Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Кыргызстан

"Кассандра" тасмасынан алынган кадр.
"Кассандра" тасмасынан алынган кадр.

Кыргызстанда Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын идеясынын негизинде "Кассандра" аттуу хоррор тасма тартылды. Фильмдин режиссеру Бекзат Пирматов. Анын буга чейин тарткан "Аврора" аттуу тасмасы бир катар эл аралык сыйлыктарды жеңип алган.

Режиссер бул ирет эмнеге хоррор жанрына кайрылган жана тасма аркылуу кандай ойду бергиси келген? Мындан ары кандай жанрдагы тасма тарткысы келет?

- Бекзат мырза, кинонун жабык көрсөтүүсүнөн кийин менде суроо пайда болду. Балким, башка көрүүчүлөрдө деле болсо керек. Бул кино артхауспу, хоррорбу же психологиялык драмабы?

Бекзат Пирматов.
Бекзат Пирматов.

- Артхаус эмес. Анткени артхаус өтө татаал, эксперименталдык, автордук кино. Мисалы, Ларс фон Триер тарткан "Антихрист", аны толук артхаус десек болот. Артхаус десе эле бизде коркуп кетишет. Бул болгону автордук кинонун радикалдуу эле версиясы. "Кассандраны" автордук кино десек болот, бирок ошол эле учурда бул жанрдык дагы кино. Бул эми хоррор. Тагыраак айта кетсек, мындай жанр барбы же жокпу билбейм, мистикалык этно-хоррор десек болот. Маркес, Борхес жазган магиялык реализм бар го, ошол сыяктуу.

- Айтматовдун чыгармалары биринчи жолу ушундай жанрда тартылып жатса керек же мен жаңылып жатамбы?

- Ооба, ушул жерден көрүүчүлөргө айта кетейин, кинону "Кассандра тамгасынын" мотивинде тарткан жокпуз. Биз романдагы идеяны гана алдык. Дал өзүндөй кылып тартууга өтө көп каражат керек. Менин билишимче, 90-жылдары орустар романдын негизинде кино тартууга аракет кылган. Бир актерду атайын космоско учурууга даярдашса да керек эле. Бирок аягына чыкпай калган. Романда кош бойлуу аялдардын чекесинде кызыл так пайда болот. Ал аркылуу түйүлдүк төрөлгүсү келбегенин билдирет эмеспи. Биз романдан ошол идеяны гана алдык.

- Сиз кинону мистика деп жатасыз. Андагы албарсты ким? Балким ал жөн эле эмоция, депрессияга түшкөн адамдын абалы болуп жүрбөсүн?

- Албетте, бул баш каармандын психологиялык көйгөйлөрүнө байланыштуу. Албарсты ошол абалды чагылдырат десек болот. Хоррор тартууну чечкенибизде коркунучту кантип көрсөтөбүз деген суроо пайда болгон. Анан албарстыны тандап алдык. Албарсты жөнүндө ишеним көптөгөн элдерде кездешет. Ар элде ар башкача аталат. Негизи бул уйку-соонун ортосундагы шал болгон абалга байланыштуу көрүнүш. Адамга көкүрөгүнөн бирөө ныгыра басып же муунтуп жаткандай сезилет. Биздин башкы каарманыбыз дагы жашоосунда оор сыноолорду башынан кечирип жатат. Бирок көрүүчү кинонун соңуна чейин эмнеге андай абалга түшкөнүн түшүнбөйт. Биз тасмада албарстынын классикалык образын көрсөтүүнү кааладык. Бизде аны чачы узун, бою кичинекей, аял сымак жандык деп сүрөттөшөт эмеспи.

Енлик Айымгазы "Кассандра" тасмасында.
Енлик Айымгазы "Кассандра" тасмасында.

Кызыгы, жабык көрсөтүүдөн кийин айрым адамдар жаныма келип, бир кезде албарсты басып, катуу кыйналганын айтып беришти. Албетте, мунун баарын мистика катары түшүндүрсөк болот. Бирок адамдын психикасы ушунчалык татаал жана табышмактуу келет эмеспи.

- Соңку кезде байкасам Казакстанда да, бизде да жин-шайтандар, мастандар ж.б. жөнүндө коркунучтуу тасмалар тартыла баштады. Сиз дагы ошол көчтөн калбайын деп чечтиңизби?

