Орусияда миграцияда жүрүп, абакка түшүп калган кыргызстандыктын ата-энеси уулун Украинадагы согушка күчтөп алып кетип жатканын айтып чыкты. Алар өлкө бийлигине кайрылып, жардам берүүнү суранып жатат.
Израилдин бийлиги Газа шаарынан чыгып кетүүнү эскерткенден кийин миңдеген киши анклавдын түштүгүнө агылды. Айрымдары согуш башталгандан бери ушуну менен 20-30 жолу жер которууга аргасыз болду. Бир катар өлкөлөр ЦАХАЛдын анлкавдын ири калаасын басып алуу аракетин сындашууда.
Израилдин бийлиги шаршембиде Газа шаарынан чыгып кетүүнү эскерткенден кийин миңдеген киши анклавдын түштүгүнө агылды. Айрымдары согуш башталгандан бери ушуну менен 20-30 жолу жер которууга аргасыз болду. Бир катар өлкөлөр ЦАХАЛдын анлкавдын ири калаасын басып алуу аракетин сындашууда.
17-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Клооптун” мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылдан абакка кести. Медианын кызматкерлерине журналист Болот Темировго көмөктөшкөнү үчүн кылмыш иши козголгон.
Орусиянын армиясы түн ичинде Украинанын темир жол инфраструктурасына сокку урду. Шейшембиде украин президенти Владимир Зеленский Орусия эки жерде чабуулга өтүүнү пландап жатканын айтты. Ал арада соттук эксперттер курман болгон миңдеген украиналык аскерлердин тек-жайын аныктоо аракетин улантууда.
Израилдин армиясы Газа шаарын өз көзөмөлүнө алуу үчүн жердеги операциясын баштады. Гуманитардык уюмдар ансыз да абал курчуп турган Газа апаат коркунучуна кептелет деп тынчсызданууда.
ЦАХАЛ Газа шаарын өз көзөмөлүнө алуу үчүн жер операциясын баштады. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жапырт чабуул тууралуу маалыматты бышыктады. Ага чейин тилкенин эң ири шаары тынымсыз бомбаланып келген.
Кыргызстандык айрым студенттер быйыл АКШдагы университеттерге өтсө да виза ала албай калганын айтышты. Дональд Трамп бийликке келгенден кийин Америкада чет өлкөлүк студенттерге карата саясат катаалдап, социалдык тармактарды текшерүү, виза мөөнөтүн кыскартуу сыяктуу коопсуздук чаралары киргизилген.
Чүйдүн Ак-Бешим айылында эки баласын өлтүрүүгө шектелип кармалган эне камалды. Израил армиясы Газа шаарын бомбалоону күчөттү. Президент Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды курчутпоого үндөдү. "Аю" холдингдин негиздөөчүсү Абдыкеримовго таандык 10 миллиард сомго тете мүлк мамлекетке алынды.
Израилдин армиясы Газа шаарын бомбалоону күчөттү. Палестин расмий адамдары билдиргендей, жекшембиде кеминде 30 турак жай талкаланды, миңдеген киши үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду. Ошол эле күнү АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио Израилге барды.
Тел-Авив Палестина мамлекетин түзүүгө жол бербейт. Мындай билдирүүнү бейшембиде премьер Биньямин Нетаньяху жасады. Бир катар өлкөлөр БУУнун Башкы ассамблеясы учурунда Палестин мамлекетин таануу ниети жөнүндө буга чейин жарыялаган. Ал арада Израилдин армиясы Газа шаарында операциясын улантууда.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү мамлекетке өтөт. Өкмөт ал имаратта карылар жана балдар үйлөрү ачыларын билдирди. Мурдагы президенттин жакындары бул аракетти мыйзамсыз деп сындашууда. Израилдин бийлиги Палестин мамлекетинин түзүлүшүнө каршы экенин кайрадан кайталады.
Дагы жүктөңүз