Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

"Көзөмөл реестрине" кирген кыргыз жарандары 128 миңге жетти. Орусиядагы миграциялык чектөө


Орусиянын күч кызматкерлери мыйзамсыз миграцияга каршы жүргүзгөн рейддерини бири.
Орусиянын күч кызматкерлери мыйзамсыз миграцияга каршы жүргүзгөн рейддерини бири.

мазмуну

  • Кыргызстандын 128 миң жараны орус полициясынын "көзөмөл реестринде" каттоодо турат.
  • 91 миңден ашуун кыргызстандык бул өлкөнүн "кара тизмесинде".
  • Талдоочулар кыргыз өкмөтүн Орусиядагы мигранттардын көйгөйүнө тийиштүү көңүл бурууга, ал эми мигранттарды кылдаттыкка жана этияттыкка чакырып жатышат.

Орусияда Ички иштер министрлигинин "көзөмөл реестрине" кирген кыргызстандык мигранттар 128 миңге жетти. Алардын 30 миңи балдар. Өткөн айда орус президенти Владимир Путиндин Бишкек сапарында мигранттар көйгөйү тууралуу да сөз болгону айтылган.

Кыргызстандык Талант атуу жаран Орусияга эмгек миграциясына бир ай мурун барган. Москвадагы "Сахарово" миграциялык борборунда текшерилип жаткан учурда аны “өпкөңдө илдет бар” деген жүйө менен шаардан 80 чакырымдай алыстыктагы медициналык борборго жаткырып коюшкан.

"Мени Солнечный деп аталган жерге алып келе беришти. Бир жумадан ашты. Алар мени өпкө оорусу менен ооруйт экенсиң дешти. Качан жөнөтөрүн деле айтпай жатышат. Учурда ушул жерде эле жатам. Чынын айтканда, мен бул убакка чейин ооруган эмесмин. Сасык тумоо болсом деле жеңил өткөрөт элем. Бул жерге мен сыяктуу күнүнө бир кыргызстандык сөзсүз келет. Бул убакка чейин кармалып тургандар бир ай он күн дегенде мекенге кайтышыптыр", - деп айтып берди ал "Азаттыкка".

Таланттын айтымында, ал жерде дагы бир кыргызстандык аял бар. Аларды жугуштуу дарт болушу мүмкүн деген шек менен алып барышкан. Качан, кантип чыгарары азырынча белгисиз.

Ал тапта Орусиянын чет өлкөлүктөр киргизилүүчү "кара тизмесине" кирген он миңдеген кыргызстандык мигрант андан чыга албай убара тартууда.

Москвада дүкөндө сатуучу болуп иштеген Батма аттуу келин реестрге кирип калгандарды эми жумушка албай жатышканын айтып берди:

"Реестрге түшкөн мигранттар келсе расмий жумушка орношо албай жатышат. Жумушка барса реестрден чыгып кел дейт. Чыгайын деп барса эмгек келишимин алып кел дейт. Ошондо мигранттар туңгуюкка кептелип жатат. Жумушка расмий киргенде гана эмгек келишимин берет да. Ишке кириш үчүн бардык тийиштүү документтер толук болушу шарт. Жанагы банк карталары да жабылып калган үчүн ишке албайт".

Орусияда мигранттарга талап катаалдашып жатканын кыргыз өкмөтү да билдирүүдө. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу 18-декабрда маалымдаганына караганда, Орусиянын "көзөмөл реестрине" кирип калган кыргызстандыктардын саны 128 миңге жетти.

Бакыт Дарманкул уулу
Бакыт Дарманкул уулу

"Орусия тууралуу бир аз токтолуп кетейин, баарыбызды кызыктырып жаткан жанагы “кара тизме” боюнча. Анда 91 миңден ашык адамыбыз турат. Быйылкы жылы миграциялык мыйзамдар кабыл алынып, шарттарды катаалдаштырып жатат. Ал жактагы жарандарыбыздын санынын азайганы да ошол. Мындан сырткары башка дагы себептери бар. Орус акчасынын курсу да төмөндөп жатканы себеп болууда".

