Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:43

КАНАТЫ ЖАРАЛАНСА КУШ УЧАЛБАЙТ


Кыргызстан саясатчылар ассоциациясы өлкөнүн түштүк аймагынын курч социалдык-экономикалык проблемаларын чагылдырган баяндама даярдаган. Анын кечээки бетачарында чекара көйгөйү, өлкөнүн бүтүндүгү, түндүк-түштүк ажырым сындуу кийинки жылдары өзгөчө оожалып кеткен олуттуу проблемалар жайында кеп болду. Толгон-токой социалдык-экономикалык оорчулуктардын төөбастысында калган аймакта диний-жикчил маанай үстөмдүк кылып, абал жылдан-жылга кыйындап баратканы айтылды.

Кыргызстандын түштүгүндөгү кыйын кырдаал соңку кездери эларалык эксперттердин баамынан сырт калбаган темага айланды. Борбор Азиянын болгон проблемалары түгөлү менен топтолгон Фергана өрөөөнү ар качандан бир качан жаамы дүйнө көңүлүн буруп келген аймак катары белгилүү.

Саясат таануучу Нур Омаровдун ырасташынча, оор турмуштун айынан жер которушка мажбур болгондордун саны Кыргызстандын түштүгүндө арбын.

- Кыргыздардын кыйласы республиканын түндүгүнө көчүп, чек арага жакын айылдардагы бош калган үйлөрдү өзбек, тажик тургундары сатып алып киришүүдө.

Н.Омаров Кыргызстандын Тажикстан, Өзбекстан менен чек арасын тактап алуусу татаал ишке айланып баратканына токтолду.

- Биз ар бир күн, ар бир айда өзүбүздүн аймактын ондогон гектир жеринен, ондогон чакырымынан кол жууп калуудабыз. Көчүп кеткендердин 50 – 60% да Кыргызстандын түштүгүндө жашагандар түзөт.

Саясат таануучунун пикиринде, антип өз жеринен башкалаага жакын жерге көчүп келгендердин көбөйүшү да биртоп проблемаларды жаратпай койбойт. Дегинкиси Фергана өрөөнүндө исламчыл күчтөрдүн жардамы менен өзүнчө мамлкет куруу идеясы Совет мезгилинде эле козголуп, эгемендик жылдары жикчилдик бул аймакта күчөп баратканына саясат таануучу Токтогул Какчекеев басым жасады.

- Өз алдынчалыкка жетишкенден кийин ФАНО- (Фергана, Анжиян, Намангaн, Ош – ред.) Кокон ислам жумурияты болуп өзгөрүлдү. Кийин болсо Түркстан ислам халифатына айланды.

Парламент депутаты Темир Сариев чек ара жанындагы кыштактардан жергиликтүү калктын баары кыйгас көчүп кете элегинде аларга өзгөчө статус берген мыйзам кабыл алуу керек деп билдирди.

- Мен дагы ойлонуп жатам, мамлекет өзүнө кошумча милдеттерди алышы керек. Чек аранын жанында жашагандарга ал жерде турганы үчүн эле акча төлөшүбүз абзел. Адамдарды ал жерде калтыруунун экономикалык ыкмасын табуу зарыл. Бул чек араны чыңдоонун чоң тосмосу болмокчу. Экинчиден, чек ара жанында жашагандардын ар бирине 500 сомдон акча бериш туура болот. Бир үйдө беш-алты киши болсо ай сайын 3 – 4 миң сомдон чек арада жашагандыгы үчүн эле алып турат,- дейт Т.Сариев.

Белгилүү коомдук-саясий ишмер Ишенбай Абдуразаковдун ырасташынча, мурдагы-азыркы бийлик өлкөнүн коопсуздугу, келечегине байланышкан бул маселеге анчалык маани бербей келатат.

- Бизде мамлекеттүүлүктүн болушу же болбошу мына ушул маселеге байланышкан. Ошондон бүгүн көп маселелер козголду. Алардын айрымдары эларалык, мамлекеттер ортосунда чечилчү проблемалар. Аларды өзүнүн жөнү менен чечиш зарыл. Менин оюмча, өз калкын түндүк-түштүккө бөлүүдөн өткөн карөзгөйлүк жок.

Саясатчылар отурумунда козголгон маселе –Кыргызстандын эртеңки тагдыры, республиканын түштүгү жоголуп кетеби кабатыр суроосу тууралуу пикирин сурап парламенттин мурдагы жетекчиси Абдыганы Эркебаевди кепке тарттык.

- Бул докладда кичине бир жактуулук байкалып турат. Абалды бардык жагынан калыс, объективдүү, түгөл иликтегендин ордуна булар көбүнесе саясий өң берип коюп жатышат. Кайра эле баягы регион, түндүк-түштүк мамилеси, анан ошол жактан көп келип жатышат, бул жактан ага чек коюу керек дешүүдө,- деп айтты академик Абдыганы Эркебаев.

Экономикалык оорчулукка кептелген Кыргызстан калкынын кыйласы ушу тапта жер которушка мажбур. Жыйында айтылгандай, миллионго чукул мекендештерибиз чет жерде, калгандары айылдан башкалаага ооп, жабыла көчүп келишүүдө. Элетте азыр көбүнесе карылар менен балдар эле калды.

XS
SM
MD
LG