Кыргызстанда Швейцария өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен "Аялдардын саламаттыгы" республикалык бир айлыгы өтө баштады. Жыл сайын мындай бир айлык октябрь айында уюштурулуп, 18 жаштан жогору курактагы аялдар арасында жугуштуу эмес оорулардын жайылуусун алдын алуу аракети көрүлөт, илдеттин алгачкы белгилерин аныктоо үчүн текшерүүдөн өтүүгө шарт түзүлөт.
Адистердин айтымында, Кыргызстанда аялдар арасында гипертония, диабет, эмчектин жана жатын моюнчасынын залал шишиги оорулары көп катталат. Илдетти алдын алуу үчүн ар бир аял жашаган жери боюнча бейтапканага кайрылып, толук текшерилип алса болот.
Былтыркы бир айлык учурунда 760 миңден ашуун аял профилактикалык текшерүүдөн өткөн. Алардын ичинен 45 миңинде кан басымы жогору экени, 10 500дөн ашууну жүрөк-кан тамыр ооруларынын жогорку тобокелдик тобуна кирери, ал эми 5 600 аялда кант диабети коркунучу бар экени аныкталган.
Швейцария өкмөтү каржылаган “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору сапаттуу баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алуу жана сергек жашоону жайылтуу аркылуу Кыргызстан калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугунун деңгээлин жогорулатууга багытталган. (RK)
Шерине