Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:05

АСКАР АКАЕВ : ОППОЗИЦИЯ КРИМИНАЛГА, НАРКОМАФИЯГА ТАЯНЫП ТӨҢКӨРҮШ УЮШТУРДУ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев «Азаттык» радиосу менен байланышка чыгып, өлкөдө 2005-жылы 24-марттагы бийлик алмашканга чейинки жана андан кийинки окуялар жөнүндө суроолорго жооп берди.

- Аскар Акаевич саламатсызбы?

- Саламатчылык карындашым.

- Аскар Акаевич, Москвада жашап атканыңызга бир жылдай толду. Азыр ата-журтту сагынып атасызбы?

- Сөзсүз, ата-журтун сагынбаган адам болбош керек деп ойлойм. Бүгүнкү сагыныч өзгөчө деп айтсам болот.

- Сизге бериле турган суроолор абдан көп, барын үлгүрүш үчүн бир аз кыскараак жооп берүүңүздү өтүнөт элем. Москвада жашаган бир жыл убакыт ичинде эмне иштерди бүтүрдүңүз. Саясий чөйрөнү сагындыңызбы, же илимий чөйрөдө эле жүргөнүңүз сиз үчүн ыңгайлуу бекен?

- Биринчиден, өткөн жыл мен үчүн оңой-олтоң болгон жок. Негизи март окуяларынан кийинки өлкөбүздүн жана калкыбыздын башына түшкөн кыйынчылыктар, сыноолор мени ар дайым тынчсыздандырып келди, кейитти. Мен да колуман келишинче, өлкөбүздө тынччылык болсо экен, өсүп-өнүгүү болсо экен деп аракетимди жасадым. Жаңы бийликти да колдоп бердим. Ал эми жеке өзүм илимий кызматка кайрылып келгениме кубанычтамын. Себеби мен башынан профессионалдуу илимий кызматкер болгондуктан, Москвадагы академик, профессорлор мени жылуу тосуп алышты. Мына бүгүн Россиянын академиктери менен илимий кызматка киришкениме бир четинен кубанам, экинчи четинен мага күч-кубат берет.

- Аскар Акаевич, былтыркы 24-марттагы окуяга кайтып келсек. Көбүнчө коомчулукта, саясий чөйрөдө деле биринчи президентибиз Кыргызстандан качып кетти деп сизди айыптап атышат. Москвага кетип калганыңызга өкүнбөйсүзбү?

- Өкүнбөйм. Мен бул суроого бир топ жолу жооп бердим, марттагы окуялардан кийин деле айттым. Менин эң негизги максатым өлкөбүздө биримдик болсо экен, калкыбыз бөлүнүп-жарылбаса экен дегем. Кан төгүлүп, жарандык согуш чыгып кетүү мүмкүнчүлүк болду, мен ошону болтурбаш үчүн элибиздин алдындагы жоопкерчилигимди сезип, ошондой кадамга бардым. Ошол кездеги татаал саясий кырдаалды жеңилдетиш үчүн ушундай кадамга бардым. Менимче ошол окуялар бир топ кыйынчылыктарды алып келди, өзгөчө шаардагы талап-тоноолор. Бирок менимче жанагыдай жарандык карама-каршылык туулса, кан төгүлсө, андан да кыйынчылык болмок деп эсептейм. Ошондуктан мен ал кездеги чечимиме өкүнбөйм.

- Азыр эле журналисттер өкмөт үйүнөн келдик, президент Курманбек Бакиев маалымат жыйынын өткөрдү, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Сиз тууралуу айтып атып, кыргыз элинен кечирим сурашы керек деп айтты. Ушуга кандай жооп айтат элеңиз?

- Мен президент болгон кезимдеги болгон кемчиликтерди айтып эле келем, бүгүн деле айтам, мындай чоң жумушта кыйын мезгилде, Советтер Союзу урап, Кыргыз Республикасы өз алдынча эгемендүү мамлекет курган кезде кемчиликсиз, катачылыксыз саясат жүргүзүүгө өзү деле мүмкүн эмес болчу. Кемчиликтерди айтып, моюнга алып эле келгем мен мурунтадан. Бирок мен элибизден кечирим сурагандай элибизге каршы, жалпы улуттук кызыкчылыкка каршы эч кандай аракет, эч кандай кылмыш кылган жокмун да.

- Аскар Акаевич, 24-марттагы окуяга кайтып келсек. Сиз кайсы жерден жаңылдым деп ойлойсуз? Кээ бир серепчилер айтат, Аскар Акаев эл толкуп атканда элге чыга калса болмок, кээ бирлери айтат кетпей эле көкбеттенип эле Акүйдө турса болмок дейт? Оюңуз кандай?

