Түндүк Кавказда мусулмандар түгөй издеп нике агенттиктеринин кызматына көп кайрылышат. Социалдык тармакты колдонууга Орусияда тыюу салынганына карабастан, Инстаграмда андай агенттиктердин баракчалары арбын.
Сузакта Кыргызстандын желегин өрттөп, ордуна арапча жазуусу бар ак матаны илип кеткен окуяга байланыштуу бир нече адам, арасында 16-19 жаштагы кыздар кармалды. Атайын кызмат билдиргендей, кармалган кыздар диний-экстремисттик уюмдун буюртмасы менен кыргыз желегин атайылап өрттөөгө барышкан.
Сузак районунун эки мектебинде жана айыл өкмөтүндө илинип турган мамлекеттик тууну өрттөп, анын ордуна ак мата илип кеткен факты катталды. Бул окуяны азыркы тапта күч органдары иликтеп, күнөөлүүлөрдү аныктап жатат.
Өзбекстанда Мусулмандар дин башкармалыгы имамдарга жана алардын орун басарларына социалдык түйүндөр аркылуу чыгып сүйлөөгө жана постторго лайк коюуга тыюу салды. Буга айрым өзбек молдолордун талаштуу сөздөрү себеп болгону айтылууда.
Сузакта белгисиз кишилер айыл өкмөттүн жана эки мектептин имаратындагы мамлекеттик тууну өрттөп, ордуна арабча жазуусу бар ак матаны илип кеткенден кийин аймакта көзөмөл күчөтүлдү.
Мамлекеттик Думанын вице-спикери Владислав Даванков мектептерде жана коомдук жайларда аялдардын бети жарым-жартылай же толугу менен жабылган никаб, хижаб жана башка диний кийимдерди кийүүгө тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоорун киргизди. Бирок орус өкмөтү бул сунушту колдогон жок.
Тажикстандын парламенти мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, улуттук маданиятка төп келбеген кийим кийүүгө, жарнамалоого жана сатууга тыюу салды. Мыйзамдын жаңы редакциясында эрежени бузгандарга 65 миң сомониге чейин айып пул салынары жазылган.
Кыргызстанда көзү ачык, бүбү-бакшыларды жарнамалоого тыюу салган мыйзам долбоору экинчи окуудан өттү. Коңшу Тажикстанда бал ачуу менен алектенген 50 адам кармалды.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын блогер Айнура Сагынбаева тууралуу билдирүүсү коомчулукта ар кыл пикир жаратты.
Муфтияттын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 130 диний окуу жайы бар. Ага диний институттар, медреселер жана диний окуу борборлору кирет. Кыздардын медреселери 34. Жалпысынан диний окуу жайларда билим алган кыздар 6 миңден ашат.
Кыргызстанда 130 диний окуу жайы бар. 34ү кыздардын медреселери. Алар куран жаттоо жана илимий болуп, эки түргө бөлүнөт. Кыздарды 9-11-класстан кийин кабыл алышып, 3-4 жылдык билим беришет. Медреселерде диний жана кесиптик билим менен чектелишип, светтик предметтерди киргизүүгө мүмкүн болбой келет.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Москва шаарында жана Донецктеги теракттардын алдын алганын билдирди. Эки шаарда тең күч органдары Борбор Азия мамлекеттеринин жарандарын кармашты, бирок алар кайсы мамлекеттен барганы азырынча тактала элек. Кармоо учурунда шектүүлөрдүн бири өлтүрүлгөн.
Дагы жүктөңүз