Шанхай кызматташтык уюмунун 16-августта өтчү Бишкек саммитине уюмга мүчө алты өлкөнүн президенттеринен сырткары бул уюмга байкоочу макамы бар төрт өлкөдөн Иран менен Монголиянын президенттери, Индия менен Пакистандын болсо тышкы иштер министрлери катышат. Ошондой эле ардактуу конок катары чакырылган Ооганстан менен Түркмөнстандын президенттери жана Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысынын орун басары жана катышмакчы. Саммиттин күн тартиби жана анда кол коюлчу документтер тууралуу Кыргызстандын бул уюм боюнча улуттук координатору Төлөндү Макеев буларды белгиледи:
- Саммиттин күн тартибинде төрт блоктогу маселе бар. Алардын арасында былыртан азырга чейин, бул уюмга Кыргызстандын төрагалыгы учурунда кандай ШКУнун алкагында кандай иштер болгону, регионалдык абал боюнча маселелер каралат. Кол коюлчу эң негизги документ узак мөөнөттү достук жана кызматташуу боюнча келишим болмокчу. Мындан сырткары Бишкек декларациясына жана бирдиктүү коммюникеге жана башка документтерге да кол коюлат.
Соңку кездерде талдоочулар бул уюмдун дүйнөлүк алкакта таасирлүү күчкө айланып баратканын белгилеп келүүдө. Уюм коопсуздук жана соода-экономикалык багыттагы кызматташтыкка артыкчылык берип келгени белгилүү. Саясат таанучу Токтогул Какчекеев уюм террорчулукка каршы күрөшүү программасына ылайык аскерий саясатты да ишке ашырарын айтып, Бишкек саммиттинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн уставдык милдетин так аткаруу боюнча сунуштар киргизилиши жана бул багытта талкуу болушу мүмкүндүгүн божомолдойт:
- Жабык отурумдарда оңой-олтоң эмес маселелер козголушу мүмкүн. Анын арасында ШКУ мүчөлөрү өзүнүн уставдык милдетин так аткаруу боюнча сунуштар киргизилип, талкуу болушу тууралуу ой болуп атат. Анткени, ШКУ мүчөлөрү тышкы саясат боюнча кандайдыр бир орчундуу ички саясат болгондо устав менен кеңешип иш жүргүзүшү керек болот.
Буга чейин ШКУга жаңы мүчөлөрдүн кабыл алынышы ыктымалдыгы да айытлган эле. Кыргызстандын бул уюм боюнча улуттук координатору Төлөндү Макеев Бишкек саммитинде ал маселе козголгону менен жаңы мүчөлөр кабыл алынбастыгын, анткени жаңы мүчөлөрдү кабыл алуунун жол жобосу азырынча иштелип бүтө электигин белгилейт:
- Эми бул уюмга алты эле жыл болбодубу. Азырынча андай жобо кабыл алына элек. Ошол жобо кабыл алынгандан кийин гана бул маселени караганга мүмкүндүк болот. Азыр эксперттер ошол жобонун үстүндө иштөөдө.
Төлөндү Макеев 11-13-июлда Бишкекте бул уюмга мүчө өлкөлөрдүн улуттук координаторлорун жыйыны өтөөрүн, анда саммитке байланышкан маселелер дагы бир жолу такталып-аныкталаарын кошумчалады. Шанхай кызматташтык уюмуна Орусия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө.