Непалдын бийлиги соцтармактарга чектөө киргизүү планынан баш тартканы менен өлкөдө тынчтык калыбына келе элек. Бийликтин социалдык түйүндөрдү чектөө аракетине непалдыктар, негизинен жаштар жапырт нааразылык, толкундоолор менен жооп кайтарышты.
Бишкек шаардык сотунда эркин журналист Канышай Мамыркулованын иши карала баштады. Буга чейин төрт жылдык пробацияга кесилген журналистке өкүм өзгөрүшү мүмкүнбү? Орусиянын дрондору Польшанын аба мейкиндигине киргени тууралуу маалыматтар тастыкталды.
БУУнун Коопсуздук кеңеши орусиялык дрондордун Польшанын аба мейкиндигин бузганын чукул жыйында караганы жатат. Варшава ал окуяны «агрессия» деп атады. Москва Польшадагы жайларды бутага албаганын айтууда. Айрым эксперттер Орусия альянстын биримдигин сынап жатат деп эсептешет.
Израилдин Катардын башкалаасына жасаган чабуулун эл аралык коомчулук айыптоодо. Израил бул чечимин ХАМАС радикал тобунун жетекчилигин жок кылуу максаты менен түшүндүрдү. Бул окуя Жакынкы Чыгыштагы жагдайга кандай таасир этет? Орусияда мигранттарга мыйзамдашууга берилген мөөнөт 10-сентябрда аяктады.
Катар башкалаасы Дохада Израилдин ракеталык соккусунан кийинки жарылуулар жана алардын айланасындагы окуялар дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурду. Бул кырдаал Катардагы жергиликтүү тургундар менен бирге чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде кыргызстандыктарга кандай таасир этти?
Дүйнө лидерлери Израилдин Дохага урган соккусун айыпташууда. Израилдин өкмөтү операция ХАМАСтын саясий жетекчилигин жок кылууну көздөгөнүн билдирген. АКШнын жакын өнөктөшү болгон Катар чабуулду “мамлекеттик терроризм” деп атап, Газадагы согушту токтотуу аракетинен баш тартпай турганын белгиледи.
Украинанын президенти Владимир Зеленский орус аскерлери Донецк облусундагы Яровая кыштагына бомба таштаганын, 20дан ашык киши өлгөнүн Х социалдык тармагына жазды. Орус куралдуу күчтөрү бул окуяга байланыштуу комментарий бере элек.
Орусия Украинага абадан жапырт чабуул коюп, ондогон киши мерт болду. Базар-Коргон районундагы аскердик бөлүктө 27 жаштагы ефрейтор катардагы жоокерге зомбулук көрсөткөндүгү үчүн камакка алынды. Орусия Кыргызстанга күйүүчү майды үзгүлтүксүз жеткирип турууга кепилдик берүүдө.
Израил Газадагы операциясын кеңейткенин билдирди, бул үчүн аны сындаган өлкөлөрдүн катары калыңдоодо. Кыргызстан Евробиримдиктин авиациялык "кара тизмесинен" быйыл чыгууну көздөөдө. Нарындагы аэропорт оңдоодон кийин ачылды. Жалал-Абаддын аталышын Манас кылып өзгөртүү долбоору коомдук талкууга чыкты.
Израилдин армиясы Газа шаарын бомбалоону улантып жатат. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху аскерлер калаадагы операциясын кеңейтип жатканын билдирди. Маалыматтарга караганда, Вашингтон АКШда жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобуна ок атууну токтотуу боюнча жаңы сунушун берди.
Орусияда Кыргызстандын 85 миң жараны көзөмөлдөөчү реестрде турат. Тышкы иштер министрлиги 10-сентябрга чейин документин тууралап албагандар Орусиядан чыгарыларын эскертип келатат.
Орусиянын президенти Владимир Путин Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү ийгиликсиз болсо, максатына аскердик жол менен жетерин кыйытты. Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский жана бир катар европалык лидерлер Парижде сүйлөшүүлөр үчүн чогулду.
Дагы жүктөңүз