Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:20

ЫҢГАЙСЫЗ СУРООЛОР: АСКАР АКАЕВДИН ОРДУ, КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЧЭЭКИСИ, БҮГҮНҮ ЖАНА ЭРТЕҢИ


«Азаттык» үналгысынын «Ыңгайсыз суроолор» теле долбоорунун кезектеги чыгарылышынын меймандары мурдагы президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева менен укук коргоочу, саясатчы жана коомдук ишмер Эдил Байсалов болду. Суроолор экс-президент Аскар Акаевдин 15 жылдык башкаруусу, анын ушул мезгилдеги орду, 24-март окуясы жана андан кийинки окуялар, Кеминдеги шайлоо тууралуу болду. Берүүнү Кубат Оторбаев алып барды.

КУБАТ ОТОРБАЕВ: - Бермет айым, сизге алгачкы суроом мындай, мына 2005-жылдын 24-мартынан бери эки жылдан ашуун убакыт өттү. Сиз жакында Кеминдеги шайлоого өзүңүздүн талапкерлигиңизди койдуңуз. Айрым саясатчылар, эксперттер айтып атышат, Бермет Акаеванын өзүнүн укугу болсо дагы мыйзамдык жагынан алганда, бирок президенттин үй-бүлөсүнүн мүчөсү катары моралдык, ыймандык жактан алганда ушул шайлоого катышпай эле койсо жакшы болмок деп. Сиз эмне максатты көздөп ушул депутаттыкка талапкерлигиңизди койдуңуз?

БЕРМЕТ АКАЕВА: - Биринчиден, менин чыккан себебим эл сурады. 2 миңден ашык добуш чогултуп, Кемин районунун аялдары баш болуп аксакалдары мага чыгышты, биздин округубуз эки жылдан бери депутатсыз болуп атат, биз жетимдей эле калып калдык, бизди эч ким карабай калды, сен келсең биздин кыз болосуң, кел деп эл чакырды. Эл өзгөчө чоң ишеним, колдоо көрсөткөндөн кийин жок деп айтканга мүмкүнчүлүк да, укук да жок болчу. Себеби элдин суроосу, үмүтү чоң болуп аткандан кийин ар бир кишинин өз элине, жерине, ата-энесине парзы бар. Ал парзды да бериш керек. Ошон үчүн элиме, жериме жардам берейин деп, кичине көз салайын деп шайлоого чыктым.

К.О. - Айтып атышат, кийин да бул сөздү саясатчылар көп айтышчу болду, мурдагы президент Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүнүн соңку жылдары анын үй-бүлөсү мамлекетти башкарууга көбүрөк аралашкан деп. Мисал катары сиз менен Айдар Акаевдин депутат болуп келишин мисал катары келтиришет. Ушул жагынан алганда сиз бул пикирге кандай карайсыз?

Б.А. - Мен билбейм бул сөз кайдан чыгып атат. Мүмкүн бизге жакын тургандардан чыгып атты бекен, мен ушундай уктум. Бирок кээ бир кишилер, өзгөчө өкмөттө иштеген кишилер, менин атамдын жанында жүргөн кишилер өзүнүн күнөөсүн чечебиз деп кандайдыр бир иштер аткарылбаса, же алардын жакындарына, туугандарына, тааныштарына берген убадалар аткарылбаса, мына болбой калды, себеби бул жактан Майрам Дүйшеевна, же Бермет, же Айдар, же атамдын тегерегинде жүргөн кишилер кирип болбой калды деп ойлоп атам. Себеби биз үй-бүлөбүз менен эч ким менен анча деле катышпай жүргөнбүз. Өзүбүзчө бир жумада бир жолу чогулсак жакшы болгон, себеби апам да, атам да көп иштеп жүрүшкөн. Көп деле отуруп пландарды түзүп, мамлекетти, же өкмөттү эртең, же бул жумада эмне кылалы деген сөздөр болгон жок. Кадимкидей үй-бүлө. Демалыш күнү чогулабыз, бир эки саат отурабыз, тамак ичип, бири-биризге өзүбүздө болгон маалыматты айтып. Ал сөз чиновниктерден эле чыккан сөз.

К.О. - Эдиль мырза, ушул маселе боюнча сиз кандай ойдосуз. Бермет айымдын шайлоого катышышы, сот тарабынан чететтилиши боюнча маселелерге сиздин пикириңиз кандай?