- Баарыбызга белгилүү болгондой, A24 жана Neon деген киностудиялар бар. Алар башында фильмдерди жайылтуучу компания катары түптөлгөн. Кийинчерээк кино тартууга өтүштү. Кызыгы, алар башында хоррор жанрындагы тасмаларды колдоого өзгөчө көңүл бурушкан. Себеби, хоррор режиссёрго олуттуу жана маанилүү темаларды кызыктуу формада айтууга мүмкүнчүлүк берет. Эгер мен олуттуу маселелерди кадимки драма аркылуу айтсам, бул башка нерсе. Мындай долбоор продюсерлер үчүн дайыма эле кызыктуу боло бербеши мүмкүн. "Оппенгеймер" сыяктуу фильмди тартып, аброю менен чоң касса чогулта алган Кристофер Нолан болбогондон кийин продюсерлер же көрүүчүлөр олуттуу диалогду камтыган драмалык фильмге оңой менен акча салбайт. Жаш, тажрыйбасыз режиссерге андай долбоорду ишенип тапшырышпайт дагы. Ал эми хоррор - автордук кино тарткандар үчүн абдан ыңгайлуу жанр. Анда өз оюңду көрүүчүгө кызыктуу формада жеткире аласың. Ошол эле учурда фильмдин ичине маанилүү, бүгүнкү күн үчүн актуалдуу жана коомду ойлондурган темаларды киргизсе болот. Бул жанрда ар кандай эксперименттерди жасап, визуалдык чечимдер аркылуу өзүңдү эркин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бар.

- Башкы ролду Енлик Айымгазы ойногон турбайбы, ал мурда-кийин киного тартылган бекен? Кайдан таптыңыздар дегеним...

- Казакстанда таанымал театр актрисасы. Биз башында 27 жаштан 32 жашка чейинки курактагы кыргыз актрисасын издегенбиз. Бирок таба албадык. Интернеттен “Эмнеге казак актриса ойноп жатат, кыргыз актриса табылбадыбы?” деп жазып жатышат. Чын эле табылбады.

Енлик Айымгазы "Кассандра" тасмасында.
Енлик Айымгазы "Кассандра" тасмасында.

Экинчиден, кыргыз кинолорунда казак актрисалар буга чейин эле тартылып келген. Мисалы, Наталья Аринбасарова "Биринчи мугалимде" ойногон. Же "Айканы" алалы. Айтмакчы, ал (Самал Еслямова-ред.) ролун укмуш аткарган. Маселе улутта эмес. Кыргызбы, казакпы, татарбы айырмасы жок, ким жакшы ойносо, ошол тандоодон өтөт. Биз казак актрисасын тандадык жана буга бир да жолу өкүнгөн жокпуз. Енлик укмуштай терең, ички дүйнөсү бай адам. Бизге дал ошондой актриса керек болчу. Тасманын жарымына чейин ал үндөбөй аткарды. Бирок ички абалын ал жүзү, көздөрү, ички сезимдерин жеткире билүү жөндөмү аркылуу көрсөттү.

- Дагы бир баш каарманга Гүлайым Каниметованы тандаган экенсиз. Менин билишимче ал киши дагы көбүнчө театрда ойночу эле...

- Мурда бир киного тартылган дешти. Мен аны көргөн эмесмин, аталышын дагы унутуп жатам. Мен болгону эженин интервьюсун көрүп калдым. Дароо эле “Эч кандай кастингдин кереги жок, ушул актрисаны алабыз" деп чечтим.

Гүлайым Каниметова "Кассандра" тасмасында.
Гүлайым Каниметова "Кассандра" тасмасында.

Тартуу иштери башталганга чейин жарым жыл мурда сүйлөшүү жүргүздүк. Эмнегедир ал киши өзүн кино үчүн ылайыктуу эмесмин деп күмөн санагандай сезилди. Балким кимдир бирөө ага ушундай комплексти сиңирип койгонбу деп ойлойм. Бирок ал укмуш таланттуу актриса болуп турбайбы. Өзгөчө жүзү, өтө күчтүү фактурасы бар адам. Айрыкча көз карашы... Көздөрүн бир жолу көргөндө эле бардык суроолор жоголот. Актриса жана актёрлор арасында мен андан өткөн кесипкөй адамды дээрлик жолуктурган эмесмин. Өз өнөрүнө ушунчалык берилгени, өз ишинин фанаты болгону эле терең урматтоого жана суктанууга татыйт.

"Бишкекти кандай болсо ошондой тарттык"

- Кинодо Бишкектин көрүнүшү өзгөчө көңүл бурдурду да. Түнөргөн кадрлар өтө көп экен.

- Жалпы жонунан айтканда, мен Бишкекти бардык кемчиликтери менен кабыл алам. Кээде анын кемчиликтери күлкүлүү, ал тургай бир аз ыңгайсыз же башаламан көрүнүшү мүмкүн. Бирок ошого карабай Бишкек мага жакын жана кандай болсо ошондой сүйөм. Ооба, акыркы жылдары курулуш иштери башаламан жүрүп жатат. Кээде архитектуранын нормалары бузулуп, айрым учурларда таптакыр эле сакталбай калгандай сезилет. Мен өзүм көп басам жана короолордун, кычык-кучуктардын арасынан өткөндү жакшы көрөм. Мен үчүн Бишкек жалаң эле жалтырак фасаддардан турбайт жана аны кинодо кооз кылып көрсөтүү аракетин жактырбайм. Чыныгы Бишкекте баары аралашып кеткен, контрасттуу шаар, ошонусу менен көрктүү десем болот. Мен Бишкек кандай болсо ошондой көрсөткүм келди. Шаар аркылуу башкы каармандын ички абалын чагылдыруу милдети да турган. Чынын айтсам, бул үчүн өзгөчө аракет деле талап кылынган жок. Бир-эки жер болбосо, фильмдеги көчөлөрдүн көбү шаар борборунда жайгашкан.

- Буга чейин "Аврораны" Ысык-Көлдө тарттыңыз эле, бул фильм дагы ошол жактан тартылган экен. Эмне үчүн Майлуу-Суудан же Кара-Балтадан тартылган жок?

- Майлуу-Суу деле туура келмек. Бирок дарак өскөн жерди издедик. Эгер андай жерди тапсак, Бишкектен деле тартмакпыз. Көп издедик. Анан мага Ысык-Көлдүн тескейинен ушул жерди видеого тартып, салып жиберишкен экен. Көктөн издегенибиз жерден табылгандай болду.

"Кассандра" тасмасы.
"Кассандра" тасмасы.

Жети-Өгүздөгү Ак-Терек айылынын четиндеги талаада өсүп турган терек экен. Теректер 50 жыл жашайт дешет. Бул калп. Бирок биз тарткан терекке кеминде 200 жыл болуптур. Балким бул Көлдүн абасына байланыштуу болушу мүмкүн. Ошол жерге башынан үй куруп чыктык. Айбек деген жергиликтүү тургун бизге аябай жардам берди. Сценарийде "Каармандар эшикти каккылап турушат, бирок эч ким чыкпайт. Ошол учурда бир уй келип, дарбазаны мүйүзү менен ачып кирет" деген саптар бар эле. Сценарий жазуу оңой да. Бирок аны кантип ишке ашырабыз? Мына ушул жерде Айбектин жардамы керек болду. "Бизге жакшынакай уй таап бер. Ал сүт берсин, анан дарбазаны ача алсын" десек, чын эле ошондой уйду таап келиптир. Биздин тапшырмалардын баарын кынтыксыз аткарып жатты. Биз менен кошо кино дүйнөсүнө баш-оту менен кирип кетти. Ал жакта электр жарыгы да жок болчу. Генераторлорду алып барып, электр энергиясын коштурдук. Андан кийин ишибиз бүттү. Үйдү акыркы мыгына чейин чечип алып кеттик. Жер ээн калды. Бир күнү Айбек телефон чалып "Эй, баарыңар кетип калдыңарбы? Эми мен бул жакта жалгыз эмне кылам?" деп жатпайбы. Ошондо жаман боорубуз ооруду да. Айтайын дегеним биздин айылдарда укмуштай адамдар жашайт. Болгону аларга талантын ачууга мүмкүнчүлүктөр жок. Эгер жакшы шарт болсо, алардын дарамети ачылмак. Айбек муну иши менен далилдеди да.

"Кассандра" тасмасындагы кадр.
"Кассандра" тасмасындагы кадр.

- Мен ал үйдү мурда эле бар болсо керек деп ойлогом, көрсө жаңы курган турбайсыздарбы...

