Еврокомиссия тилкедеги согуштан улам Израилге каршы санкция киргизүүнү сунуш кылды.
Ясер Салех миңдеген мекендешиндей болуп Газа тилкесинин түштүк тарабына бет алып, түнү менен жол жүргөнүн Рейтер агенттигинин кабарчысына айтып берди:
"Кечээ түштөн кийинки саат төрттөрдө жолго чыкканбыз. Таңкы алтыда бул жерге келдик. Жолдордо тыгын, эл көп. Дааратканага бара албайсың, ушунчалык кемсинтүүчү, оор абалда калдык. Балдарыбыз ооруп атат. Бир жарым айлык эмчектеги ымыркайбыз чарчап калат деп коркуп атабыз. Дүйнө элинен азап чегүүбүздү токтотууну суранабыз".
Барар жери жок газалыктар аларга деңиздин боюнда, ачык асман алдында түнөөгө туура келерин айтышат.
Шаршембиде Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Газа шаарынын тургундарына башка жерлерге чыгып кетүү көрсөтмөсүн берди. Эскертүү жазылган баракчаларды учактардан таштап жатышты.
Аскерлер 48 саатка жаңы коридор ачып жатканын билдирген. Калаада тилкенин башка жерлеринен жан сактай качкан миңдеген палестиналык башкалкалап келатат.
Бирок 63 жаштагы Абу Мохаммед эч жакка көчпөй турганын айтат:
"Мен кайда бармак элем? Эч жерге кетпейм. Кайда барышым керек? Кайдан башкалка тапмак элек, кайда батам? Андан көрө ушул жерде өлөм. Вади Газа өткөөлүн ачышты. Жер, суу жок, эч нерсе жок. Жараткан маңдайыбызга жазганын көрөбүз".
Дүйшөмбүдө Израил анклавдагы эң ири шаарды алуу операциясын баштап, чабуулду барымтадагыларды бошотуу жана Газаны ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобунун согушкерлеринен тазалоо максаты менен түшүндүргөн.
Израилдин бийлиги карапайым тургундар арасындагы жоготууларды алдын алууга аракет көргөнүн айтканы менен күн сайын бомбаланган Газада бейкүнөө аялдар менен балдардын каза тапканы кабарланып келет.
Шаршембиде жергиликтүү саламаттыкты сактоо мекемеси согуш башталган эки жылдан бери тилкеде каза тапкан кишилердин саны 65 миңден ашканын билдирди. Маалыматка караганда, соңку 24 саатта 98 киши набыт болду, 385и жараат алды. Алардын арасында тамак-аш тараткан жерге баргандар бар. Андан тышкары төрт киши ачкачылыктан өмүр менен кош айтышканы кабарланды.
Бир катар өлкөлөр Тел-Авивдин шаарды алуу үчүн жердеги операциясын баштаганын сындашууда.
Кан төгүүнү токтотууну, барымтадагыларды бошотуу аракетин көрүүнү өкмөттөн айрым израилдиктер да талап кылып келатат. Ошондой акциялардын бирине израилдик профессор Авива Мимуни Блох да катышты:
"Согушка тойдук. Ушунча көп кишинин өмүрү кыйылып жатат, согушка катышпаган кишилер да жабыркап келатат. Биздин аскерлер мааниси калбаган урушка тартылууда. Муну талкуулап, согушка чекит коюш керек. Сүйлөшүү жүргүзүп, согушту токтотуу, Газада эки жыл мурун туткундалган кишилерди кайтаруу зарыл".
Шаршембиде Еврокомиссия Газадагы урушка байланыштуу Израилге каршы санкция киргизүүнү сунуш кылды.
Бул тууралуу Еврокомиссиянын башкы дипломаты Кая Каллас билдирди:
"Шаркеттин комиссарларынын коллегиясында Газа тилкесиндеги согушту да талкууладык. Израил бийлигинин Газа шаарына койгон чабуулу уруштун жаңы эскалациясына, гуманитардык кризистин тереңдешине алып келет. Бүгүн ХАМАС уюмунун террорчуларына, экстремисттик көз караштагы израилдик министрлерге, Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги мыйзам бузууларды колдогон конуштардагы агрессивдүү тургундар менен уюмдарга каршы катаң санкциялардын пакетин сунуш кылдым. Комиссия соода акртыкчылыктардын айрымдарын убактылуу токтотуу сунушун колдоду".
Еврокомиссия Израил адам укуктарын жана демократиялык принциптерди урматтоо каралган ассоциациялык келишимдин беренесин бузууда деп эсептейт.
Сунуштун кабыл алынышы үчүн аны биримдиктин көпчүлүк мүчөлөрү жактырууга тийиш. Бирок канча өлкө бул кадамды колдору белгисиз.
Мындан эки жыл мурун, 7-октябрда АКШ жана Еврошаркетте террордук деп жарыяланган ХАМАСтын согушкерлери Израилге Газа тараптан чабуул койгондо 1200дөй адам өлтүрүлүп, 251 киши барымтага алынган. Андан бери 140 чактысы бошотулду. Ушу тапта жоочулардын туткунундагы 20 чакты киши тирүү деп болжолдонууда.
Израил тилкени радикал топтон тазалоо максатында согуш баштап, абадан, жерден сокку уруп келатат.
16-сентябрда Улуттар Уюмунун оккупацияланган палестин аймактарындагы окуяларды иликтеген көз карандысыз комиссиясы Израил Газада геноцидге барган деген жыйынтыкка келди. Докладда айтылгандай, ЦАХАЛ 1948-жылкы конвенцияда тукум курут деп таанылган аракеттерди жасаган. Атап айтканда: адам өлтүрүү, оор залака же психикалык зыян келтирүү, палестиналыктарды жарым-жартылай же толугу менен жок кылуу үчүн атайылап оор шарт түзүү, балдардын төрөлүүсүнө бут тоскон чара көрүү.
Андан тышкары комиссия Израилдин Газадагы операциясы маалында анклав блокадага алынып, гуманитардык жардам бөгөттөлүп, элдин ачарчылыкка, тилкенин саламаттыкты сактоо жана билим берүү системаларынын талкаланышына алып келди, сексуалдык зомбулук учурлары катталган, балдарга түздөн-түз чабуулдар коюлган деген бүтүмүн жарыялады.
Израилдин Тышкы иштер министрлиги доклад “ХАМАСтын жалган маалыматтарына негизделгенин” айтып, комиссияны таркатууга үндөдү.
Шерине