ЭДИЛ БАЙСАЛОВ: - Муну ар кандай көз караштан карап көрсөк болот. Укук жактан, моралдык жактан карасак болот. Бирок мен 1999-жылдан бери жеке өзүм элдин бардыгы жакшы билет, шайлоолор мурда кандай өткөрүлчү эле, азыр кандай өткөрүлүп атат. Тагдыр ушундай экен Бермет сиз дагы аны көрүп калдыңыз, өзүңүз мурун сот чечими мындай болуп калганда, бирөөнү соттоп ийип, же бирөөнү сот аркылуу соттон четтетилгенде бардыгыбыз, өзгөчө сиз, сот бийлиги ушундай болуп атат, сотко баш ийиш керек, бул мыйзам болуп атат, менин атакемдин эч кандай тиешеси жок, бул өзүнчө бир бийликтин бутагы дечүсүз. Мына тагдыр, жашоо, эреже, мыйзамдар ушандай экен сиздин да башыңыздан өтүп атат. Сиздин башыңызга түшкөн окуяларга менин оюмча эл, Бермет кыйынчылыкта жаман болуп атыптыр деп сүйүнгөн жери жок. Бирок бир жагынан акыйкаттыктын дагы бир өзүңүз жаш болгондон кийин жаштар өз көзү менен көргөндө, балким сиз дагы башкача көз карашта болосуз. Өзгөчө мурунку президенттин бийлиги, ар кандай эле баалар берилип атат, сиз ал кишинин өз кызы болосуз, биз канча айтсак деле ишенбейсиз. Бирок ушул жактан мен сизге бир сөз айтып коёюн, азыркы болуп аткан бийликтин туура эмес жактарынын бардыгы, көбүнчөсү, бийликте отургандар сизди канча сааттап сураган, сизди туура эмес соттоп аткандын барыдыгы мурунку президенттин бизге таштап кеткен мамлекети болуп атат. Ушунун бардыгын биз айтсак сиз таарынасыз.

К.О. - Сиз кандай ойдосуз соттун чечимине, сот туура чечим кабыл алдыбы? Сот системасынын азыркы ишине кандай баа бересиз?

Б. А. - Биринчи Эдилге айткым келет, эч кандай таарыныч жок. Мен үчүн бул чоң сабак болуп атат. Мен капа болуп, же кашымды бүркөп жүрбөйм. Тескерисинче жакшы сабак болуп атат. Системаны сырттан дагы, ички жагынан дагы жакшы билип атам, мага күч берип атат бул системаны кичине оңдогонго. Бул деле жаман эмес.

К.О. - Сиз үчүн көп нерселер ачылыш болуп атабы, же жокпу. Мисалы укук коргоо органдарынын, сот системасынын иштешине?

Б.А. - Мурда деле билип жүргөм. Атам деле билип жүргөн. Көбүнчө укук коргоо органдарынын сурактары, система дагы бул советтик мезгилинен келген нерселер. Бирок ичинен дагы билген абдан жакшы. Себеби бул системаны оңдош керек, ордуна келтириш керек. Бул деле жаман эмес менин оюмча. Мен жашмын. Бул өмүрдө жакшылыкты да, жамандыкты да көрүш керек.

К.О. - Бермет айым, эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы жанагы чечимде турса, шайлоо болгон жок деп жокко чыгарбадыбы? Эгер кайра жаңы шайлоо жарыяланса сиз кайра аттанасызбы, же жокпу?

Б.А. - Кудай буюрса элим, шайлоочуларым колдосо дагы чыгам. Биз азыр адвокаттар менен Конституциялык сотко бердик арызыбызды. Жогорку сотко дагы беребиз. Себеби Жогорку соттун чечими дагы, райондук соттун чечими дагы биринчиден мыйзамсыз болуп калды, экинчиден алар фалсификацияга, фальшивый кагазга, документке таянып ушул чечимди чыгарышты. Биз ошондуктан кайрадан сотко бердик.

К.О. - Кыргызстандын ушундай оор акыбалга келишине, мисалы Кыргызстандагы коррупциянын өсүшү өтө чоң таасирин тийгизген деген пикирлер көп айтылып келатат. Анын ичинде мурдагы президенттин үй-бүлөлүк бизнеси деген жалпы элге жакшы маалым. Ал мурдагы вице-президент Данияр Үсөнов башында турган комиссия иштеген. Анан айтышат Адиль Тойгонбаев Кыргызстандагы эң бай адамдардын бири болгон деп. Атап айтканда, мисалы байланыш тармагын, авиа топливаны алабызбы, же спирт ичмдиктер тармагы, же маалымат айдыңын алабызбы, ушул жердеги бардык эң майлуу орундардын бардыгында үлүштөрү бар болчу деген пикирлер бар. Бул жагынан кандай пикир айта аласыз?

Б.А. - Өзүңөр билесиңер, эки жыл өттү, комиссия да, бүт укук коргоо органдары, прокуратура да, эсеп палата да, милиция да катуу иштеди. Бирок эки жыл өттү эч нерсе жок. Кана ошол байлыгын көрсөтпөйбү, тапкан кемчиликтерди көрсөтпөйбү. Эч нерсеси жок. Данияр Үсөнов Кыргызстанда гана эмес, эл аралык текшерүүлөр болду, Америка да, башка өлкөлөр да текшерди.

К.О. - Табыш кыйын экен дегендей пикирди айтышат. Бир мисал катары Кыргыз энерго банктагы мурдагы президенттин, үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү Адиль Тойгонбаев, Айдар Акаевди айтышат, акциялары болгон, аны Казакстандык АТФ банкка жакында бир жыл бир жарым жыл мурда сатышты деп. Бардыгы башка кишилерге катталган деген маалыматтар бар?

Б.А. - Таппайбы ошол кишилерди. Үсөновдун комиссиясы канча деген 200дөй предприятие бизнестери түштү, анын ичинде мамлекеттик коомдор болду дагы, эл аралык, чет өлкөлүк компаниялар болду. Билбейм 2 жыл өттү мен эч нерсе көрө элекмин.

К.О. - Эдил мырза ушул маселе боюнча кыскача айтсаңыз, өзүңүз уктуңуз эч кандай эч нерсе табышкан жок дегенди. Бир чети чын эле азыркы бийликтин тушунда, мисалы Бекназаров башкы прокурордон кеткенден кийин ал иштердин бары токтоп калды?

Б.А. - Абдан аракет кылып атышат дагы эле, эч нерсе тапкан жок.

К.О. – Азыр да аракет кылып атат деп ойлойсузбу?

Б.А. – Азыр деле кылып атат, жаңы министр келеби, жаңы прокурор келеби, кайрадан эле текшерүүлөр башталып атат, “Мээрим” фонду боюнча дагы, китепкана боюнча дагы бардык адамдарды кыйнап атышат. Ар бир өкмөт келгенден кийин жаңыдан текшерүүлөрдү баштап атышат.

Э.Б. – Азыр мындай болуп калды, Бермет сиз айтып атасыз, менин эч кандай тиешем жок, өзүм деле ушундай жөнөкөй адам болчумун, күйөөм деле, атакем деле, барыбыз эле деп. Бирок барыбызга белгилүү да, 24-мартка чейин, өзгөчө 2-3 ай калганда губернаторлор, министрлер, өкмөт мүчөлөрү бардыгы сиздин кабинетиңизден, сиздин кабылдаманыздан чыкпай калган сиз “Алга Кыргызстанды” жетектеп турганда. Бул саясий жагы болсун. Эч кандай тиешем жок деп атпайсызбы. Экономика жагынан, азыр Кумтөрдү айтып атабыз, улутташтыруу боюнча. Кумтөр байлыгыбыз, алтын кенибиз канча деген тонна алтын табылып атат, ошондон Кыргызстан бир дагы пайда көргөн жокпуз да, сиз да ага макулсуз. Ошого ким күнөөлү, жанагыдай кабальный договорлор түзүлгөнүнө? Андан кийин 90-жылдардын башын айтпасак, жакында эле “Центерага” айланып, канча деген заводдор, канча деген башка биздин байлыктарыбыз иштетилбей калган. Ошонун туура эмес болгонун моюнга аласызбы?

Б.А. – Биринчиден, менин кабылдамама эч кандай министрлер, же башка өкмөттүн кишилери келген жок. Ооба, кээ бирки өкмөттө иштеген кишилер “Алга Кыргызстан” партиясында болчу. Бирок биз алардын позициясын пайдаланган жокбуз. Эгерде силерде Эдиль ушундай доказательство болсо качан ким келди эле, эмне алып келген, эмне себеп менен келген. Мага эч ким келген жок. Партиянын мүчөлөрү эле келди. Министрлердин ичинде 1-2 эле министр болчу. Экинчиден, эгерде биз заводдорду, башка предприятиелерди айтсак. Биринчиден, алардын иштебегенине Советтер Союзу жоюлгандан кийин көп предприятие туруп калды. Кыргызстанда эле эмес бардык республикаларда туруп калды. Себеби бул бүт өнөр-жай бир системада болуп, сырьену бир жактан алып келишчү.