- 24-мартта өзүңүздөр деле көрдүңүздөр, теледен өкмөт үйүнүн алдындагы миңдеген адамдарды элдин өкүлдөрү деп эч качан айтууга болбойт. Ал жерде көбүнчө криминалдык элементтер келбедиби. Колдоруна бөтөлкө-бөтөлкө арак көтөрүп жүрүштү, наркотик чегинген адамдар. Ал түрлөрү менен кепке-сөзгө эч кандай келмек эмес. Төңкөрүштү уюштурган келишпес оппозициянын лидерлери атайын ошондой төңкөрүш максатында ушундай криминалдык структураларга таянбадыбы.

- Аскар Акаевич, март окуясы жакындап келатканда өзгөчө күч органдары, улуттук коопсуздук кызматы, ички иштер министрлиги болобу, тымызын оппозицияга иштей баштаган деген пикир бар. Сиз ушул маалда, март ыңкылабында кырдаалды толук билип, толук маалымат алып турдум деп ойлойсузбу?

- Бүгүн сөзсүз ачык айкын болду, элдин көзү жетти. Бирок 24-марттан кийин менин дагы көзүм жетти, эң негизги, мисалы улуттук коопсуздук башкармасы, бизге толук жана так маалымат бере алган жок өлкөдө болуп аткан кырдаал боюнча. Келишпес оппозициянын криминалдык күчтөр менен бирге иштегенин, наркомафияга таянып атканы жөнүндө менде чындыгында маалымат болгон жок. Мен эч качан ойлогон эмесмин, оппозиция криминалга, наркомафияга таянып төңкөрүш уюштурат деп. Чындыгында Улуттук коопсуздук башкармасы бул жагынан начардык кылды деп айтууга толук негиз бар. Балким, билип эле мага айткан эмес, эл айтса бекер айтпайт да. Ошол оппозиция менен кырдаалды жеңилдетиш жөнүндө сүйлөшпөй эле, балким төңкөрүштөн кийин кызматташтыгын сүйлөшүп жүргөн деген ой пикир менде да бар бүгүн. Чындыгында мен чоң жаңылыштыгым ушул деп эсептейм, шайлоонун алдында сөзсүз ташыркап калган, же болбосо жеңил көз карашта иштеген жетекчилердин көбүн алмаштырыш керек эле. Мен шайлоо өткөндөн кийин жаңы өкмөт түзсөк, жаңыртсак, жаңы күчтөрдү, жаңы лидерлерди алып чыксак деп ойлогон элем. Бул жагынан жаңылыш кетиптир, шайлоодон мурун жасаш керек эле.

- Революцияга байланыштуу дагы бир суроо. Ошол кезде Россиядан куралдуу жардам келаткан деген да имиш бар. Өзгөчө Альфа Казакстанга туштап жакындап калыптыр, алар келгенде революцияны күч менен басмак экен деген имиш кептер бар. Сизден сурайт элем, Россия, Казакстан өңдүү өнөктөштөрүңүздөн жардам сурап көрдүңүзбү толкундоону басууга?

- Жок. Мен президенттик мезгилде бир нече принциптерим бар эле. Биринчи принцип- демократиялык жолдон тайбай өнүгүү, экинчи негизги принцип - республиканын ичиндеги ички иштерге эч качан сырткы күчтөрдү пайдаланбоо принциби. Мен 14 жыл ушул принциптен тайбай келдим.

- Демек, “Альфа” келген эмес?

- Жок. Мен кайрылган да эмесмин. Бир себеби тарых деле көрсөтүп турбайбы, тышкы күчтөрдүн күчү менен бийлик сактагандардын арты эч качан жакшы болбойт. Себеби бул баары бир элдин ичиндеги ынтымак, биримдикти бузуп, ошондой эле жарандык согуштарды чыгарууга себеп болот.

- Москвада жашап атпайсызбы, баары бир ата-журттан алыс болгондо зеригип, сагынып дегендей кыйналуу болот да. Баарына көз жумуп, кайыл болуп билет сатып алып эле самолетко отуруп Бишкекке келип калсаңыз кандай болот? Эл, бийлик кандай тосуп алат дейсиз? Эмне кармап атат сизди?