- Демек, көркөм режиссер өз милдетин жакшы аткарыптыр. Негизи кыргыз кинорежиссёрлору көбүнчө бюджетке карап иш кылат. Кантип азыраак акчага кино тартса болот деп ойлошот. Анткени сен продюсерлерден, инвесторлордон, жеке ишкерлерден каражат сурайсың. Асел Шерниязова менен Медер Сүйүндүков башында бул долбоорго макул болгондо, аягы эмне менен бүтөрүн билишкен эмес. Нөлдөн баштап үй кура турганыбыз ойго да келген эмес. Кийин "өтө кымбат болуп кетти, токтотобуз" деп кетенчиктешпеди. Аягына чейин колдошту. Ошон үчүн мен аларды күчтүү жана кайраттуу продюсерлер деп эсептейм. Алар чыгымдан коркушкан жок. Мунун баары фильм тереңирээк көрүнүшү үчүн, коозураак болушу үчүн, көрүүчү болуп жаткан окуяларга ишениши үчүн жасалып жатканын түшүнүштү.

"Баланы тасма эмес, ата-эне тарбиялайт"

- Дагы бир байкаганым, тасмадагы бүбүнүн образы. Башка кинолордо алар кара дуба окуган, шайтанга кызмат кылган пенде болуп көрүнүшөт. Сиздин тасмаңызда ал оң каармандын образында берилген экен...

- Кинематографиянын көз карашы менен карасак, бүбү-бакшынын образы кино үчүн абдан кызык көрүнөт. Башында биз 30–40 миң доллардын тегерегиндеги бюджет менен бир эле үйдүн ичинде өтүүчү окуяны тартууну ойлогонбуз. Бүбүгө кандайдыр бир көйгөйү бар аял келет деген жөнөкөй сюжет эле. Кийин Асел Шерниязованын "Кимдир бирөө Айтматовдун ушул романынын негизинде кино тартса жакшы болмок" деген сөзү эске түштү. Ошондо менде ушул касиет жөнөкөй эле бир аялда болсо кандай болмок деген суроо жаралды. Төрөй албай жүргөн аялдарга жардам берген бүбү курсактагы түйүлдүктүн келечегин көрө алат. Келечекте коркунучтуу кылмышкерге айлана турган балдар жарык дүйнөгө келүүнү каалабайт. Анысын энесинин чекесиндеги кызыл так аркылуу билдирет. Ал белги бүбүгө гана көрүнөт. Бир күнү чекесинде кызыл чекити бар аял келет. Бүбү ага бойдон алдырууну сунуштайт. Аял ага ишенбей, ыйлап кетет. Ал кеткенден кийин бүбү түшүндө төрөлө элек бала кийин кандай кылмышка бара турганын көрөт.

Шаршегүл Аманова "Кассандра" тасмасында.
Шаршегүл Аманова "Кассандра" тасмасында.

Эмне үчүн фильмди "Кассандра" деп атадык? Грек мифологиясындагы Кассандра көзү ачык кыз болгон. Аны бир кудай сүйүп калат. Бирок кыз анын сүйүүсүн кабыл албай коет. Ошондо кудай аны каргайт. Каргыштан кийин Кассандрага эч ким ишенбей калат.

- Сиз кинонун жабык көрсөтүүсүндө терс каармандын кылыгын Казакстандын мурдагы министри Куандык Бишимбаеваге салыштырдыңыз. Ошол окуя дагы бул фильмди тартууга идея берсе керек?

- Бишимбаевдин окуясы жөнүндө айтсам, анын кылмышы мен эле эмес, бүтүндөй Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн жашоочуларынын үрөйүн учурган. Сыртынан ал шаардык, билимдүү, интеллигент адам көрүнөт. Сөздүн гүлүн терип сүйлөйт. Бирок ичинде желмогуз жашайт.

Жаннат Керимбаев "Кассандра" тасмасында.
Жаннат Керимбаев "Кассандра" тасмасында.