Дарманкул уулу иштөө мүмкүнчүлүгү, шарттар Кыргызстандын өзүндө деле түзүлүп жатканын кошумчалады. Жумушчу жетишпегендиктен өкмөт чет өлкөлүктөрдү тартууга мажбур экенин белгилеп ал 2020-жылы, мисалы, сырттан жумуш күчүн тартуу үчүн 12 миң квота каралса быйыл 42 миң орун болгонун айтты.

Ал эми Кыргызстандан тыш жакта иштөөнү каалагандар, анын айтымында, жалпы 29 өлкөнүн арасынан тандай алышат. Бул үчүн министрликке караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орношутруу борборуна кайрылса болот.

Миграция маселелери боюнча эксперт, юрист Мирлан Токтобеков реестр боюнча чалып, кеңеш сурагандар өтө көп болуп жатканын айтууда. Анын айтымында, реестрге кирип калгандар өз убагында тиешелүү мекемелерге арыз менен кайрылбаса депортация болот:

"Акыркы убактарда реестр боюнча чалгандар өтө күчөдү. Реестрге түшүү, андан чыгуу механизмдерин Орусиянын Миграциялык кызматы так көрсөткөн эмес. Мисалы, кандай талаптарды бузганың үчүн бул реестрге түшүп каларың белгисиз. Биз азыр мекендештерге айтып жатабыз эгерде түшүп калсаңар өзүңөрдүн документтериңерге көңүл бургула деп".

Өткөн айда орус президенти Владимир Путиндин Бишкек сапарында мигранттар маселеси да көтөрүлгөнү айтылган. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев “бул багытта тиешелүү министрликтерге тапшырмалар берилгенин” билдирген.

Талдоочулар Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөп, бийлиги улам жаңы эреже-талаптарды киргизип жаткан чакта кыргыз өкмөтү да өзүнүн мигрант жарандарынын укугун коргоо багытында аракетин күчөтүшү керек экенин белгилеп жатышат.

Гүлнара Дербишева
Гүлнара Дербишева

"Биздин өкмөт коркпой эле нота жиберип, адекваттуу жооп бериш керек. Эки өлкө ортосундагы келишимдерди кайра олтуруп карап чыгуу шарт. Болбосо мигранттарга каршы мыйзамдарды кайра күчөтө беришет. “Амина” деген тиркеме Москванын өзүндө пилоттук режимде иштеп жатат. Орусиянын Ички иштер министрлиги ал жакшы жыйынтыгын берип жатканын айтууда. Башка облустарга да кирсе, анда кыйын болот. Анткени ал тиркеменин өзү жакшы иштебейт. Ар түрдүү жагдай болуп иштебей калса дароо эле реестрге киргизет", - дейт эксперт Гүлнара Дербишева.

Кыргызстандын 800 миңдей жараны чет өлкөдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 341 миң кыргызстандык Орусияда, 70 миңи Казакстанда 60 миңи АКШда , 40 миңдейи Түркияда жашап, иштеп жүргөнү расмий айтылды.

Соңку эки жылда Орусияда жүргөн мигранттар саны кескин кыскарганы айтылууда. Буга Орусиянын Украинадагы согушу, мигранттарга карата киргизилген катаал мыйзамдары жана чектөөлөрү себеп болууда. Маселен, Орусияда жыл башынан бери мигранттарга каршы 200 миңден ашык рейд уюштурулуп, 160 миңден көп чет өлкөлүк жаранга өлкөгө кирүүгө тыюу салынганын орусиялык "Фонтанка.ру" сайты жазып чыккан. Аталган сайт Орусиянын ИИМине жана Миграция кызматына шилтеме берген эле.

"Көзөмөл реестри" - Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий электрондук базасы. Ага документинин мөөнөтү өтүп кеткен, тартип же коопсуздук чараларын бузду делген чет элдиктер киргизилет. База быйыл февраль айында ачылган. Ал эми "кара тизме" деп адатта Орусияга кирүүгө ар кандай себептер менен тыюу салынган чет элдиктердин тизмесин аташат.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG