан эч кандай натыйжа чыккан эмес. Бүгүн Жалалабат облусунун губернатору заводдун жаңы дайындалган жетекчиси менен кошо иш таштаган жумушчулар менен жолукту.

Бүгүн Жалалабат облусунун губернатору Кошбай Масиров заводдун жаңы дайындалган жетекчиси Талгат Ахмедулин менен бирге иш таштаган жумушчулар менен жолугушту. Анда жетекчилик жумушчуларды ишке чыгууга үндөп, 21-мартка чейин декабрь айына чейинки карыздарды жабууга убада берген. Бирок жумушчулар ага көнгөн жок дейт, заводдун профсоюз комитетинин төрайымы Аваскан Арзыкулова:


- Бир чечимге келе албай жатышат. 21-мартка чейин декабрдын карыздарын жойобуз, ага чейин мүмкүнчүлүк жок деп атышат. Биз болсо азыр бербесеңер ишке чыкпайбыз дедик. Жумушчулар эмгек акынын азыр бермейинче ишенбейбиз деп атышат.

Мындай жолугушуу болгонун, учурда эмгек акыларды төлөө боюнча заводдун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын «Азаттыкка» жалалабат облустук бийлигинин маалымат катчысы Орозалы Карасартов да тастыктады.

Жогорку Кеңештин депутаты, Майлусуу шаарынын мурдагы мэри Бумайрам Мамасейитованын айтымында, 1-февралга карата завод эмгек акы үчүн 40 миллион сомдой карыз болду. Ошол эле учурда 90 пайыз экспортко кетип жаткан продукциядан түшкөн киреше каякка кетип жатканы белгисиз:

- Мамлекеттин бир да пайыз үлүшү жок болгондуктан завод кожоюндары эч кимди укпайт. Өз билгенин кылышат, жергиликтүү бюджетке төлөй турган ижара акыларын да төлөшкөн эмес. Ноябрь айынан бери айлык албаган жумушчулар айласыздан иш таштоого барышты. 1-февралга карата эмгек акы үчүн карыз 40 миллион сомго жакындады. Ошол эле учурда 90 пайыз экспортко кеткен продукциядан түшкөн акча каяка кетүүдө. «Бул биздин ички финансылык ишибиз, силер кийлигишкенге акыңар жок», - дешет аны сурасаң. Бул маселе канча жолу көтөрүлдү буга чейин…

Майлуусуудагы электр шамдарын чыгаруучу заводдо үч жарым миңдей жумушчу иштейт. Завод 2002-жылдын этегинде орусиялык инвесторлорго сатылып, азыр ага Орусиянын ВАВС аттуу жоопкерчилиги чектелген уюм ээлик кылат. Жумушчулар эмгек акы убаыгнда төлөнбөй жатканына былтыр да нааразылык билдирип, иш таштоого барышкан. Былтыр жумушучулар завод учурунда туура эмес жана арзан сатылганын белгилешип, ошол кездеги өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин наамына кайрылуу жолдоо менен ишкананын мамлекеттик акцияларын бул уюмдан кайтарып алуу талабын да коюшкан. Бирок андан эч кандай натыйжа чыккан эмес. Бул заводдогу кырдаалды иликтөө боюнча ошол кездеги парламент тарабынан комиссия да түзүлгөн. Аталган парламенттик комиссияны жетектеген депутат Улукбек Ормонов иликтөөдө сатып алган тарап инвестициялык келишимди аткарбаганы айкын болгонун жана ошол учурда заводду кайтарып алууга кыргыз өкмөтүндө толук мүмкүнчүлүк болгонун айтат:

- Комиссия толук изилдеп чыгып, кыргыз өкмөтүнө өз сунушубузду бергенбиз. Ошол учурда эле инвестор Кыргызстанды алдап атканы белгилүү болчу. Заводдун кожоюндары жеке менчик болгондон кийин тапкан кирешени каякка жумшаса өздөрү билет, бирок салыктарды жана эмгек акыларды өз учурунда толук төлөп турушу керек. Экинчиден булар ошол колкоюлган инвестициялык келишимди да аткарышкан эмес. Ошол учурда кыргыз өкмөтүнүн толук мүмкүнчүлүгү бар болчу, келишимди жокко чыгарып, заводду кайра мамлекетке алганга.

Депутаттын пикиринде, азыр деле өкмөт заводду сатуу боюнча келишимди кайра карап чыгып, анын кандай аткарылып жатканын көзөмөлдөсө болот. «Өкмөт эми ошол келишимди жокко чыгаруу маселесин коюш керек же заводко ээлик кылган тарап келишимдеги милдеттерин так аткарыш керек», -деп эсептейт депутат Улукбек Ормонов .
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG