Түндүк Корея аскерлери Украинага каршы согушуна аралашканын расмий ырастады. Президент Трамп Путинден Украинага сокку урууну токтотуп, тынчтыкка жетүүнү талап кылды. Прокуратура “Апрель” телеканалынын ишмердигин токтотууну өтүнүп, сотко кайрылды.
Расмий Пхеньян алгачкы жолу түндүк кореялык аскерлер Украинага каршы согушка аралашканын ырастады. Орус президенти Владимир Путин аларга Курск облусун бошотуудагы салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Бишкектин чет жакасындагы Молдовановка айылын көптөр абак жайлар менен байланыштырат. Үч миңдей калк жашаган айылдын бир кылымдык тарыхы дагы концлагерлерден башталган. “Данисте” бул жолу абак жайлардын айланасына отрукташкан айыл турмушу тууралуу айтып берет.
Бишкектин Свердлов соту "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробация менен абактан бошотту.
Жума күнү Украинанын Павлоград шаарында орус күчтөрүнүн соккусунан үч адамдын өмүрү кыйылды. Сегизи жаракат алды. Орусиянын бир күн мурда Киевди бутага алган чабуулунан каза тапкандардын саны 12 кишиге жетти.
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алганы кабарланды. Алар Ошто “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган төрт адам тууралуу сөз кылганы маалым болду.
Ал арада Орусиянын Украинадагы согушун токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек. Орус күчтөрүнүн Киевди бутага алган соңку ракеталык жана дрон чабуулунан тогуз адамдын өмүрү кыйылды.
“Россотрудничествонун” башчысы Евгений Примаков Оштогу “Орус үйүнүн” кызматкери, “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган кыргыз жараны Наталья Секеринаны бошотуп алышарын, бул окуянын жыйынтыгы жагымсыз болорун айтты. Орусиянын бул эскертүүсү эмнени билдирет?
АКШнын, Европа өлкөрүнүн жана Украинанын башкы дипломаттарынын бүгүн Лондондо өтө турган үч тараптуу сүйлөшүүсү жылып калды. Анда Украинадагы согушту токтотуу боюнча Вашингтондун сунушу талкууланат деп күтүлүп жаткан.
Украинада кайрадан кандуу чабуул. Зеленский Крымдын оккупациясын тааныбай турганын билдиргенден соң Лондондогу башкы жыйын да өтпөй калды. Вашингтондун тынчтык планы четке кагылдыбы?
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу (демаркация) иштери жакында баштала турганын билдирди.
Орусиядагы кыргызстандыктар сабалган мончону иштеткен үч адамга кылмыш иши козголду. Алар мыйзамсыз миграция уюштурду деп айыпталууда.
Дагы жүктөңүз