Кинематографиянын көз карашы менен карасак, ал кызыктуу каарман. Анткени көпчүлүк жанрдык фильмдерде терс каарманды дароо эле билесиң. Жанрдык кинодо көрүүчү үчүн баары түшүнүктүү, агы ак, карасы кара болушу керек. Көпчүлүк көрүүчүлөр баш каарман сөзсүз жакшы адам болушу керек деп ойлойт. Бул туура эмес. Башкы каарман жаман адам дагы болушу мүмкүн. Бизде дагы бир жаңылыш түшүнүк бар. Кээ бир адамдар кино тарбия бериши керек дешет. Жок, силерди кино эмес, ата-энеңер тарбиялашы керек. Тарбия негизинен бала кезиңерде, он жашка чейин берилет. Эгер чоң киши болуп алып кинодон аялды урбаш керек, сыйлаш керек деген жөнөкөй чындыктарды үйрөнгүң келсе, анда жоголгон адамсың. Кинонун максаты - кызыктуу окуяны гана баяндап берүү. Бишимбаевдин образына кайрылсак, сыртынан аны мыкаачылыкка барат деп ойлобойсуң. Сылык сүйлөгөн жумшак адамдай көрүнөт. Бирок аялын өлөрчө сабап өлтүрүп жатпайбы. Чыныгы жашоодо жаман адамдар дайыма эле жаман адамдай көрүнбөйт. Жашоонун татаалдыгы да ушунда.

"Кассандра" тасмасынан алынган кадр.
"Кассандра" тасмасынан алынган кадр.

- "Аврораны" кара юмор кылып тарттыңыз эле, эми хоррорго өттүңүз. Мындан кийинки тасмаңыз кайсы жанрда тартылат?

- Айтматовдун чыгармаларын экрандаштыруу менин кыялым. Жазуучунун 100 жылдык мааракеси жакындап келе жатат. Бирок мындай долбоор үчүн чоң каражат керек. Мен Айтматовдун чыгармаларындагы ошол эле магиялык реализмди экранга алып чыккым келет. Ошол эле зомби-хоррор. Бул кадимки зомби тууралуу тасмалардагыдай чирип кеткен, ары-бери басып жүргөн чала өлүктөр эмес. Мен бул теманы чындап эле коркунучтуу жана ошол эле учурда абдан таасирдүү кылып көрсөтүүнү каалайм. Көрүүчүнүн үрөйүн учургандай күчтүү чыгышы керек. Айтматовду, Кыргызстанды, зомби темасын, чыгарманын философиялык тереңдигин бир фильмде айкалыштырганды элестетип көрүңүзчү. Бул бир бомба тасма болмок.

- Айтматовдун кайсы чыгармасын тартат элеңиз? "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөттүбү" же "Жамийланы" зомби-хоррор кыласызбы?

- Акча табылсын, анан айтам...

Адилет Балтабай жана Фарид Ниязов. "Азаттыктын" коллажы
Адилет Балтабай жана Фарид Ниязов. "Азаттыктын" коллажы

Президент Садыр Жапаров экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аппарат башчысы Фарид Ниязов менен жарандык активист Адилет Балтабайга ырайым бергени маалым болду.

Ынтымак Ордо буга байланыштуу комментарий берген жок. Ырайым алгандар жана алардын жактоочулары менен жакындары дагы азырынча үн ката элек. Соңку окуяларды айрымдар Садыр Жапаровдун саясатынын жумшара баштаганы менен чечмелесе, ошол эле маалды аны алдыдагы шайлоо менен байланыштыргандар дагы болду.

Алмазбек Атамбаев бийликте турганда анын аппаратын башкарган, таасирдүү аткаминерлердин бири саналган Фарид Ниязов ырайым менен абактан чыкканын биринчилерден болуп бийликчил блогер Атай Бейшенбек уулу 30-майда айтып чыкты. Ал Фейсбуктагы баракчасына муну ириде президент Садыр Жапаровдун кечиримдүүлүгү менен байланыштырып жазды:

"Мындай чечим Садыр Жапаровдун саясий атаандаштык менен мамлекеттик жоопкерчиликти аралаштырбаганын дагы бир жолу көрсөттү. Президент үчүн мыйзам алдында ар ким өз жоопкерчилигин тартат, бирок ошол эле учурда гуманизм, кечиримдүүлүк жана мамлекеттин кызыкчылыгы биринчи орунда турат. Акыркы жылдары ар кандай саясий көз караштагы адамдарга карата кабыл алынган чечимдер да анын адамдарды “өз” же “бөтөн” деп бөлбөй, өлкөдөгү ынтымакты, туруктуулукту жана коомдук биримдикти бекемдөөгө умтулган саясат жүргүзүп жатканын көрсөтүүдө", - деп жазды ал.

