Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:26

АКШ жана Украина делегацияларынын жолугушуусу аяктады


Украинанын жана АКШнын желектери. Иллюстрация.
Украинанын жана АКШнын желектери. Иллюстрация.

20-21-декабрда Майамиде Украинадагы согушту токтотуу маселесин АКШнын жана Орусиянын өкүлдөрү талкуулаганы жатышат. Орус делегациясын президенттин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев жетектейт.

АКШ тараптан сүйлөшүүлөргө президенттин атайын чабарманы Стив Уиткофф, кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнер катышууда.

Уиткофф менен Кушнер 19-декабрда Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин башчысы Рустам Умеров баштаган делегация менен сүйлөшүү өткөргөн.

Умеров бул жолугушуу тууралуу кеңири маалымат берген жок, болгону ага Киевдин европалык өнөктөштөрү катышканын айтты.

"Америкалык өнөктөштөр менен кийинки кадамдар жана жакынкы арада биргелешип иштөөнү улантуу тууралуу сүйлөштүк", - деп жазды ал Telegram каналына. (RK)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG