Кыргызстандын Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев "Азаттыкка" ат жалында маек куруп, Париж олимпиадасындагы балбандардын күрөшү тууралуу айтып берди. Турганбаев дүйнөлүк мелдештер эми кызыганын, кыргыз атлеттери багынтчу ийгиликтер дагы алдыда экенине токтолду.
Кыргызстан
шейшемби 6 Август 2024
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар-башкыр кызматынын журналисти Алсу Курмашева Орусияда түрмөдөн бошотулгандан кийинки жашоосу тууралуу айтып берди. Бишкек шаардык сотунда башталган Кемпир-Абад иши боюнча сот жараяны айрым айыпталуучулар келбей калгандыктан 23-августка жылды. Париж Олимпиадасында кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков чейрек финалда жеңилди. 7-августка караган түнү балбан Жоламан Шаршенбеков коло байге үчүн күч сынашса, Мээрим Жуманазарова алтын байге үчүн күрөшөт.