Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:09

Орусияда жардыргыч компоненти жасалуучу заводго дрон менен сокку урулду


Орусиянын Пермь аймагы. Березники шаарындагы ишканадан чыккан химиялык зат. 2020-жыл.
Орусиянын Пермь аймагы. Березники шаарындагы ишканадан чыккан химиялык зат. 2020-жыл.

Орусияда Пермь крайынын Березники шаарында жайгашкан "Азот" химия заводу учкучсуз учактардын чабуулуна кабылганын аймактын башчысы Дмитрий Махонин 3-октябрда кабарлап, бул үчүн Украинаны айыптады.

Губернатордун айтымында, технологиялык цикл бир саамга токтоп, азыр ишкана кадимки тартибинде иштеп жатат.

"Экологиялык абалга коркунуч жок, адамдардын коопсуздугуна да коркунуч келтирген эч нерсе жок", - деген Махонин турак үйлөрдүн бири зыян тартканын, адамдар арасында жоготуу катталбаганын кошумчалады.

Ал эми бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары химиялык заводдун аймагында кеминде эки жолу жарылуу болгонун жергиликүү тургундар айтып бергенин жазышты.

"Азот" заводу жер семирткич өндүрүлүүчү ири ишканалардын бири. Ал жерде жардыргыч заттар үчүн да компоненттер жасалат.

Березники шаары Украинанын чек арасынан дээрлик 1,5 миң чакырым алыс жайгашкан аймак.

Орусиянын Коргоо министрлиги Пермь крайындагы сокку тууралуу расмий маалымат берген жок. Болгону 3-октябрга караган түнү Кара деңиздин акваториясында, Воронеж, Белгород жана Курск облустарында, аннексияланган Крым жарым аралында Украинанын кеминде 20 согуштук дрону атып түшүрүлгөнүн кабарлады.

Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согушун 2022-жылдын февралында баштаган, ошондон бери куралдын көптөгөн түрлөрүнөн күн сайын аткылап келатат. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG