Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:57

"Kолу-бутубузду байлап атышат". Өзбек имамдарына пост жазууга, лайк басууга тыюу салынды


Өзбекстанда Мусулмандар дин башкармалыгы имамдарга жана алардын орун басарларына социалдык түйүндөр аркылуу чыгып сүйлөөгө жана постторго лайк коюуга тыюу салды. Буга айрым өзбек молдолордун талаштуу сөздөрү себеп болгону айтылууда.

27-майда өзбекстандык бардык имамдарга Ташкенттин башкы имамынын жардамчысы Эргаш Рустамовдун атынан аудиобилдирүү жөнөтүлгөн, анда социалдык түйүндөр боюнча чектөө киргизилгени айтылган.

"Саламатсыздарбы, урматтуу райондун имам-хатибдери. Эмки милдетибиз - социалдык тармактарга кирбөө. Биз муну катуу көзөмөлдөйбүз. Бул ажылык сапарда жүргөндөргө да тиешелүү. Имам орун басарларына жана башкаларга түшүндүрмө бериши керек. Ошондой эле социалдык тармактагы маалыматтарды окугандан кийин лайк баспашыбыз керек. Муну бардык имамдар орун басарларына түшүндүрүп, көзөмөлгө алууга милдеттүү", - деп жазат Рустамов.

"Азаттыктын" өзбек кызматы "Озодлик" радиосу менен маектешкен имамдар диний башкармалыктын соңку чечимин алардын ишмердигине мамлекеттик көзөмөлдүн күчөшү катары сыпатташат.

Коопсуздугу үчүн атын атабоону суранган ташкенттик молдо "Озодликке" курган маегинде интернетти колдонууну чектөө "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзамга каршы келерин айтты:

"Имамдарга социалдык тармактарда сүйлөөгө чектөө коюлуп, лайк баспоого үндөп жатышат. Болбосо имам-хатибдер тартип жазасына тартыларын айтышууда. Бул адам укугу жана абийир эркиндиги жөнүндөгү мыйзамдарга каршы келет".

Буга чейин 3-апрелде Өзбекстандын бардык мечиттериндеги имамдар чет өлкөгө чыгуучу паспортун Мусулмандар дин башкармалыгынын жергиликтүү бөлүмүнө тапшырышы керектиги айтылган.

"Биздин колу-бутубузду байлап атышат"

Ташкенттик дагы бир имам анын социалдык тармактарда сүйлөгөн сөздөрүн чектөө Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Нуриддин Халикназаровдун жеке буйругу менен киргенин айтып, муну имамдарга көзөмөлдү күчөтүү аракети катары сыпаттады.

"Бул муфтияттын буйругу деп, колу-бутубузду байлап атышат", - дейт имам.

Эргаш Рустамов өлкөдө имамдарга эмне үчүн соцтармактарда сүйлөөгө тыюу салынганы тууралуу "Озодликтин" журналистинин жазуу түрүндөгү суроосуна жооп берип жатып: "Кечиресиз, мен бул жөнүндө эч нерсе билбейм", - деп кыска жооп жазган.

Ал ошондой эле бардык мечиттердин башкы имамдарына жолдогон аудио кайрылуусуна комментарий берүү өтүнүчүн жоопсуз калтырды.

Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлү "Озодликке" берген маегинде имамдарга чектөө тууралуу тапшырма берилгенин ырастап, бирок расмий түшүндүрмө берген жок.

Соцтармактарда "жылдыз" болгон имамдар

"Озодлик" радиосу белгилегендей, муфтияттын тыюу салган билдирүүсү өлкөдө дин кызматкерлери аралашкан бир нече окуя катталган учурга туура келүүдө.

"Исхакжон домла" деген каймана ат менен таанымал имам Исакжон Бегматов "кэшбэк" системасын ойлоп тапкандар элге, соодагерлерге зыян келтирип жатканын айткан. Анын салыктар боюнча пикири да коомчулукта кызуу талкууга жем таштаган.

Ташкенттеги "Тухтабой" мечитинин имамы болуп иштеген "Исхакжон домла" Нооруз майрамын жана анын айланасындагы каада-салттарды кескин сынга алганы үчүн 2017-жылы кызматынан бошотулган.

Былтыр жыл башында социалдык тармактарда Ташкент облусундагы "Эшонхожа-ата" мечитинин имамы Авазхожи Бахромовдун 16 жаштагы кызды коркутуп, ыплас сөздөр менен тилдегени жазылган аудио тараган. Бул окуядан кийин имам кызматынан бошотулуп, үч суткага камакка алынган.

