Украина Орусия менен 1000/1000 форматында туткун айырбаштоо жараяны аягына чыкканын 25-майда билдирди. Жараян жүрүп жаткан үч күн бою Украинанын бир нече аймагын, борбор калаасын Орусия түнкүсүн ракета жана дрон менен аткылап жатты. Жекшембиге караган түнкү чабуулдардан кеминде 12 өмүр кыйылды.
Орусия менен Украина бири-биринин аймактарына улам чабуул жасап жатышат. Бейшембиде Москвада жана башскалаага жакын жерлерде бир нече аэропорт убактылуу жабылды.
21-майдын кечинде Вашингтондогу Жөөт музейинин жанында Израилдин элчилигинин эки кызматкерин атып кетишти. Орусиянын чабуулунан Херсондо бир киши набыт болуп, 10дон ашык адам жаракат алды. Мамдума мигранттардын геолокациясы тууралуу полицияга такай маалымат берүүгө милдеттендирген мыйзамды жактырды.
Мамлекеттик Дума мигранттардын геолокациясы тууралуу полицияга такай маалымат берип турууга милдеттендирген мыйзамды жактырды. Мындан сырткары 30-июндан баштап Орусияга барчу чет элдиктер 72 саат мурун ал өлкөгө эмнеге баратканы тууралуу атайын мобилдик тиркемеге арыз калтырышы керек.
Орусияда Украинага каршы согушту ачык айыптап чыккан активист "террорчулук" тууралуу доонун негизинде соттолду. Ал 2022-жылы куугунтуктан улам Кыргызстанга качып келген. Бишкектен кыргызстандык күч органдарынын колуна түшүп, Москвага экстрадицияланган.
Жол эрежесин одоно бузгандар айдоочулук күбөлүктөн ажырап, аны кайра экзамен тапшырып гана ала алат. Трамп Киев менен Москва ок атышууну токтотуу тууралуу "токтоосуз" сүйлөшөрүн билдирди. Вашингтондун жана Кремлдин көздөгөнү эмне? Кыргызстандын базарын кытай картөшкөсү каптады.
АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путинге телефон чалгандан кийин Москва жана Киев ок атууну токтотууну "тез арада" сүйлөшөрүн билдирди. Ошол эле маалда лидерлердин баарлашуусу тынчтыкка жетүү үчүн илгерилөөгө өбөлгө болобу деген суроо ачык калууда.
Казакстанда Костанайды "орус жери" деп атаган жана "Орусия жакында өз жерлерин кайтарып алат" деп айткан казак жараны Никита Сычуговго каршы козголгон кылмыш иши токтотулду. Экспертиза анын сөзүндө кылмыш белгилери жок деген тыянак чыгарды.
Израил Газада жердеги толук масштабдуу операция баштаганын жекшембиде билдирди. ХАМАС көзөмөлдөгөн тилкенин саламаттыкты сактоо мекемеси 18-майга караган түнү жана жекшембиде 100дөн ашуун палестиналыктын өмүрү кыйылганын маалымдады. Тараптардын Катардагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек.
АКШ президенти Дональд Трамптын Украинадагы согушту токтотуу ниетинде Орусиянын жана Украинанын башчылары менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөшүү аракети жүрүп жаткан чакта Москва украин жергесинде адам өмүрүн алган кандуу дрон соккуларын күчөттү.
Дагы жүктөңүз