Казакстандын борбору Нур-Султанда күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшүнөн мелдештер өтүп, кыргызстандык балбан Тынар Шаршенбеков көңүл жубатуучу беттеште күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Орусиянын Санкт-Петербруг шаарында эмгектенип жүргөн кыргыз мигранттары футболдук клуб түзүшкөн. Командада 12 футболчу бар.
Иранда 29 жаштагы аял эркектер арасында өткөн футбол таймашына кирүүгө аракет кылганы үчүн айыпталгандан кийин өзүн-өзү өрттөп, көз жумду. Анын өлүмү социалдык тармактарда нааразылык толкунун жаратып, көпчүлүгү Иран бийлигин аялдарга стадиондорго киргенге салган тыюу сынга алышты.
Кыргызстанда экстремалдуу эс алууну каалагандар көбөйүүдө. Бийиктен секирүү, аскага чыгуу, рафтинг, парапланда учуу өңдүү өзгөчө чер жазып эс алуунун түрлөрүн Бишкектен алыс кетпей эле тапса болот.
2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алгачкы беттешинде, Кыргызстандын курама командасы Тажикстанга 1:0 эсебинде утулду.
Таласта өткөнү жаткан мамлекеттик деңгээлдеги Көчмөндөр оюндарына камылга сын-пикирлер менен коштолууда. Коомчулукта бул маданий иш-чараны өткөрүү аймактарды ашыкча чыгымга учуратып жатканын айтып жаткандар бар.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы үчүн 2022-жылы Катарда өтө турчу дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталат. Мында ак шумкарлар Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын курама командасы менен беттешет.
Туризмди өнүктүрүүгө багыт алган Ак-Суу районунун Шахты-Жыргалаң айылында туристтик фестиваль өттү. Нукура кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын көрсөткөн иш-чарага 300гө жакын чет элдик турист катышты.
Волейбол боюнча Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпиону наамына татыган Кыргызстандын курама командасы Бишкеккке кайтып келди.
Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Азиянын аймактык чемпионатынын жеңүүчүсү болду.
Өзбекстандык спортчу Нурсултан Рузибоев тараткан видеокайрылуу териштирилип жатат.
«Академия-Лидер» футбол клубунун 22 жаштагы оюнчусу жол кырсыгынан каза болду.
Дагы жүктөңүз