- Мен элестетип көрсөм, эгер ушундай кадамды жасасам Кыргызстандагы саясий кырдаал менимче вулкан жарылгандай эле өзгөрмөк деп эсептейм. Себеби өзүңүздөр деле көрүп турбайсызбы, мына бир жылдан бери 24-марттан кийин эле жаңы бийлик мени, менин үй-бүлөмдү куугунтуктаганды, жамандаганды, көө жаап каралаганды мамлекеттик саясат кылып алышпадыбы. Ошол бүт болгон терс окуялардын баарын биз Акаевдер менен, Акаевдик күчтөр менен байланыштырып келе жатышат. Ошондуктан коомчулуктун мээсине сиңип, коомдук пикирге айланды. Терс мамиле зор эле деп эсептейм, бирок ошого карабай жакшылыкты каралыктан ажырата алган адамдар деле бар. Мен кат деле алып атам. Бирок ушул кадам сөзсүз элди экиге бөлүп жармак. Ал эми бийлик болсо сөзсүз мени Кыргызстанга келтирбеш үчүн бардык аракеттерин көрүп атат. Кылмыш иштери, телевидение, гезиттердеги информациялык террор, ушунун баары Акаевдерди келтирбеш үчүн жасалган аракеттер да.

- Аскар Акаевич, кылмыш иштер демекчи, мен кызыңыз, уулуңуз тууралуу сурабасам болбойт го. Айдарга да кылмыш иштери козголгон, Мээрим фондусу боюнча жубайыңызга, күйө балаңызга кылмыш иши козголгон. Азыр бала-чакаңыз кайда? Алардын коопсуздук, Кыргызстанга кайтып келиш жагы, жашоо-турмуш кандай?

- Жашоо турмушубуз алынча эле. Өтө жакшы десем менимче туура эмес болот го. Себеби, өзүңүз айткандай, биз Атажурттан алыс туруп атабыз. Жаңы бийлик болсо биздин үй-бүлөбүзгө карата каралоо пропагандасын жүргүзүп атат. Баягы сталиндик эле мезгилдегидей репрессия, куугунтуктоо жасап атпайбы. Ошондой эле Айдар, Бермет бул жерде убактысын жоготпой эле иштеп, окуп жатышат. Бирок телегейи тегиз деп айта албайм, себеби экөөнүн тең максаты бар эле депутат болуп шайланып элибизге кызмат кылалы деген. Берметтин болсо депутаттык мандатын күчкө салып эле тартып алышты. Айдарга болсо жанагыдай саясий иштерди козгоп, иштегенге мүмкүнчүлүк бербей атышат. Айдарга козголгон иштердин эч кандай юридикалык негиздери жок. Аны парламентте каралганда ошол жердеги депутат, юристтер деле ачык айкын айтышты, депутат Акаев Айдарга козголгон иштин эч кандай юридикалык негизи жок деп. Бүгүн иштетпей келишип, депутаттык милдетин аткарбай атат, чакыртыш керек депутаттыктан деп атышат. Мүмкүнчүлүк бербеш керек да Акаевдин үйбүлөсүнө Кыргызстанга келип иштегенге, турмуш кылганга.

- Парламенттик шайлоого кайтып барсак. Биринчи кызыңыз Бермет атсалышары, анан Айдар атсалышары белгилүү болду. Ошол кезде деле саясий кырдаал курч эмес беле. Анан үй-бүлөлүк кеңеште, дасторкондун үстүндө отуруп дегендей балдарыңызга балким кое турсаңар кандай болот, бириңер чыккыла, бириңер кое тургула дегендей кеңеш айттыңыз беле? Себеби көп эле талдоочулар айтып атат балдарын чыгарганы да кырдаалды ого бетер курчутуп ийди деп?

- Балдар өсүп жетилди, билим алышты. Бермет он жыл эл аралык уюмдарда, Бириккен Улуттар Уюмунда иштеп келди. Өзүнүн элине да кызмат кылыш керек да. Мен аларды президенттин указы менен кызматка койгон жокмун. Мына бүгүн президент Бакиев өзүнүн указы менен бир инисин Германияга өкүл кылып жөнөттү, бир инисин Кытайга, үчүнчүсү болсо Улуттук коопсуздук башкармасын башкарып атат. Баягы күнү Кыргызстандан бир гезитте жазылып жүрөт, интернеттен окудум, Акаевдин өзүнүн бир туугандары жок эле деп. Менин деле эки улуу агаларым бар. Бирок, аларды 14 жылда эч бир кызматка койгон жокмун. Эми депутаттыкка эл шайлап атат, алар өзү жетилди, элибизге кызмат кылалы деп депутаттыкка шайланды эле, ага да жол бериш керек да туурабы?

- Аскар Акаевич ошол шайлоодо сиз ишенесизби административдик ресурс пайдаланылды, балким сиз өзүңүз билбей, сизге жагалданайын, жагынайын деген чиновниктер болуп калдыбы дейм да?

- Болушу мүмкүн. Аны жок деп эч качан айта албайбыз. Кандай мамлекет болбосун бийликте турган адамдар административдик ресурсту пайдаланбай койбойт. Демократиялык мамлекеттерди алсаңыз деле ошол жерде пайдаланып жатышпайбы. Андай болушу мүмкүн, мен ага каршылык айта албайм.

- Күйөө балаңыз Адил Тойгонбаев жөнүндө да көп эле аңыз-кептер бар, Кыргызстанды курутуп, союп кетти, көп бизнесин бул жакта жүргүзүп, кайра Казакстанга ташып кетти деген ар кандай сөздөр айтылып атат. Күйөө балаңыз азыр кайда, кылмыш иштери тууралу эмне айтат элеңиз?

- Кылмыш иштери жөнүндө өзүңүз, жалпы калайык калк жакшы билет, жаңы бийликтин биринчи эле кадамы 24-марттагы окуялардан кийин бул президент Бакиевдин указы болду, Акаевдердин байлыгын табыш керек деген. Ал үчүн атайын өкмөттүк комиссия түзүштү вице-премьер Данияр Үсөнов башкарган. Ошол комиссия алты ай иштеп Акаевдердин ашынган байлыгын тапкан жок да, туурабы. Ошол Данияр Үсөновдун өзү кайда экени белгисиз. Бирок ошол комиссия эмне иш жасады? Комиссия Акаевдер экономиканы бүтүн басып алыптыр, үй-бүлөнүн менчиги кылып алыптыр деген шылтоо менен бүт республикадагы ишканалардын баарын, ишкер адамдардын баарын текшерип, инвентаризация жасап, жаңы бийлик тарабынан мыйзамсыз күч менен кайра бөлүп алууга эле негиз түзүп бербедиби. Аны бөлүп алышпадыбы. Ал жөнүндө азыркы депутат Бекназаров башкы прокурор кезинде деле айтып чыкпадыбы. Ошондуктан ошол комиссия толук текшерип мыйзамсыз жасаган иштерди мында айтып, далилдеп чыга алган жок. Эми күйөө бала билесиздер Казакстандын жараны, казак калкынын кулуну ошон үчүн мен башка маалымат бере албайм.

- 420 миң доллар боюнча сот иши болуп атат, билесиз да? Сот иши боюнча эмне айта аласыз, ал каражат Баткен окуясында колдонулган дейт, мамлекеттик бир маанилүү ишке кеткен дейт?

- Билем. Менин жообум кыска эле болот. Себеби 420 миң доллар боюнча ишке менин эч кандай тиешем жок. Мени буга байланыштырышканын мен биринчи жолу бир ай мурун март айынын баштарында интернеттен окудум. Менин эч кандай тиешем жок. Мен билген да эмесмин ушундай иш бар экенин. Мен ойлойм, Данияр Үсөновдун комиссиясынын ишинен эч пайда чыккан жок, Акаевдин ашкере байлыгын тапкан жок. Билесиздер, ошол эле Данияр Үсөнов менен Бекназаров экөө жарым миллион доллар берип америкалык юрист Либерманды жалдашкан, Акаевдин миллиарддарын чет өлкөдөн Швейцария, Америкадан таап келебиз деп. Жакында башкы прокурор Конгантиев өзү айтты, Акаевдин бир центин дагы таап келген жок деп ага жооп берди. Анан же сырттан, же ичтен натыйжа чыкпагандан кийин азыркы бийлик аракет кылып атат болгон терс иштердин баарын мага жүктөгөнгө. Ошонун эле бир көрүнүшү деп эсептейм.

- Ошол кезде президенттик администрациядан кайра эсеп палатасына өтүп, жаңы эле эсеп палатасын башкара баштаган Медет Садыркулов айтат, Аскар Акаевичке өз колум менен кабинетине алып кирип бердим эле деп?

- Жок. Мен дагы бир жолу тактап, жооп бергим келет. Менин эч кандай тиешем жок. Билген да эмесмин, көргөн да эмесмин. Мен бул иш жөнүндө мына ушул март айында интернеттен окуп олтурам. Менин адвокатым азыр ошол сотко катышып жатат. Эч кандай далили жок, бул болгон эле көө жабуу. Балким, ошол бийлик менен биргелешип алып мага жалаа жаап жатышат деп эсептейм.

