Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү күчүнө кирди. Жаңыртылган мыйзамдын талаптарынын биринде коомдук жайда жүзүн жапкандарга акчалай айып пул салуу каралган. Бул мыйзам кандай иштейт?
Өзбекстандын Анжиян облусунда кыз-келиндердин жумушта жоолук салынып, эркектердин жума намазга баруусуна чектөө киргизилип жатканы кабарланды. Ошондой эле эркектерди мажбурлап сакал-мурутун алдырган учурлар катталууда. Бирок мындай буйрук тууралуу расмий маалымат жок.
Президент Жапаров дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер тууралуу мыйзамга кол коюп, андагы талкуу жараткан маселелерди түшүндүрдү. Ал диний агымдар жөнүндө сөз кылып, тармакты иретке келтирүү зарылдыгын белгиледи. Мыйзамды парламент былтыр 26-декабрда кабыл алган.
Жогорку Кеңеште “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Документти министрлер кабинети сунуштаган.
Жогорку Кеңеште “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеген.
Бийлик диний чөйрөнүн ишмердигин жөнгө салган мыйзамды кайра жазып чыгууда. Демилгечилер 2008-жылы кабыл алынган мыйзам азыркы талаптарга жооп бербей калганын айтууда. Жогорку Кеңеште 17-декабрда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү.
Ошентип, чейрек кылым башкарган Башар Асаддын режими кулап, өзү үй-бүлөсү менен Орусиядан башпаанек тапты. Дамаск оппозиция топторунун колуна өттү.
Өлкө боюнча 200гө жакын медреседе жүздөгөн бала окуйт. Соңку жылдары кыргыз өкмөтү медреселерди ирээтке келтирүүгө аракет жасап жатканы менен өспүрүмдөр диний билим алган мекемелерде дагы деле маселе арбын. Медреселерде ким кандай билим алат? Аларды ким каржылап, ким көзөмөлдөйт?
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 8-ноябрда диний ишмерлер менен "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулады. Анда коомдук талкууга чыгарылган документке кошумча-алымчалар сунушталып, айрым тактоолор киргизилди.
25 жылдан бери АКШда бозгунда жүргөн түркиялык диниятчы, өз мекенинде 2016-жылы бийликти төңкөрүү аракетине айыпталган Фетхулла Гүлен 83 жашында көз жумду. Ал бир кезде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жакын санаалашы болгон.
Дагы жүктөңүз