Мунун алдында, 29-майда Атай Бейшенбек уулу жарандык активист Адилет Балтабайга Садыр Жапаров ырайым бергенин маалымдап чыккан.

Азырынча Садыр Жапаров жана анын администрациясы буга байланыштуу комментарий бере элек. Ырайым алгандар жана алардын жакындары менен жактоочулары дагы үн катпай турат.

Соңку окуяларга байланыштуу айрыкча соиалдык тармактарда талкуу жаралды. Айрымдары муну Садыр Жапаровдун саясатынын жумшара башташы менен түшүндүрсө, ошол эле кезде бул чечимдерди алдыдагы шайлоо менен байланыштыргандар дагы болду.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов "Азаттыкка" комментарий берип жатып, ырайым берүү президенттин гана укугу экенине токтолду. Мыйзамдын жол-жобосуна ылайык, ырайым сураган адам гана күнөөсүн мойнуна алганын ырастап арыз жазышы керек экенин белгиледи.

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

"Соттолгон адамга ырайым берүү конституция боюнча президенттин ыйгарым укугуна кирет. Адатта ошондой арызды ырайым сураган адам өзү жазат. Илгертен бери келе жаткан тартиби ушундай, ал адам арызында күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурап, кылган ишине өкүнөрүн билдирет. Ал арызды президенттин алдындагы ырайым жана мунапыс берүү боюнча атайын комиссия карайт. Ал комиссия Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук комитетинин дагы корутундулары келет. Анан анын баарын чогултуп, жыйынтыктап комиссия президентке ырайым берсе болот же болбойт деген сунуш киргизет. Акыркы чечимди конституциялык укугуна байланыштуу президент жеке өзү кабыл алат. Мыйзамга ылайык, кайсы бир жагдайларда, мисалы соттолгон адам ден соолугуна же башка жагдайына байланыштуу өзү кайрыла албаса, анда анын атынан мыйзамдуу өкүлдөрү, жакын туугандары ырайым сурап кайрыла алат. Алардан сырткары башка адамдар эми президентке кайрылышы мүмкүн, бирок аларды каттары чечим чыгарууга негиз болуп бере албайт".

Туура бир жыл мурда, 3-июнда Бишкектеги Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов баштаган адамдарды Кой-Таш ишине байланыштуу күнөөлүү деп тапкан. Ага ылайык, экс-президент 11 жыл 6 айга кесилип, мүлкү мамлекетке чегерилген. Фарид Ниязов, экс-депутат Равшан Жээнбеков 7 жыл 8 айга эркинен ажыратылган. Мурдагы депутат Ирина Карамушкинанын буга чейин жергиликтүү шайлоодогу добуш сатып алууга байланыштуу берилген жаза мөөнөтү кошулуп, ага жалпы сегиз жыл берилген. Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиев 5 жыл 6 айга кесилген.

Бишкек шаардык соту бул чечимди өзгөртүүсүз калтырган. Айыпталгандар сотто күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Фарид Ниязов был ноябрдан бери Чүй облусуна караштуу Молдовановка айылындагы №27 абакта жазасын өтөп жаткан.

Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов баштаган топко 2020-жылы бийлик алмашуу менен аяктаган Октябрь окуяларына байланыштуу дагы айып тагылган.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова ырайым суроону аргасыз чара катары сыпаттады.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

"Ырайым сурап жаткандары албетте өкүнүчтүү, бул жерде эми айласыздыктан улам болду окшойт. Ырайым сураган адам баары бир кылмышкер деген макам менен калат. Анткени ырайым берүүдөгү эң башкы шарт - бул күнөөсүн мойнуна алуу да. Ансыз ырайым берилбейт. Ошон үчүн мен бул окуяларды өтө чоң өкүнүч менен карап жатам. Адилеттүүлүккө жетебиз, мыйзамдуудук болсун десек, анда булардын иши кайра каралып чыгып, акталышы керек эле. Ошондо гана мыйзамдуулук орноду десек болот эле. Эми азыр айласы кеткенинен ырайым сурап жатышса керек. Ошондуктан муну мен президенттин айкөлдүгү деп айтуудан карманып турам. Мен дагы айткам, башка адамдар дагы айтышты, кандайдыр бир парламенттик болобу же мамлекеттик комиссиябы, айтор түзүп туруп саясий өңүтү бар иштерди карап чыкпайлыбы деген сунуштар болду. Бирок бул сунуш кабыл алынган жок. Эми ырайым сураган адамдар соттолгон, кылмышкер деген макам менен калат, эми буларга реабилитация кылганга эч кандай мүмкүнчүлүк болбойт".

Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек 2022-жылы июнда камалган. Ички иштер министрлиги ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“массалык башаламандыктар”) менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Активист ага чейин бийликти сындаган акцияларга катышып, чагылдырып жүргөн. Бишкектеги райондук сот активистке үч жылдык пробациялык жаза чегерип, сот залынан бошоткон.

Адилет Балтабай абактан чыккандан кийин Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын сотуна барып, 10-январдагы митингге да катышкан жана көп өтпөй пробациялык жазанын эрежелерин бузду деген жүйө менен кайра камалган. Ал дагы күнөөсүн мойнуна алган эмес, пикири, жарандык позициясы үчүн соттолуп жатканын билдирип келген.

Адилет Балтабайдын апасы былтыр апрелде жалгыз уулу үчүн ырайым сурап өлкө башчысына кайрылганын, бирок президенттик администрациядан ырайым берилбей турганы тууралуу жооп кат алганын билдирген.

Бул тууралуу президенттик администрация, Жаза аткаруу кызматы түшүндүрмө берген эмес.

Садыр Жапаров бийликке келгени бир канча адамга ырайым берди жана буга байланыштуу талаш-талкуу жараткан окуялар дагы болду. Ушул жылдын башында 2024-жылы вебкам ишине байланыштуу айыптуу деп табылган, тогуз жылга эркиндигинен ажыратылган Даниел Ажиев президенттин ырайымы менен бошогону белгилүү болгон. Социалдык тармактарда Ажиевдин абактан чыгары менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык, ижарага алынган тик учакка түшүп кеткени тартылган видеолор жарыяланып, талкуу жараткан.

Президент Садыр Жапаров буга байланыштуу комментарий берип, Ажиевге анын апасынын кайрылуусунан улам ырайым бергенин билдирген. Бул билдирүүдөн көп өтпөй эле Ажиев 8-мартта маңзат ишине шек саналып кайра кармалганы белгилүү болгон.

Мындан тышкары Оштогу көкбөрү мелдешиндеги сөзү үчүн бейбаштыкка айыпталып, камакка алынган Султан Абдыкадыров президенттин ырайымы менен абактан чыкканын “Азаттыкка” анын атасы Абдыманап Кудайбердиев ырастады.

“Уулум кечээ Молдовановкадагы абактан чыгып, бүгүн айылга келди. Азыр бир сааттай мурун эле үйдөн тосуп алдык”, - деди Кудайбердиев 30-майда.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Султан Абдыкадыров 2023-жылы “бейбаштык” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, беш жылга абакка кесилген. Буга ошол жылы 31-август – Эгемендик күнүнө карата көкбөрү мелдешиндеги сүйлөгөн сөзү негиз болгону айтылган.

Президент Садыр Жапаров быйыл апрелде Ош облусуна иш сапары менен барып, эл менен жолукканда Кудайбердиев мамлекет башчыдан уулуна ырайым берүүнү суранган. Жапаров макул экенин билдирген.

Абдыкадыров быйыл февралда президенттен ырайым сурап кат жазганы белгилүү болгон.

2023-жылы 31-августта Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы ат майданда көкбөрү боюнча республикалык мелдеш өтүп, ага президент Садыр Жапаров да катышкан. Мелдеш аяктагандан кийин жыйынтыкка нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты кубалап, желим бөтөлкө, таш менен чапкан. Бул окуя боюнча милиция тогуз кишини кармаган. Дагы 56 кишиге айып салынып, коё берилген болчу.

Садыр Жапаров өзү абакта отурган кезде, 2019-жылы ошол маалдагы президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сураганы маалым. Анын адвокаты болгон Шарабидин Токтосунов Садыр Жапаров президенттин алдындагы ырайым берүү иштери борюнча комиссияга арыз жазганын, анда күнөөсү жоктугун белгилеп, ата-энеси, баласынан ажырап калганын белгилеп, үй-бүлөсү оор абалда турганы үчүн ырайым берип бошотууну суранганын маалымдаган.

Сооронбай Жээнбеков жана анын администрациясы буга байланыштуу комментарий берген эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG