Израил армиясынын Газадагы чабуулу жана кечээтен бери Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги масштабдуу операциясы уланууда. Ондогон адамдын өмүрү кыйылганы кабарланды. Израил бул операциясынын максаты террорчуларды жок кылуу экенин жарыялады.
27-августта коңшу Казакстандын өкмөтү атомдук электр станциясын куруу боюнча референдум өткөрүү боюнча токтомду бир добуштан кабыл алды.
Украинанын Кривой Рог шаарындагы мейманканага жасалган чабуулдан төрт киши набыт болуп, беш киши жараат алды. Шейшембиде президент Владимир Зеленский маалымат жыйын өткөрүп, анда согуштун "жеңиш планы" тууралуу сөз козгоду. Орусиянын Курск аймагындагы абал ошол пландын бир бөлүгү экени белгиленди.
Түркмөн бийлиги кыз-келиндердин бойдон алдыруусуна тыюу салмакчы. Дарыгерлер абортко каршы уланып жаткан кысым кыз-келиндердин өмүрүн коркунучка тушуктуруп жатканын эскертишүүдө. Анткени айласы кеткендер пландалбаган кош бойлуулукту токтотуунун кооптуу ыкмаларын колдоно башташты.
Ага-ини Исламбек жана Русланбек Матраимов 50 миң сомдон айып төлөп, эркиндикке чыкты. Украина кайрадан Орусиянын чабуулуна кабылды. Орусиялык ырчылардын Бишкек сапары социалдык тармакта бир топ нааразылык жаратты. Орусияда мигранттардын балдарын “Юнармияга” жиберүү сунушталды.
27-августка караган түнү жана эртең менен Украина кайрадан Орусиянын чабуулуна кабылганын, адамдар каза болуп, имараттар талкаланганын билдирди. Кечээ да жапырт соккудан кеминде сегиз адамдын өмүрү кыйылган. Кривой Рог шаарында мейманканага ракеталык чабуул жасалып, адамдар каза тапканы кабарланды.
26-августтун таңында Украинанын аймагы орус армиясынын жапырт аба соккусуна дуушар болду. Негизинен энергообьектилер бутага алынды.
26-августтун таңында Украинанын аймагы орус армиясынын жапырт аба соккусуна дуушар болду. Кыргызстандын Берлиндеги элчилиги Золингендеги кол салуу боюнча кармалган 15 жаштагы өспүрүмдүн тек-жайы такталып жатканын маалымдады. Кыргызстандын мектептеринде 17 миллиондон ашык окуу китеби жетишпейт.
1-августта АКШ, Батыш менен "тарыхый айырбаштоо" деген жараяндын алкагында Европа абактарында отурган сегиз киши Орусияга кайтып келди. Алар үчүн Кремль 16 саясий туткунду бошотту. Путин өзү тосуп алгандардын арасында Польшада тыңчылыкка айыпталып камалган Пабло Гонсалес же Павел Рубцов да бар.
"Азаттыктын" түркмөн кызматынын мурдагы кабарчысы Худайберди Аллашов 13-августта узакка созулган оорудан көз жумду. Анын өлүмү дүйнөдөгү эң жабык, авторитардык өлкөлөрдүн бири болгон Түркмөнстанда журналисттер куугунтукка, кыйноого жана атүгүл өлүмгө дуушар болуп жатканын көрсөттү.
Дагы жүктөңүз