2023-жыл кыргыз спортчулары үчүн ооматтуу болду. Өзгөчө күрөш боюнча эл аралык мелдештерде Кыргызстандын курамасы дүйнөлүк рейтингдердин сап башына чыга алды.
Базар-Коргондун Аук айылынын четте иштеп жүргөн мигранттары туулган жерине футбол аянтчасын куруп беришти. Ага кеткен беш миллион сомду мигранттар көтөрсө, кара жумушун айыл тургундары жасаган. Жаңы аянтчада күндүз мектеп окуучулары дене тарбия сабагын да өтүшөт.
Мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун парламент биринчи окууда кабыл алды. Ал арада коомчулук, жаштар бул демилгеге каршы экенин билдирүүдө.
21-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Омандын командасын 1:0 эсебинде утту. Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтүп, 49-мүнөттө жарым коргоочу Одилжан Абдрахманов гол киргизди.
Ноябрдын башында “Дордой" ассоциациясынын негиздөөчүсү, белгилүү меценат, коомдук ишмер Аскар Салымбеков өлкөдө өтүп жаткан тойлорго байланыштуу өзүнүн пикирин социалдык тармакта билдирди.
18 жаштагы Алишер жана анын карындашы, 15 жаштагы Аида Кыргызстанды ракета жана авиа моделдөө спорту боюнча эл аралык сынактарда таанытып келе жатат.
Кыргыз бийлиги уюшкан кылмыштуу топко каршы аёосуз күрөш жүрүп жатканын жарыялап, өлкөдө мындан ары криминал болбой турганын билдирди. Кыргызстандын эгемендүү тарыхында кримтөбөлдөр мамлекеттик башкаруу, саясатка чейин аралашып, коомчулукта таасирдүү фигураларга айланган.
Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын президенти алмашты. 17-октябрда Бишкекте федерациясынын кезектеги жыйыны өтүп, анда мурдагы президент Талас Бегалиев кызматын тапшырды. Анын ордуна жалгыз талапкер Рамис Жунусалиев шайланды.
Каракыз соңку үч жылда тогуз жолу ат чабышка түшүп, сегиз жолу алдына күлүк чыгарган жок. Азыркы маалда кыргыз-казакта Каракызды ашып өтчү тулпар чыга элек. Кочкордогу ат чабышта 40 күлүк 30 чакырымга чуркады. Каракыз чемпион макамын берген жок. “Азаттык” төрт туягы туйлаган күлүк тууралуу баяндайт.
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылында кол күрөштөн Азия, дүйнө чемпиондорун чыгарган спорт уясы бар. Аянбүбү Асанкулова быйыл августта Алматы шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында өспүрүмдөр арасында алтын медаль тагынды. Чемпион кыздардын айылына "Азаттыктын" кабарчысы барып келди.
Дагы жүктөңүз