Э.Б. – Эмне үчүн Россия, Украина, Казакстанда ошол заводдордун бардыгы иштеп, биздин ртутный, сурменной, горнорудный комбинаттар токтоп калды. Текстильный, хлопковый заводдорду айтпай эле коёюн.

Б.А. – Биринчиден, Эдил силер кайдан билесиңер Россияда бары иштедиби, же иштеген жокбу. Россияда деле, Казакстанда деле бардык жерлерде ушундай болуп калды. Анан экономикалык коньектура бар. Мисалы, 90-жылдары экономикалык коньектура алтын боюнча абдан жаман болчу. Себеби баалары акыркы 4-5-жылда өсө баштады.

К.О. - Өскөн учурда “Центера” эмне чүн жанагыдай жол менен сатылып кетти Кыргызстандын колуна тиер учурда?

Б.А. – Кубат, мен өкмөттүн мүчөсү болгон жокмун, өкмөттө иштеген жокмун. Мен аны билбейм. Бирок жакшылап карап көрсөк, “Центера” деле биз үчүн мүмкүн жаман болгон жок. Себеби рынокко чыккан компания болуп калды. Азыр мисалы өкмөттө “Центерадан” келген резервный фонд деген бар кандайдыр бир кырдаал, же кыйынчылыктар болуп калган учурга.

К.О. – Бизде дагы бир маселе, бул Гансиге келген күйүүчү майлар боюнча да айтып жүрүшөт. Ошол жерде дагы “Манас интренешнл” деген уюмга күч менен киришкен деген да пикирлер бар. Мурда Азимбек Бекназаровдун тушунда ошол боюнча кылмыш иши козголгон болчу. Бул маселе боюнча эмне айта аласыз?

Б.А. – Ким кирди эле?

К.О. – Мурдагы президент Аскар Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрү Адиль Тойгонбаев, Айдар Акаев дейт?

Б.А. – Мен аны билбейм. Мен билгенден азыр бул иш прокуратурада жатат. Эч кандай нерсеси жок. Мен билгенден “Манас интернешнелде” иштеп аткан кишилерди кысып Айдардын мойнуна жазгыла, же башка кишинин мойнуна илгиле деген. Ушундай сөз болгон эки жыл мурда. Бирок мен билгенден ал кишилердин эч притензиялары жок. Бул жөн эле бир жерден бир нерсе чыгарабыз деген иш болуп атат.

К.О. – 2005-жылдын 24-мартындагы окуяга кандай баа бересиз. Бул эмне болду. Анан андан берки кырдаалга кандай баа бересиз?

Б.А. – Классикалык революциянын определениеси боюнча бул төңкөрүш болду. Эч кандай революция болгон жок.

К.О. – Сиз кандай ойлойсуз, менин колумда Бермет айымдын китеби турат, бул жерде айтылган: бул жерде төңкөрүш болду. Ушуга чет өлкөдөн көп салым кошулду, анын бири сиз ошол убакта жетектеген коалицияны айтышат?

Э.Б. – Бермет сиздин китебиңизди жакшы, абдан дыкаттык менен карандашты алып алып окуп көрдүм. Болгону болду, ар кандай нерселер болду. Бирок мен жеке сиздин атыңыздан кандайдыр бир өзүңүздүн мойнуңузга жоопкерчиликти такыр алган жоксуз. Вашингтон, бандиттер, эл, наркомандар күнөөлү экен, жалгыз эле сиз жана атакеңиз такыр тиешеңиз жок. Ушундай абал болуп калган. Эч кандай жоопкерчиликти өзүңүздүн мойнуңузга алган жоксуз. Сиз бүгүн айта аласызбы, сиздин өзүңүздүн кандайдыр бир катышыңыз барбы, кырдаалдын ошого жетишип калганына. 23-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында сиз ошол жерде турбадыңыз беле, эч кандай сүйлөшүүлөр болбойт деп. Балким сүйлөшүүлөргө барганда ошондой төңкөрүш болбой калмактыр.

Б.А. – Жок андай болгон жок Эдил. Бириничден мен айттым, оппозиция ошол убакта биримдикте болгон жок. Себеби 3-4 оппозиция болду. Ошто бир оппозиция турат, Жалалабаттын обладминистрациясында башкалар болчу. Бул жакта башкар жүрдү. Мен Жогорку Кеңештин биринчи сессиясында чыкканда айттым, биринчи оппозиция чогуу отуруп, өздөрүнүн ичинен чечсинчи кими кимге жооп берет, переговорго чыгыш керек деп.

К.О. – Темир Сариев Аскар Акаев артында отурганда чыгып айтты, сиз сүйлөшүүгө барыңыз, мен Курманбек Бакиев менен сүйлөшүп келдим деп. Биз билебиз “Хаятта” да бир топ чогулушкан. Ошол жерден да телефон аркылуу чыгып, сизди каршы болгон деп айтышат да?

Б.А. – Мен ачык чыктым. Мен кухняда, же үйдө отуруп атамдын кулагына шыбыраган жокмун. Мен ачык чыгып айттым, биринчиден сүйлөшүүлөр болгон. Танаев эки жолу Ошко барып келген, Жумалиев дагы, башкалар дагы оппозиция менен сүйлөшүп аткан. Бирок оппозиция өзүнүн ичинен биримдикке келбей турса, бийлик эмне кылат эле. Менин суранычым ошол эле болчу, оппозиция чогуу отуруп биринчи өздөрү чечсин, ким официалдуу переговорго чыгат, ким кимдин атынан сүйлөш керек деп. Ошол эле суранычым. Таптакыр эле переговор болбош керек деп айткан жокмун.

Э.Б. – Азыр билбейм, эч кандай жыйынтык жок, эч кандай нерсе болгон жок деп. Азыр болгону болду, революция дейбизби, төңкөрүш дейбизби. Азыр туура эмес болуп атат. Мен айтат элем мунун бардыгы мурунку бийликтин жыйынтыгы деп. Келечекке баратканда биз кээ бир туура эмес жактарын сиз деле моюнга алсаңыз, менимче эл туура түшүнөт.

К.О. – Апрель айындагы митингдердин убагында бир топ талаптар коюлду. Бирок сиз ал учурда көрүнгөн жоксуз. Эмне себептен, же сиз колдогон жоксузбу?

Э.Б. – Мен көрүнүп эле, колдогон жокмун. Мен мурунтан февраль, март айында деле аларга айтып келгем, мен кошула албай, жанагыдай ультимативдуу, күчкө салып, эч кандай талап койбой эле догурунган митингдерге мен кошула албайм деп мурунтан эле айткам ачыктан ачык.

К.О. – Конституциялык реформа болуш керекпи, жокпу?

Э.Б. – Албетте болуш керек. Май айынын ичинде Конституциялык сот кортунду чыгарып бериши керек. Июнь айында парламенттик каникулга чейин Жогорку Кеңеш Конституциялык өзгөртүүлөрдү кабыл алыш керек.

К.О. – Сиздин оюңуз кандай акыркы оппозициянын коюп аткан талаптары боюнча? Конституциялык реформа болсун дейт, Ф.Кулов айтты, чукул президенттик шайлоо өтүшү керек деп?

Б.А. – Биринчиден, жакшы отуруп Конституциянын өзгөргөнү бул механикалык иш. Жакшы юрист отурса жарым күндө эле Конституцияны өзгөртсө болот. Бирок терең ойлонуш керек, бизге кандай система жакшырак, ыңгайлуу болот. Президенттик система таптакыр иштебесе дагы, парламенттик системага өтөлү дегенди мен колдобойм, терең ойлонуш керек. Башка өлкөлөрдүн дагы опытын жакшылап изилдеп окуш керек. Конституцияны, полномочиелерди бир жактан бир жака салбай эле жакшылап терең ойлобойбу. Мүмкүн региондорго, облустарга көбүрөк күч, бийлик бериш керек. Аны да ойлошубуз керек. Конституцияны өзгөртпөй, жакшылап изилдешибиз керек, кайсы система бизге жакшы болот. Азыр ачык эле эл бөлүндү. Аны теледен да, бардык жерлерден угуп атабыз.

Э.Б. – Эл бөлүнгөн жок, саясатчылар элди бөлүп атат.

