Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:53

ЖАҢЫ ӨКМӨТ СУННИЙ ӨКҮЛДӨРҮНӨ МУКТАЖ


Иракта жаңы өкмөт салтанаттуу ант берди, бирок суннийлердин таасирдүү төбөлдөрүнүн көпчүлүгү өздөрүн бул жаңы өкмөттөн обочодо тутууда. Ал түгүл кызматынан кетип жаткан президент, сунний саясатчы Газы ал-Йавердин өзү да шейшембидеги бул салтанатка катышкан жок. Серепчилердин айтымында, төбөсү көрүнгөн сунний саясатчылары жаңы өкмөткө тартылмайынча, пост-саддамдык өкмөткө каршы козголоңдорду токтотуу кыйын.

Майдын 3үндө Ирактын жаңы өкмөтү салтанаттуу ант берип, ишке киришти. Бирок өкмөттөгү айрым олуттуу кызматтар, анын ичинде мунайзат, коргоо сыяктуу министрликтер, азырынча убактылуу министрлер тарабынан башкарылмакчы.

Маселенин баары – жаңы өкмөткө суннийлердин таасирдүү саясатчыларын тартууда турат. Мурдагы диктаоор Саддам Хусейндин тушунда саясий үстөмдүктө болгон ирактык суннийлердин көпчүлүк саясий төбөлдөрү январ айында өткөрүлгөн Улуттук Жыйынга болгон шайлоого бойкот жарыялаган.

Шайлоодо көпчүлүк депутаттык орунду утуп алган шийилердин коалициясы эми бир канча олуттуу өкмөттүк кызматтарды суннийлерге берүүгө даяр. Бирок, серепчилердин оюнча, азыркы тапта ал кызматтарга, анын ичинде, маселен, коргоо министри кызматына келүүгө ынтызар болгон таасирдүү сунний саясатчыларын күндүз да чырак менен издеп таба албайсыз.

Лондон Экономикалык мектебинин серепчиси Йахйа Сайиддин оюнча, бул бош кызматтарга иши кылып эле суннийлерди издөө алгылыктуу эмес. Маселен, кызматынан кетип жаткан президент Газы ал-Йавердин өзү да, бул серепчинин пикирине караганда, алиги бош кызматтар үчүн анча майнаптуу талапкер эмес:

- Кайсы жагынан албайлы, ал-Йавер суннийлердин басымдуу көпчүлүгүнүн өкүлү болуп карала албайт. Анын парламенттик орунга жеткенинин себеби – аны өзүнүн уруусунун гана колдоп чыкканы. Ал козголоң чыгарып жаткандарга эч кандай караандай да албайт. Суннийлер аны мыйзамдуу жана беделдүү өкүл катары кабыл алат ко деп жоромолдоо кыйын.

Президент ал-Йавердин уруусунан башка сунний урууларынын көпчүлүгү январдагы шайлоого катышпагандыгы үчүн, сыртта калгандардын ичинен кайсы сунний топторунун тилин табуу жетиштүү экенин аныктоо да кыйынга турууда.

Лондондук серепчи Йахйа Сайид баса белгилегендей, маселе – иши кылып суннийлерди өкмөткө тартууда эмес, башкы көйгөй – тыйылбай жаткан көтөрүлүштөрдү басууда:

- Сиз Газы ал-Йаверди вице-президенттикке дайындоо менен, иши кылып эле суннийлердин өкүлүнүн өкмөттө болушуна канааттанып кала албайсыз. Сиз козголоңдорду токтото турган, козголоңго сокку ура турган суннийдин бийликке катышуусуна муктажсыз. Демек, сиз Иракта чөйрөсү козголоңчулар кыймылына жакын болгон кишилердин өкмөткө келишине муктажсыз.

Ал эми лондондук башка бир серепчи, "Jane's Sentinel Security Assessments" басылмасынын өкүлү Дэвид Хартвелл болсо ушул тапта бийликте турган шийи жана күрт саясатчылары мурдагы режимди колдогон сунний саясатчыларын жерүү менен маселени ого бетер татаалдаштырып жатат деген ойдо:

- Ушул тапта өтө кадыр-барктуу болгон суннийлердин көпчүлүгү бир кезде Саддам Хусейндин режиминин тушунда төбөл болгон таасирдүү саясатчылардан.

Шейшембиде ант берген өкмөттө 15 шийи, 7 күрт, 4 сунний жана бир христиан саясатчы бар. Ал эми 275 орундуу Улуттук Жыйындын бар болгону 17 гана оруну суннийлерге тийген. Калктын 15тен 20 пайызга чейинки катышын түзгөн суннийлер үчүн бул орун өтө аз көрүнүүдө.

Эгерде азыркы жаңы өкмөттүн башчысы, теги боюнча шийи ал-Жаафари 7-майга чейин бош орундарга таасирдүү сунний өкүлдөрүн таап сунуш кыла албаса, анда ал кызматтан кетүүгө аргасыз болот. Мындай кырдаалда өлкө президенти башка кишини өкмөт башчы кызматына дайындоого тийиш.

XS
SM
MD
LG