Украинадагы согушка тартылгандардын энелери менен аялдары Москвада митингге чыгып, жакындарын үйлөрүнө кайтарууну талап кылды. "Би-Би-Си" менен "Медиазона" согушта 60 миңдей орус аскери өлгөнүн аныктады. Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан акын Аскат Жетигендин иши боюнча сот уланды.
Москвада согушка мобилизациялангандардын аялдары менен энелери Коргоо министрлигинин алдына нааразылык билдирип чыгышты. Чогулгандар Украинада согушуп жаткан жакындарын үйлөрүнө кайтарууну талап кылышты.
Бишкектин четиндеги Беш-Күңгөй айылында 35 гектардан ашуун жайыт жерлер сатылып кетип, кашарда мал кармаган жарандар үчүн жайыт тарып жатканын жергиликтүү тургундар айтып чыкты. Алар айткан тилкелерге ондогон үйлөр тургузула баштаган.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматтан кетти. Израилдин өкмөтү АКШ сүрөөнгө алган тынчтык планына макул болду, бирок ХАМАС радикал тобун жок кылуу максатынан кайтпай турганын билдирди. Бишкек шаардык соту экс-депутат Адахан Мадумаровдун аппеляциялык арызын карай баштады
Түркиядагы вандык кыргыздардын урпактары жарым кылымдан кийин ата журту Алайга келип, тууган-тушкандарына, анын ичинде эки-үч жыл мурун Памирден көчүп келген боордошторуна жолугуп кетти.
Кыргызстандын түштүк облустарындагы дарыгерлер тубаса кемтик төрөлгөн, онкологиялык жана өпкө оорусуна чалдыккан балдардын саны көбөйгөнүнө тынчсыздануусун билдирүүдө.
Түштүк Калифорния университетинин адам укуктары боюнча профессору Стив Свердлоу студенттери менен Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга чөлкөм менен таанышып, мындагы адам укуктары маселелерин изилдөө үчүн келишти. Сапарынын алкагында алар “Азаттыкка” маек курушту.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда жумушчу күчү жетишпей жатканы жөнүндө кайрылуу жасап, соңку эки жылда айрым кийим тигүү, курулуш компанияларынын иши токтой баштаганын билдирди. Жүздөгөн жарандары миграцияда жүргөн Кыргызстанда эмнеге жумушчу күчү жетишпей жатат?
Кыргызстанда 1-июнь балдардын эл аралык күнү белгиленип жатат. Бул күнү борбор калаадагы көпчүлүк ата-энелер балдарын парктарга, көчөгө майрамдатуу үчүн алып чыгышты.
Өткөн жылы алимент боюнча эле сот аткаруучуларга 53 миңден ашык иш түшкөн. Анын канча пайызы жүзөгө ашырылганы белгисиз. Ошол эле маалда алимент төлөбөгөндөрдүн саны аз эмес.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда жумушчу күч жетишпей жатканы жөнүндө кайрылуу жасап, соңку эки жылда айрым кийим тигүү, курулуш компанияларынын иши токтой баштаганын билдирди. Президент иш издегендерди Эмгек министрлигине кайрылууга чакырды.
АКШ менен Германия Украинага берип жаткан куралы менен Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат берди.Украинада туткунга түшкөнү тууралуу видеодогу Алишер Турсуновдун туугандары аны таанып, видеодогу киши Оштун тургуну экенин ырасташты. БШК, Муртазалиев мандат маселеси боюнча сотко кайрылышты.
Дагы жүктөңүз