Б.А. – Саясатчылар бөлүп атат. Тилекке каршы ушундай болуп калды. Эми терең ойлошубуз керек. Бул жака көбүрөк түштүктөн министрлер келип отурушат. Өкмөттө бул жактан көбүрөк кишилер бар. Жакшылап ойлонушубуз керек. Себеби мен матиматик катары түшүнбөйм, кантип эле Конституцияны бир жактан бир жака өзгөртүп жүрүшөт. Биринчиден задача бар болсо аны чечиш керек да, туурабы. Жөн эле ответти койбой эле, подответ, подгонканы жасап. Биринчиден жакшылап мүмкүн бир реформа эмес 5 жылдык болобу, же 10 жылдык реформа болобу жакшылап өтүшүбүз керек. Эгерде парламенттик системага өтсөк, эртең мындан дагы көп проблемаларыбыз болот.

К.О. – Эмне себептен партиялык система Аскар Акаевдин тушунда киргизилген эмес?

Б.А. – Биринчиден, партиялык система, азыр бул секрет эмес, регионалдык маселелер бар болуп атат. Азыр биз көп угуп атабыз, кээ бир кишилер абдан нааразы болуп атат, эмне үчүн бул тараптан көбүрөк начальниктер келип атат деп. Анан партиялык система боюнча регионалдык дисбаланс болуп калышы мүмкүн. Аны абдан жакшы ойлонушубуз керек. Биринчи партиялык системага өткөнгө чейин жакшы ойлонушубуз керек. Эгер эртең чоң регионалдык дисбаланс болуп калабы, кыргыздар ошондой бөлүнүп атабыз, эмне кылабыз эми.

К.О. – Сиз кандай ойдосуз?

Э.Б. – Мурунку президентибиз моюнга ала албай атат. Биз жаңы мамлекет болгондон кийин албетте биринчи президентибизде чоң тарыхый милдет болчу, бизди бир эл кылуу. Өзүңүздөр билесиздер самоидентификация, улуттук мамлекет куруш керек болчу. Азыр тарых баа берип атат, биринчи президентибиз тилекке каршы бизди бир эл катары таштап кете алган жок. Азыр көрүнүп аткан терс жактардын бардыгын мурунку президентибиз балким атайынбы, балким билбей турупбу, азыркы проблемаларыбыздын көбүнчөсү, муну тана албайсыз, биринчи президентибиздин жоопкерчиликсиздиги.

К.О. – Ушул учурда бир нерсе айтып коюшум керек. Мыктыбек Абдылдаев жакында кызматтан кетип атып “24 kg”ге интервью берип айтыптыр, акыркы 2 жыл өттү. 2 жылдын ичиндеги бардык кемчиликтер мурдагы президенттин мойнуна эле жүктөй бербеш керек деп.

Э.Б. – Жүктөй бербеш керек. Аскар Акаевди бардыгыбыз эле сыйлайбыз. Азыр кандай сыйласак он жыл мурун 100 эсе көбүрөк сыйлачубуз. Бул бааны мен эмес, муну объективдүү тарых, азыркы кырдаал берип атат. Ошол киши бизди жакшы эл катары бириктире алган жок.

Б.А. – Биринчиден, 15 жылда бир киши элди эл кыла албайт. Себеби биз абдан байыркы эл болуп атабыз. 2000-жылдан ашык кыргыздар бул дүйнөдө жүрүшөт. Бул 2000-жылдыкты 15 жылда эч ким оңдобойт. Бир киши элди эл кыла албайт. Бирок менин атамдын убагында, атам биринчи президент катары жөн эле Кыргызстандын уулу катары эч качан өзүнөн жоопкерчилигин алып салган жок. Дайыма өз мойнуна жоопкерчиликти, күнөөлөрүн дагы, кемчиликтерин дагы өзү дайыма айтып жүргөн. Азыр деле айтып жүрөт. Мисалы партиялык система боюнча, азыр айтып атат, ошол убакта биз туура эмес ишти кылыптырбыз деп. Партиялык системаны калтырыш керек эле деп. Менин көз карашым буга башкача. Мен атамдын жанында жүргөм, жакшы билип жүрөм, кандай кыйынчылыктардан өттүк биз. Кандай убакта келди. Менин атам согуш убакта келди. Дагы жакшы кыргыздарды кичине бириктирип, Кыргызстанды сактап калды. Мен барын билем, өкмөттө жүргөндөрдү, өкмөттүн сыртындагы кишилерди билем. Мен билгендей геополитикалык, экономикалык абалды. Менин атам болбосо Кыргызстаныбыз эмне болот эле билбейм. Мен кызы катары сүйлөп атам, менин ишенимим абдан терең. Менин атамдай ишти башка киши жасай албайт эле. Ошол убакта андай кишилер жок болчу, азыр деле жок болуп атат тилекке каршы.

- Сиздерге ырахмат!

XS
SM
MD
LG