Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Маданият министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду


Башкы прокуратура Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жооптуу кызмат адамдарына кылмыш иши козголгонун кабарлады.

Мекеменин маалыматында Бишкек шаарынын прокуратурасы президенттин фондунан министрликке бөлүнгөн 300 млн сомдун сарпталышынын мыйзамдуулугун текшергени айтылат.

Анын жыйынтыгында, министрлик 7,6 млн сомду максатсыз жумшаганы, Дене тарбия жана спорт департаменти көзөмөлдөбөй 6,2 млн сомдук спорт шаймандары кымбат баада сатып алынганы аныкталган. Андан тышкары министрликке караштуу “Кыргыз маданият сервис” мамлекеттик ишканасы фонддун эсебинен сатып алган 13,2 млн сомдук материалдык баалуулуктар жана техникалык жабдуулар негизсиз жок кылынып, жыйынтыгында мамлекетке жалпы 27 млн 127 миң 820 сом зыян келтирилгени такталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча комментарий бере элек. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG