Мелдештин экинчи күнүндө грек-рим балбандары Атабек Азизбеков, Үзүр Жусупбеков жана Амантур Исмаилов мелдешке түшөт.
Нур-Султанда күч сынашкан балбандар
Казакстандын борбору Нур-Султанда күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшүнөн мелдештер өтүп, кыргызстандык балбан Тынар Шаршенбеков көңүл жубатуучу беттеште күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

1
Тынар Шаршенбеков көңүл жубатуучу беттеште беларус балбаны Максим Нехода менен беттешет. Беттеш 15-сентябрга белгиленген. Ал жеңишке жетсе, коло байге үчүн таймашка чыгат.

2

3
Тынар Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 63 кг. чейинки салмакта алгачкы атаандашы Румен Савчевди 8:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан учуру.

4
82 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Калидин Асыкеев армениялык Максим Манукиянга 4:1 эсебинде жеңилип, мелдешти жыйынтыктады.

5
Тынар Шаршенбковдун чейрек финалда күрөшүп жаткан учуру.

6
Шаршенбеков чейрек финалдык беттешинде жапон балбаны Шиноби Отага жеңилди. Бирок атаандашы финалга чыкканына байланыштуу көңүл жубатуучу таймашка чыгууга укук алды.

7
2018-жылы Францияда өткөн Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынган Жоламан Шаршенбеков бул мелдешке күйөрман катары келген. Ал агасы Тынар Шаршенбековду сүрөп жаткан учуру.

8
Спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жаткан "Барыс" аренасы. Арена 11 миңден ашык киши батат.

9
Өзбек балбаны Арам Варданиян 72 килограммга чейинки салмакта финалга чыкты.

10
Өзбек балбаны Арам Вардиянан мелдеште чеберчилик менен күрөшүп, күйөрмандардын алкышына арзыды.

11
72 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн кыргыз балбаны Руслан Царев алгачкы беттешинде египеттик Насан Ахмад Мохамедди 9:1 эсебинде жеңип, 1\8 финалында венгриялык Балинт Корпасиге жеңилип, мелдештен четтеди.

12
Чемпионат Казакстандын борборунда 14-сентябрда башталды. Ага Кыргызстандан 22 балбан катышууда.

13
Бээжин олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Канат Бегалиев жана грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбеков балбан Асан Сулаймановго кеңеш беришүүдө.

14
Бул чемпионатта олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда. Алдыңкы бештикке кирген балбандарга лицензия берилет. Мелдеш 22-сентябрда жыйынтыкталат.