Бишкектин Свердлов соту "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробация менен абактан бошотту.
Жума күнү Украинанын Павлоград шаарында орус күчтөрүнүн соккусунан үч адамдын өмүрү кыйылды. Сегизи жаракат алды. Орусиянын бир күн мурда Киевди бутага алган чабуулунан каза тапкандардын саны 12 кишиге жетти.
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алганы кабарланды. Алар Ошто “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган төрт адам тууралуу сөз кылганы маалым болду.
Ал арада Орусиянын Украинадагы согушун токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек. Орус күчтөрүнүн Киевди бутага алган соңку ракеталык жана дрон чабуулунан тогуз адамдын өмүрү кыйылды.
“Россотрудничествонун” башчысы Евгений Примаков Оштогу “Орус үйүнүн” кызматкери, “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган кыргыз жараны Наталья Секеринаны бошотуп алышарын, бул окуянын жыйынтыгы жагымсыз болорун айтты. Орусиянын бул эскертүүсү эмнени билдирет?
АКШнын, Европа өлкөрүнүн жана Украинанын башкы дипломаттарынын бүгүн Лондондо өтө турган үч тараптуу сүйлөшүүсү жылып калды. Анда Украинадагы согушту токтотуу боюнча Вашингтондун сунушу талкууланат деп күтүлүп жаткан.
Украинада кайрадан кандуу чабуул. Зеленский Крымдын оккупациясын тааныбай турганын билдиргенден соң Лондондогу башкы жыйын да өтпөй калды. Вашингтондун тынчтык планы четке кагылдыбы?
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу (демаркация) иштери жакында баштала турганын билдирди.
Орусиядагы кыргызстандыктар сабалган мончону иштеткен үч адамга кылмыш иши козголду. Алар мыйзамсыз миграция уюштурду деп айыпталууда.
Ошто “жалданмачылыкка” шек саналып төрт адам кармалды. Алардын арасында Ош мэриясынын маалымат бөлүмүнүн кызматкери жана жергиликтүү журналист бар.
Ошто “жалданмачылыкка” шек саналып төрт адам кармалды. Арасында Ош шаарынын мэриясынын маалымат бөлүмүнүн кызматкери жана жергиликтүү бир журналист бар. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аларды Бишкекке алып келип, сот эки айга камады.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 21-апрелде Бириккен Араб Эмирлигинен кармалып келген активист Тилекмат Кудайберген уулун 19-майга чейин камакта калтырды. УКМК дээрлик 10 күндөн бери дайыны билинбей жаткан активист 19-апрелде Кыргызстанга жеткирилгенин ырастаган.
Дагы жүктөңүз