2023-жылы май айында Фергана облусунун Ташлак районунун башкы имамы Шукрулло Эгамбердиев ээлеген кызматынан кол жууган. Ал өзбекстандык эмгек мигранттарын жана вальс бийлеген окуучу кыздарды сындаганы үчүн кызматтан алынган.

2022-жылы Ташкенттин Үчтепе районундагы "Азиз-ата" мечитинин имамынын орун басары Мирсобит Вохидов аалымдардын ар-намысына шек келтиргендерди шарият боюнча соттоого чакырган. Көп өтпөй Өзбекстандын мусулмандар башкармалыгы билдирүү таратып, имамдын мындай чакырыгы ислам дининин окууларына жана өлкөнүн мыйзамдарына каршы келерин белгилеп, Вохидов менен эмгек келишимин бузганын ачыктаган.

Былтыр Ташкенттин башкы имам хатиби, талаштуу хутбалары (баян) менен таанылган Рахматулла Сайфутдинов да ээлеген кызматынан бошотулган. Сайфутдинов өз сөзүндө эркек гинекологдорду сындап, "аял жолдошу менен жыныстык катнаш учурунда башка эркекти элестетсе, алардан кумсалар төрөлөт" деген. Сайфутдинов "өзбек аялдары түрк сериалдарындагы сулуу эркектерди жактырып, алар менен жакын мамилени элестетип жүргөнүнө толук ишенерин" билдирген.

2022-жылы Ташкент облусунун Зангиата районундагы Фатх мечитинин имамынын орун басары Салихан Ортикходжаев ээлеген кызматынан бошотулган. Анын ичкиликке берилип кеткен мусулмандар тууралуу айтканы, жалпы Хорезм облусунун тургундарын кемсинткени кескин нааразылык жараткан.

"Имамдар коомдо стандарт койбошу керек!"

Өзбекстандын мурдагы юстиция министри Русланбек Давлетов эки жыл мурун диний ишмерлерге "коомдо ажырымды пайда кылып жатасыңар" деп эскерткен. Ал имамдардын талаштуу сөздөрүнө токтолуп, "коомдо жеке көз карашы боюнча стандарттарды коюуга жол берилбеши керек" деп белгилеген.

Русланбек Давлетов
Русланбек Давлетов

"Америкалык жазуучу Дэвид Фриман "адамдар тозокко киреби, кирбейби, өзү чечсин" деп айткан. Улуу окумуштуулар муну бекеринен айтышкан эмес. Бул нерселердин коомдун өнүгүшү үчүн чоң мааниси бар. Биз алардын жеке көз карашына ылайыктап коомдо стандарттарды коюусуна жол бербейбиз, анткени мыйзам бар".

Өткөн жылы сентябрь айында Өзбекстандын Министрлер кабинетинде премьер-министр Абдулла Ариповдун жана Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизовдун төрагалыгы менен жыйын өткөн. Ага коомдук уюмдардын өкүлдөрү да катышкан. Жыйында "диний радикализм күчөп баратканы" белгиленген жана бул кооптуу экендиги айтылган.

Ошол жыйынга катышкан адамдардын бири "Озодликке" айтып бергендей, анда соңку жылдары мамлекеттик кызматтагы адамдар жумуш ордунда намаз окуп, шариятка таянып улам бир аял алып, ар кандай диний иш-чараларга катышып жатканы тууралуу сын айтылып, мунун баары кооптуу тенденция катары бааланган.

Өкмөт башчы Абдулла Арипов жыйындын катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып, андай мамлекеттик кызматкерлер "же динди, же мамлекеттик кызматты тандашы керек" деп айтканын да өздүк булактар кабарлашкан.

Ошол жыйындан кийин Өзбекстанда бир нече мечитте азан мурдагыдай катуу айтылбай калган.

Өзбекстандын министрлер кабинетинин алдындагы Дин иштери боюнча комитеттин маалыматы боюнча, 2021-жылдын 1-августуна карата өлкөдө 16 түрдүү диний конфессияга таандык 2285 уюм бар.

Алардын 2098и ислам, калган 188и башка диний агымдарга таандык.

Өзбекстандын Конституциясына ылайык, дин мамлекеттен бөлүнгөн. Диний уюмдардын жана конфессиялардын иши "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзам менен жөнгө салынат.

Бул макаланы орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG