Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп Улуттук банктын мурдагы төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев дайындалды. Орус жергесиндеги мигранттарга басым күчөгөн шартта Москвадагы элчиликтин дарегине сын айткандар арбын. Жаңы элчи мигранттар менен кандай иштешет? Ал эмнелерге көнүл бурушу зарыл?
Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда автоунааларды техникалык кароодон милдеттүү түрдө өткөрүүнү сунуштап, бул тууралуу токтом долбоору 1-августта коомдук талкууга коюлду.
Аталган мыйзам полицияга мигранттарды депортациялоого уруксат берет. Бул мыйзам долбоорун ушул жылдын апрель айында Думадагы бардык беш фракциясынын өкүлдөрү сунуштаган.
"Сахарово" борборунда кармалып чыккан кыргызстандык мигрант Аскар Ускенбаев Орусияда кыргызстандыктар кабылган кыйынчылыктар тууралуу "Азаттыкка" айтып берди.
Америкалык журналисттер Алсу Курмашева, Эван Гершкович жана мурдагы деңиз аскери Пол Уилан Кошмо Штаттарга кайтып барышты. Алар жана дагы 13 киши Москва менен Батыштын кансыз согуштан берки эң ири туткун алмашуу жараянынын алкагында орус жана беларус абактарынан бошотулган болчу.
АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС тобунун саясий жетекчиси Исмаил Ханиянын сөөгү Дохада жерге берилет. Иран анын өлүмү үчүн Израилди айтыптап, өч аларын эскерткени Жакынкы Чыгыш ири жаңжалдын кучагында калышы мүмкүн деген кооптонуу күчөдү.
Орусияда Мамлекеттик дума мигранттарга каршы мыйзамды кабыл алды. Эми полиция чет элдик жарандарды соттун чечими жок депортациялайт. Ал арада Украинадагы согушка орус жарандыгын алган мигранттарды жиберүү дагы бир ирет сунушталды.
Ички иштер министрлигинин Бишкектеги жатаканасында аптапта суу өчүп калды. Жашоочулар 4-августтан тарта жарык да жок болот деген эскертүү берилип жатканын билдиришүүдө. Анда жашаган 60тай үй-бүлө ИИМ аларды ушундай жол менен жатаканадан чыгарууну көздөп жатканын айтып жатышат.
Жалал-Абаддын Аксы районунда үйүн сел жууп кеткен үй-бүлө коңшусунун үйүндө күн кечирип, башка турак жай салууга чама-чаркы жетпей жатканын айтып жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аларга сегиз жыл мурда ссуда бөлүнгөнүн билдирди. Жабыркагандар ал жерден көчпөй, үйүн камсыздандырган эмес.
АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАСтын саясий лидери Исмаил Хания Иранда жок кылынды. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу анын өлүмү иликтенерин билдирди.
Аксыда үйүн сел каптаган көп балалуу үй-бүлө азыр коңшусунун үйүндө күн өткөрүп жатат. Райондун айрым айылдарында жаздан бери бир нече жолу сел жүргөн. Табият кырсыгы жабыркагандарга түйшүк, ашыкча чыгым алып келди.
Венесуэлада азыркы президент Николас Мадуронун шайлоодо жеңгени жарыялангандан соң өлкөдө жапырт нааразылык тутанды. Добуш берүүнүн жыйынтыгына каршылыгын билдирген миңдеген адам көчөгө чыгып, полиция менен кагылышты.
Дагы жүктөңүз