Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:38

РЕФЕРЕНДУМ РУМЫН ПРЕЗИДЕНТИН САКТАП КАЛДЫ


Румынияда парламенттин президентти кызматтан четтетүү аракети ишке ашкан жок. Расмий маалыматтарга караганда, кечээги референдумада добуш бергендердин 75%га жакыны президент Траян Басеску бийликте калышын колдоду. Референдумдун баштапкы тыянагы белгилүү болгон соң румын президенти сот тармагын реформалоо, коррупцияга каршы күрөш жана мурдагы коммунисттик режимдин жогорку даражалуу өкүлдөрүнө карата люстрация жөнүндөгү мыйзамды өткөрүү аракеттерин улантарын билдирди.

Румын парламенти президент Траян Басескуну Конституцияны бузганы үчүн айыптап, быйыл 20-апрелде анын президенттик ыйгарым укуктарын көпчүлүк добуш менен убактысынча токтоткон эле. Бирок, Конституциялык сот президентке коюлган айыптарды негизсиз деп тапкан. Траян Басеску өзү оппоненттери ага каршы импичмент жараянын баштоосун анын коррупцияга каршы күрөшүн токтотуу аракети катары баалаган. Коомдук пикирди сурамжылоонун добуш берүүгө чейинки эле жыйынтыктары референдум маселени кадыр-баркы эл арасында азыр да бийик президент Басескунун пайдасына чечээрин көргөзгөн болчу. Рефрендумга добуш берүүгө укуктуу 18 миллион калктын 44% гана келди. Шайлоо бекеттеринде жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында эле алардын 75-78% президенттин кызматта калышын жактаганы анык болду. Президент Траян Басескунун пикиринде, референдумдун жыйынтыгы Румыния чалкеш жоболору жоюлган жаңы Конституцияга муктаж экенин көргөздү. Ал добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы белгилүү болгон соң, буларга токтолду:

- Конституция саясатчылар эмес, элге кызмат кылгандай кылууга убакыт жетти. Референдум румындар люстрация жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышын жактарын көргөздү. Добуш бергендердин 75%ы менин сунуштарымды, 25%ы гана менин отставкамды каалаган парламентарийлердин сунушун колдоду.

Траян Басеску узак убакыттан бери мурдагы саясий өнөктөшү, азыркы премьер-министри Кэлин Попеску-Тэричану менен бийлик талашып келген эле. Президент премьер- министрди коррупционер саясатчыларды, базар экономикасына өтүү учурунда байып алган жаңы элитаны калкалаганы үчүн айыптаган эле. Ал эми премьер- министр баш болгон оппозиция тескерисичне президентти тоталитаризмге ык алган, бийликти гана эңсеген автократ ирээтинде мүнөздөгөн. Референдумдун баштапкы тыянагынан соң премьер-министри Кэлин Попеску-Тэричану төмөнкүлөрдү айтты:

- Мен бул референдумдун жыйынтыгы румыниялыктар Траян Басескуга экинчи мүмкүнчүлүк бергенин көргөздү деп эсептейм. Мен шайлоочулардын чечимин сыйлайм жана Румыниянын пайдасы үчүн президент менен кызматташам.

Президентке каршы импичмент жараянын баштоодо премьер- министр Тэричанунун бийликтеги Либералдык партиясы менен катарында коммунисттер да бар, оппозициядагы Социал-демократиялык партия өнөктөш болгон эле. Бул партиянын лидери Мирча Жуана референдумга эл аз катышканын белгилөө менен анын жыйынтыгын президент үчүн жерпайы жок жеңиш катары мүнөздөдү:

- Добуш бергендердин аздыгы Траян Басеску элдин колдоосуна ээмин деп ырастоосуна укук бербейт. Ушундан улам Траян Басескунун жеңиши- жерпайы жок жеңиш.

Анткен менен президент Басеску импичмент боюнча референдумдун аракасында реформаларды улантууга элден колдоо алганын билдирүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG