Бүгүн 25-майда Киев Москва менен кезектеги туткун айырбаштоо жараянынын үчүнчү күнүн жыйынтыктады. Буга чейинки эки күнү тараптар бири-бирине жүздөгөн жарандарын өткөрүп беришти, ошол эле учурда Украинанын да, Орусиянын да аймагы согуштук дрондордун соккусуна кабылып жатты.
Жекшемби күнү украин расмийлери өлкө аймагында учкучсуз учактардын түнкү чабуулунун кесепетинен бир нече үйдө жарылуу болгонун, кеминде 12 кишинин өмүрү кыйылып, 70тей киши жараат алганын билдиришти.
Украин президенти Владимир Зеленский 25-майда орус бийлигинин агрессиясын айыптап, эл аралык коомчулукту, АКШны, "үн катпай жатышат" деп сындады:
"Орустардын мына ушундай ар бир террордук соккусу - Орусияга каршы жаңы санкцияларды жарыялоого жетиштүү себеп. Орусия согушту создуктуруп, күн сайын адамдарды өлтүрүп жатат. Тынчтыктын жолун тапса болот, бирок согуш дагы эле уланууда. Муну көз жаздымда калтырган болбойт. Американын үн катпай турганы, башкалардын унчукпай турганы Путинге дем гана берүүдө".
Экинчи түн катары менен Орусия жанкечти дрон жана ракета учуруп, Киев, Харьков, Конотоп, Сумы, Тернополь, Николаев, Одесса, Чернигов жана Запорожье шаарларын аткылап жатканы, айрым жерлерде жарылуу болуп, өрт тутанганы кабарланды.
Житомир облусунда үч бала каза болду, дагы 12 киши жараат алды.
Ал тапта Орусиянын борбор калаасы Москвада төрт аэропортто учактардын учуп-конуусуна чектөө киргизилип, калаа мэри Сергей Собянин түнү менен шаарды көздөй учуп бараткан улам бир нечеден учкучсуз учак атып түшүрүлүп, тийиштүү кызматтар дрон сыныгы түшкөн жерлерде иштеп жатканын, адамдар арасында жабыркагандар жок экенин кабарлап турду.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын дрондору жалпысынан сегиз аймакты бутага алганын билдирди.
Согуш шартында тараптардын берген маалыматын көз каранды эмес булактардан өз алдынча тактоо мүмкүн эмес.
Зеленский социалдык түйүндөр аркылуу 25-майда кабарлагандай, бул күнү 303 мекен коргоочусу кайтарылды.
"303 украиналык коргоочу өз үйүндө. Түркияда макулдашылган 1000/1000 алмашуу келишиминин үчүнчү бөлүгү аяктады. Бүгүн Куралдуу Күчтөрүбүздүн, Улуттук гвардиянын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Мамлекеттик атайын транспорт кызматынын жоокерлери мекенине кайтып келүүдө. Бул айырбаштоону ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн күнү-түнү иштеген командага ыраазычылык билдирем. Биз ар бир жараныбызды орус туткунунан сөзсүз кайтарабыз", - деди ал.
Ишемби күнү Орусия туткунда кармап турган украин жарандарынын дагы бир тобу мекенине кайткан, арасында үч жылдан бери абакта кармалып тургандары да бар. Аларды айлап-жылдап күткөн, кубанычы коюнуна батпай ыйлаган жакындары кучагын жайып тосуп алышкан.
Украина Москва макул болсо туткундардын бирин калтырбай, баарын айырбаштоого макул экенин айтууда.
Кезектеги туткун айырбаштоо жараянын 1000/1000 форматында жүргүзүүнү эки тарап жакында Стамбулда өткөн түз сүйлөшүүдө макулдашышкан.
24-майда украин президенти "Биз адамдарыбызды үйүнө кайтарып жатабыз. 1000ге 1000 туткун айырбаштоо тууралуу келишимдин биринчи бөлүгү ишке ашты" деп Telegram каналына жазган.
Бул күнү 390 кишини өткөрүп алганын, алардын 270и аскер кызматкери, 120сы жайкын тургун экенин украиналыктар кабарлашкан.
23-майда, Зеленскийдин айтымында, 307 украиналык үйүнө кайткан.
"Эки күндө 697 киши кайтарылды. Алардын 273үн Донецк облусунан кармап кетишкен, көбүн 2022-жылы. Калгандары Херсон, Запорожье, Харьков жана Луганск облусунун аймагында туткунга түшкөндөр. Биздин максат — баарын, орус туткунундагы ар бир кишини алып келүү. Муну ишке ашырыш үчүн өнөктөштөрүбүз менен иштешип жатабыз", — деп ал Telegram каналына жазган.
Suspilne Media басылмасынын маалыматына караганда, Украинанын аскер туткундары боюнча иштеген борборунун өкүлү Петр Яценко Киев орусиялыктардын баарын туткундан бошотууга дайым даяр экенин айтты.
"Баары [эркиндикке чыккан туткундар] оптимисттик маанайда. Аябай арыктап кеткен, тое тамак жеген эмес, бирок мунун баары бара-бара чечиле турган маселе... Орусиянын туткунунда эки-үч жыл жаткандан кийин мурдагыдай жайкын жашоого кайтуу оңой болбойт", - деди Яценко.
24-майдагы чабуулдарды айыптаган Зеленский "мындай соккуларга күбө болгон сайын дүйнө согуштун токтобой жатышынын себеби Москвада экенине ынанууда" деген.
Украина атышууну токтотууну улам сунуштап келе жатканын, бирок андай демилгелеринин баарын көз жаздымда калтырып жатышканын белгилеген украин лидери "Демек, жакшы натыйжага жетиш үчүн Орусияга басымды күчөтүп, чыныгы дипломатияны баштоо зарыл" деп белгиледи жана АКШдан, Европадан орус бийлигине каршы санкцияларды күчөтүүнү күтүп жатканын кошумчалаган.
23-майдагы туткун айырбаштоо Украинанын Беларус менен чек ара тилкесинде өттү. Беларус Орусиянын эң жакын союздашы. Расмий Минск Москванын Украинага каршы согушун колдоп чыккан.
Шерине