Кыргызстандык эже-сиңдилер Нур-Жамиля жана Нур-Алия Шариповалар учурда кыздардын эркин күрөшү боюнча Швецияда өткөн бир катар мелдештерде байге ала башташты.
Бишкекте теннис боюнча «Sunrise Open» − 1 эл аралык мелдеши өтүп жатат. Ага 10 мамлекеттен 103 теннисчи катышууда.
Human Rights Watch уюму Тегеран эркектей кийинип, эл менен стадиондо футбол көргөн төрт ирандык аялды камактан бошотконун жазып чыкты.
Кыргызстан, Казакстан жана Орусиядан келген спорчулар Ысык-Көлдү сүзүп өтүштү. 22 спортчу 14 чакырым аралыктагы көлдүн тескей тарабынан күңгөй жээгине 5 саат дегенде жетти. Алардын арасында мурдагы премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаттары да болду.
Соңку жылдары волейбол ойногон кыз-келиндердин катары калыңдоодо. Топко, ишке, үйгө да убакыт тапкан айымдар волейболду жашоосунун ажырагыс бөлүгү катары эсептешет. Алардын көбү спорттун бул түрүнө турмуштан ордун таап, токтолуп калган кезде кайтып келишкен.
Кыргызстандын хоккей боюнча оспүрумдөр командасы Чехиянын Писек шаарында өткөн чемпионатта женишке жетти. Алар турнирде алты команда менен беттешип, «Чехиянын шайбасы» кубогуна ээ болушту.
Азия футбол конфедерациясынын (AFC) тартип жана этика комитети кыргызстандык футболчуларды оюндарды сүйлөшүп алып ойногону үчүн өмүрүнүн аягына чейин футболдон четтетти.
Белгилүү улакчы Манас Ниязовго АКШнын көкбөрү боюнча курама командасын машыктыруу боюнча сунуш келип түштү. Ал 25-июлда АКШнын элчилигине барып келгенин, Американын командасын машыктырууга макулдук бергенин билдирди.
Токиодогу Жайкы Олимпиадага туура бир жыл калды. Бул күндүн урматына жапондордун борбор калаасында бир катар иш-чаралар өттү.
Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Жапонияда өтө турган олимпиада оюндарына жолдомо утту.
Кыргызстандык күрөшчү кыз Мээрим Жуманазарова ушул күндөрү Таиланддын Чонбури шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медал тагынды.
Ушул аптада Анжиян облусундагы Балдар жана өспүрүмдөр футбол мектебинин аянтчасында өткөн оюнда Өзбекстандын Анжиян жана Кыргызстандын Ош облусунан барган 12 жаштан 15 жашка чейинки футболчулар беттешти. Оюн кыргызстандык жаш футболчулардын жеңиши менен аяктады.
Дагы жүктөңүз