Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:43

Касымалиев мугалим, дарыгер, маданият кызматкерлердин айлыгы 50% жогорулай турганын айтты


Адылбек Касымалиев.
Адылбек Касымалиев.

Бул тууралуу өмөт башчы Адылбек Касымалиев "Ала-Тоо 24" телеканалына бир жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча маек берип жатып билдирди.

Премьер-министрдин айтканына караганда, 1-апрелден тартып өлкөдөгү дарыгер, мугалим, маданият кызматкерлеринин айлыгы 50% көтөрүлөт. Ал эми 2026-жылдын сентябрында муниципалдык, мамлекеттик кызматкерлердин да айлыгына 50% кошулат.

Бул үчүн 39 млрд сом келерки жылдын бюджетине кошулган.

Кыргызстандын мектептеринде 80 миңден ашык мугалим иштейт, дарыгерлердин саны 13 миңден ашса, медицина тармагында 33 миң адис эмгектенет.

Соңу жылдары Кыргызстандын мектептеринде мугалимдердин, аймактардагы медициналык жайларда дарыгерлердин жетишсизигине байланыштуу маселе байма-бай көтөрүлүп келет. Облус же район борборлорунда медиктерди кармап калуу үчүн парламентте да, өкмөттө да аларды үй менен камсыздап, жакшы айлык төлөп берүү тууралуу маселелер көтөрүлүп келгени менен ал демилгелер толук ишке аша элек. (KS)

Шерине

XS
SM
MD
LG