- Аскар Акаевич, Москвада мисалы, досторуңуз бар, эски досторуңуз дегендей. Саясий чөйрөдөгү президент болобу, экс-президенттер болобу азыр кимдер менен жолугушуп, баарлашып турасыз. Борис Ельцин менен жолугуп жатасызбы, кимдер менен мамиле, карым-катнаш кылып жатасыз?

- Мен чоң саясаттан кеттим деп жарыялабадымбы. Ошондуктан мен мындай саясатчылар менен бул жерде эч кандай байланышым, жолугушум жок. Бир гана Борис Николаевич Ельцин менен байланышыбыз бар. Ал кишилердин үйүндө болобуз кез-кезде. Мына жакында 75-жылдык мааракесине чакырып, Кремлде болдук. Негизинен мен илим чөйрөсүндөмүн. Азыр Москва университетинде профессор болуп иштеп жатам. Ушул университеттеги профессорлор, академиктер, академияда мурун иштеп жүргөн институттар менен кызматташтыгым бар. Негизинен мен ушул илимий чөйрөдө байланыштарым бар.

- Аскар Акаевич, Үзөнгүкууш, Аксы окуясы боюнча аябай бир чоң кептер жүрүп жатат. Сиз деле окуп жатасыз, сизге да дооматтары бар айрым коомчулукта, ушуларга кандай жооп айтат элеңиз. Убагында туура кылынганбы, туура эмес болгонбу?

- Эми Үзөнгүкууш боюнча эч кандай доомат болушу мүмкүн эмес. Ал жерде мына атайын өкмөттүк комиссия иштеген. Менимче, абдан билимдүүлүк менен иштеди. Мына өзүңүздөр билесиздер Кытайдын Кыргызстан гана эмес Казакстандын, улуу держава Россия менен да ушундай маселеси бар болчу. Ошондой эле Тажикистан ошол төрт өлкө тең чек ара боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди. Мына төрт өлкөдөн тең Кытай тарабынан доомат коюлган жерлердин канча бөлүгү Кытайга өттү, канча бөлүгү Кыргызстанга калды. Ошонун ичинде мен айтаар элем Кыргызстан эң көп, отуз процентин берип, жетимиш проценти бизге калды. А башка мамлекеттерде мисалы, 50-50 процент болуп чечилгени бар. Тескерисинче, 70-30 процент болуп чечилгени бар. Менимче, бул абдан кылдаттык менен жүргүзүлүп сүйлөшүлгөн жана Кыргызстан үчүн бул сүйлөшүүлөр абдан жеңиштүү болду деп эсептейм. Мен эч качан ага кабагым-кашым дебейм. Ал Кыргызстандын тескерисинче чөн жетишкендиги болуп эсептелди. Кытай улуу мамлекет ХХI кылымда үчүнчү бир жылдыкта Кытай менен Кыргызстандын мимилеси мына 2000-жылы кандай жакшы мамиледе болсо, ошондон жакшы мамилеге өтүшүбүз керек. Кытай менен жакшы мамиледе болбогон мамлекет ХХI кылымда өсүп, өнүгүп жакшылык жарата албайт. Ал эми Аксы окуясы болсо туура, кайгылуу окуя болду. Ошол жергиликтүү бийликтердин жаңылышы, ошолордун кетирген катасы акыры жалпы улуттук трагедияга алып келди. Мен ошондо эле өз пикиримди айттым. Жазасын алышты күнөлүүлөр. Ошол жергиликтүү жетекчилер, республикалык деңгээлдеги жетекчилер да өздөрүнүн жазасын алышты. Эми Аксыдагыдай окуя эч качан кайталанбаш керек. Туура, президент катары менин да жоопкерчилигим бар. Мына азыркы президент К. Бакиев деле ошол кезде өкмөт башчысы болуп иштеген. Анын да жоопкерчилиги бар. Ошол кыйын окуяларды убагында стабилдештирүү маселесин карабастан оорудум деп Жалалабатта курортко жатып алган бир ай.

- Аскар Акаевич, ошол окуя болуп жатканда өзүңүз Бишкекте белеңиз?

- Жок. Мен ошол окуя болгондо сапар менен чет өлкөдө элем. Азыр эстей албай жатам, кайсы мамлекетте экенимди. Бирок, ошол окуя өткөндөн кийин үйгө келип калдым. Анан комиссия түздүк, билесиздер да комиссияны премьер-министр Николай Тимофеевич Танаев башкарып, комиссия абдан жакшы иштеп жыйынтыгын чыгарып берген өз убагында.

- Аскар Акаевич, 4-5 адам жазаланып, бирок кайра мунапыска кабылышпады беле. Азыр кайра сот жараянын жандандырыш керек, жаңы ачылган жагдайларга карата. Анан сот процессинде аксылыктар өзүлөрү деле айтып жатат, Аскар Акаевичти кошо жоопко тартыш керек эле, буйрук берген ошол адам, же анын жанындагы жакындары, алардын Аскар Акаевичтин макулдугу менен кылган деп. Сиздин пикириңиз кандай?

- Мен айтаар элем, мнин негизги принцибим, саясатта ички маселелерди күч менен чечүүгө мен каршы болчумун. Ошон үчүн 24-мартта да мен эч кандай күч колдонууга болбойт деп айткам. Мен 24-мартта, дегеле март айында курал-жарак алып жүргөнгө тыюу салгам.Ошол кезде милиционерлердин курал-жарак көтөрүп жүрүшүнө тыюу салгам. Себеби курал-жарак көтөрүп жүрсө, бири болбосо да бири атылышы мүмкүн болчу. Мына 24-мартта дагы бир жолу ошол принципти далилдеп кеттим. Менин өзүмдүн тагдырыма мисалы кыйын эле болду, бирок кан төгүлбөгөнүнө ыраазымын, мен туура кылдым. Менин да акыркы командам 24-мартта курал колдонбогула, эч кандай ок атпагыла деген команда болду.

- Аскар Акаевич мына ошол төрт жыл мурда 17-мартта Аксы окуясы болгон. Анан алты адамдын набыт болгонун сизге ким, кандай шартта угузду?

- Премьер-министр Танаев телефон чалып айтты.

- Өкмөт башчысы катары жаман болдуңузбу?

- Сөзсүз. Президент үчүн кандай гана адам болбосун, кашык каны да кымбат да.

- Мартта Аксы окуясынын төрт жылдыгы болуп куран окутушту. Азыр мына сизди угуп жатышат. Аксылыктарга кандай сөз айтат элеңиз Москавада туруп?

- Аксылыктарга тынчылык, ынтымак каалайм. Мына жакында эле жаңы жыл жаркыраган Нооруз майрамы болуп өттү. Нооруз көп жакшылыктарды алып келишин каалайм жана экинчи мындай окуялар Аксыда гана эмес жалпы Кыргызстанда эч качан кайталанбашын каалайм.

- Мынакей ХИПИК программасына көбүнчө африкалык жарды өлкөлөр кирген. ХИПИК программасы аркылуу Кыргызстандын карызын жоюу маселеси козголуп жатат. Ушуга сиздин пикириңиз кандай? ХИПИККЕ кириш бул Кыргызстандын имиджине таасир этеби, же карыздын көпчүлүк бөлүгүн алып Кыргызстандын келечеги үчүн жакшы болобу?

- Менимче, ХИПИКке кириш чоң каталык болот. Мына өзүңүздөр билесиздер менин убагымда дагы биз такай талыкпастан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тышкы карыздарды реструктуризациялоо жолу менен кыскартып келгенбиз. Мына өзүңүз билишиңиз керек 2001-жылы проценттерин кыскартканбыз Париж клубдан. 2005-жылы март айында Париж клубунда биз ошонун 60 процентин кыскартканбыз реструктуризация жолу менен. Бул эч бир мамлекеттин аброюна, имиджине эч кандай терс таасир бербейт. Тескерисинче, ишенимдүү мамлекет деген баа алганбыз. Мына Кыргызстандын ишенимдүү мамлекет деп Париж клубунда реструктуризация жасап, 60 процентин кыскартып берген. Мына ушул жол менен барыш керек эле ошондо Кыргызстандын бийик аброюн дүйнөдө эч кандай төмөндөтпөйт элек. ХИПИК деген чындыгында жалаң африкалык мамлекеттер. Аларга ишениш жок. Алар көптөгөн шарттарды коюшат. ХИПИКтин бир начар жери алардын группасына кирген мамлекеттер жанагындай жеңилдетилген кредит, грант жардамдарынан айрылып калышы мүмкүн. Мисалы, Япония мамлекети ХИПИК мамлекеттерине жардам бербейт. Сиз билесиз, Япония бизге абдан чоң жардам бербедиби. Бишкек-Ош жолун, Манас аэропортун ошолор курдуруп бербедиби. Ошондуктан жанагындай чоң процент менен рыноктук кредиттерди алууга мажбур болуп, кайта эле тез убакыттын ичинде карызга батып кетет мамлекет. Ошондуктан мен бул ХИПИКке киргенди өтө чоң катачылык деп эсептейм.

- Жаңы бийлик Ганси базасы үчүн каражатты көбүрөк сурап атат. Кандай деп ойлойсуз, сиздин учурда келишимге акчасы аз жазылып калган, көбөйтүш керек деп атышат. Ушул жагынан Ганси тууралуу айта кетсеңиз, негизи эки базаны тең эле сактап туруш керекпи азыркы бийлик?

- Ганси базасы өз убагында төлөө жагы ар дайым саясий шартка карата чечилет. 2001-жылы саясий кырдаал дүйнөдө башка эле. Ошондо Ньюйоркто жанагыдай трагедия болуп, бүткүл дүйнөлүк терроризмге каршы коалиция уюшулуп, ошого бардыгыбыз кирип, ошол шартта сүйлөшүлгөн маселе да. Эгерде бийлик сүйлөшүп, бийлик бүгүнкү күндө көбүрөк төлөм алса экономика үчүн жакшы эле болот. Ганси базасынын статусу башынан эле белгиленген, Ооганстандагы саясий кырдаал оңолгонго чейин деп. Ооганстанда саясий кырдаал оңолгондон кийин Ганси базасы жабылыш керек деген келишим түзүлгөн. Ал эми Канттагы Россиянын базасынын статусу башка. Келишим региондогу коопсуздукту, стабилдүүлүктү сактоо, ошонун компоненти болуп кирет. Анын деле пайдасы зор.

- Азыр эми башка батыштын өлкөлөрүнөн, чоң-чоң эл аралык уюмдарданбы балким, жумуш сунуштагандар болуп атабы?

- Жогоруда айткандай, мен чоң саясаттан кетүү чечимин кабыл алдым. Бүгүнкү күндө Москва университетиндеги илимий кызматым мени толук канаттандырат, ошондуктан мен жумуш издеген жокмун.

- Демек, дарс окуп сабак бергениңиз азыр сизге дал келет экен да өзүңүздүн жан дүйнө акыбалыңызга, өзүңүздүн каалоңузга?

- Туура.

- Криминал дүйнөнүн бир лидерлеринин бири деп жүрүшөт, бирок сот процесси азырынча чечим чыгара элек, андыктан биз азыр ошондой деп айта албайбыз. Бирок Рысбек Акматбаев деп уккансызбы, уккан эмессизби, “Алас” гезитине берген маегинде “Аскар Акаев мага жардам сурап, өзгөчө шайлоодо бул талапкерди өткөрбө, өткөр деп кайрылып турчу эле” дейт?

- Мен ошондой сөздөрүн окуп, интервьюсуна жооп жазып жибергем мунун баары жалган, мен эч качан президент болуп туруп мындай криминал менен эч качан байланышкан эмесмин, тескерисинче менин убактымда криминал менен талыкпастан күрөшүп гана келгенбиз. Менин убагымда Акматбаев жана башка криминалдык авторитеттердин кайда экенин билесиз. Алар ачыкка чыгып саясатка кийлигишчү беле? Бир дагы андай факт болгон эмес 14 жыл ичинде. 24-мартта бүгүнкү бийлик уюштурган төңкөрүштө ошол криминалдык авторитеттерге таянып ишке ашырышты, эми ошого төлөп атышат десек болот. Ошондуктан криминал бийлик менен чырмалышып атат. Менимче, дүйнөлүк тажрыйба көргөзгөндөй бийликтин криминал менен чырмалышы бул мамлекеттин келечегине туудурулган өтө чоң коркунуч. Мына Латин Америкасын алып көрөлү. Мен айтар элем бүгүнкү бийлик чечкиндүү түрдө криминалды четтетиш керек бийликтен. Антпесе Кыргызстандын келечегине балта урушат.

- Азыр коомчулукта ушундай бир пикир бар, сиз президент кезиңизде үй-бүлө мүчөлөрү, айрыкча жубайыңызды айтышат, аялы көп аралашып кийлигишчү, атасына эстелик орнотуп, ушундай бир ашыкча нерселер көп болгон деп?

- Менин үй-бүлөм эч кандай мамлекеттик иштерге кийлигишкен эмес. Бул жанагы оппозициянын ойлоп тапкан көп мифтеринин, жалган каралоо негизинин бири деп эсептейм. Тескерисинче, менин үй-бүлөм колунан келишинче ар бири элибизге жардам эле кылып келди. Мына менин өзүмдүн жолдошум Майрам Акаеваны алсак, кайрымдуулуктан башка эч жака кийлигишкен жок. Кайрымдуулук менен гана алпурушуп келди. Эл аралык Мээрим фондун уюштурду. Фонддун максаты эмнеде эле? Фонддун максаты Кыргызстандын балдары билимдүү, бактылуу болсо экен деген эле максат. Мына жасаган иштерин элибиз көрүп турат. Бишкекте эки, Чолпонатада эки жетим балдардын үлгүлүү кыштактарын куруп койду. Чолпонатада Кыргызстандын балдарынын эс алып, ден-соолугун чыңай турган дүйнөлүк стандарттагы балдардын санаториясын куруп атты эле, өткөн жылдагы март окуясы төңкөрүштөн кийин баары токтоп калды. Жана кылмыш ишин козгоду деп айтып кеттиңиз. Ошол иштер эмнеден чыкты? Ар бир райондо Мээрим фонду балдар үчүн балдардын билим алуу борборун уюштурган эле. Ошол жерде айылдын балдары компьютерде иштегенди, чет тилдерин, музыкалык инструменттерде ойногонду үйрөнсүн деп куруп аткан. Ошонун баарын компьютерлер менен, пианино, скрипкалар менен жабдып чыкты эле. Ошонун баарын азыр, аны Майрам Акаева өз жеке кызыкчылыгына пайдаланчудай, өкмөткө алып эми сатып атышат. Анын жакшылыгын ким көрөт, он чакты ишкер адам көрөр. Бирок миңдеген балдар ошол жерден компьютер үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн жоготуп койду, балдарга эле начар болду. Менимче мунун баары бийликтин саясаты, Акаевдин ишин каралоо. Бул миф, эч качан эч кандай кийлигишкен эмес. Менин улуу кызым Бермет он жыл чет өлкөдө иштеп келди. Бир күн дагы мамлекеттик кызматта болгон жок. Туура, кийин өз элине кызмат кылып берейин деп депутат болуп шайланды, ал максатына да жете алган жок.

- Мээрим фондусу жөнүндө сурайын деп атам. Азыр башкы прокуратурадан алынган маалыматтарды карасак акимдер, губернаторлор акча которгон экен, ошондон улам келип чыгып атат кылмыш иши, мамлекеттик каражатты коомдук, бей өкмөт уюмга которгон болуп атат?

- Губернатор, акимдердин акчалары мен айткандай, ошол эле өздөрүнүн районундагы, ошол эле облустардагы балдарга билим берүү борборунда иштеген мугалимдерге шарт түзгөнгө жумшалды да, Майрам Акаева өзүнүн кызыкчылыгына пайдалданыптырбы.

- Майрам Акаева жазган китеп жөнүндө, ошондо Үсөн Сыдыков азыркы президенттик администрациясынын жетекчиси “дикообразный” деп жазыптыр деп сотко берип атат. Ошол тууралуу маалыматыңыздар барбы?

- Жок, ал тууралу эч кандай маалыматым жок. Мен жана да кайталап айткым келет, азыркы бийлик бизди каралоо, жамандоо боюнча мамлекеттик саясатка айлантпадыбы. Бардык гезит, телевидение, радио болуп бизге ошондой кампания жүргүзүп атканда баарын угуп, баарын окушка мүмкүн эмес экен.

- Ушуну менен маегибизди жыйынтыктасак. Аягында сизге эркин микрофон.

- Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен касиеттүү калайык калкыбызга жакшы өзүмдүн каалоолорумду айткым келет. Жакында эле жазгы жаркыраган Нооруз майрамы болуп өттү. Өткөн майрам менен куттуктап кетким келет. Ушул жаңы жылда калкыбыз тынччылыкта болсун. Элибизге эмне керек? Элибизге ынтымак, биримдик керек. Ынтымак, биримдик болсо стабилдүүлүк болот, стабилдүүлүк болсо алга жылат, өлкөбүздүн, калкыбыздын турмушу оңолот. Мына ушундай стабилдүүлүктү каалайм жана жаңы жыл калкыбызга ар бир Кыргызстандын жаранына көп жакшылык алып келишин каалайм. Өзүңүзгө ырахмат Чолпон карындашым.

- Аскар Акаевич, сизге рахмат, ден-соолук, иштериңизге ийгилик каалайбыз.

Тектеш

XS
SM
MD
LG