Кадамжайдагы кыргыз-өзбек чек арасына жакын Ормош айылында суу тартыштыгын чечүү үчүн кыз-келиндер демилге көтөрүп чыгышты. Алар сугат сууну ысырап кылбай колдоону үчүн долбоор жазып, каржылык уюмдар колдогон.
Мыйзамсыз менчиктештирилген деген жүйө менен мамлекетке өткөн мүлк маселеси парламентте көтөрүлдү. Өзбекстанда 14 жашка чейинки балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөрдү өмүр бою эркинен ажыратуу мыйзамын Сенат жактырды. "Бишкек Аренанын" ачылышынан улам 5-октябрда Бишкекте окуу онлайн өтөт.
“Учкунда” басылган окуу китептери базарга чыгып кетип, бүткүл Кыргызстанды дүрбөттү. Өкмөт териштирүү жүргүзүп, милиция иш козгоду. Катуу кайтарууда турган ишканадан китептер кантип сыртка чыгып кетти? "Азаттыктын" журналисттик иликтөөсү.
Бишкекте 2021-жылдан бери курулушу бүтпөй, акчасын дагы кайтарбай жатканын айтып бир нече киши өлкө жетекчилигине кайрылды. "Ханстрой" же, дагы бир аталышы, "Брэнд Хаус" компаниясы борбор калаада салып жаткан үч турак жай комплекси ар кандай себептер менен курулбай калганын айтууда.
Литвада 49 жаштагы кыргызстандык Мухаммад Али Нуркулов “террордук уюмду каржылоого” шектелип, алты айдан бери камакта отурат.
Жогорку Кеңеште жыныстык мүнөздөгү айрым кылмыштар боюнча мыйзамдарды кайра кароо сунушу айтылды. Депутаттар пробацияны кайтаруу, тараптардын жарашуусуна жол берүү жана өспүрүмдүн жашын билбеген учурларды өзүнчө кароо маселесин талкуулашты.
Мавлян Аскарбековду райондук сот эки жылга абакка кести. Коррупцияга шектелип кармалып, кийин үй камагына чыккан экс-депутат Шаирбек Ташиевдин мамлекетке канча зыян келтиргени кайрадан такталууда. Бишкекте орусиячыл “Станрадар” порталы Кыргызстандагы улут аралык мамилеге байланыштуу талкуу өткөрдү.
Кыргызстанда президенттик шайлоого расмий старт берилип, саясий иш-чаранын эрежелери аныкталды. Ал тапта “75чилердин иши” боюнча айыпталуучулардын колуна соттун өкүмү тийди. Каспий деңизиндеги 14 аскердин өмүрүн алган трагедиядан кийин Казакстандын коргоо министри алмашты.
Каспий деңизиндеги машыгууда 14 аскер курман болду. Орусияда акыркы маалда мигранттарды текшерүү күчөп кеткени маалым болду. Нью-Йоркто жүрүшкө чыккандар Газадагы согушту айыптап, Израилдин өкмөт башчысын камоого чакырды.
Орусияда жашаган кыргыз тектүү Эмил Жеңишбеков Украинадагы согушка жасалма келишим менен жөнөтүлгөнүн жакындары айтып чыкты. Алар 28 жаштагы жалгыз уулу согушка барууга макул деген келишимге кол койбогонуна карабай күч менен Донбасска жөнөтүлгөнүн билдирүүдө.
Дагы жүктөңүз