Кыяс Молдокасымов, Бишкек
http://gdb.rferl.org/3F9B2976-F377-4C93-8931-5C00C196B389_w203.jpg
Дүйнөлүк согушка 350 миңден ашуун кыргызстандык жоокер майданга аттанып, алардын тең жарымынан көбү Мекенине кайтпай калган. Миңдеген жарандар аргасыз туткунга түшүп, согуш аяктаган соң, «чыккынчы» деп айып тагылып, Сибир токойлорундагы лагерлерде оор запкыны баштарынан кечиришти. Алардын айрымдары андай кыйноодон сактанышып, бөтөн эл, бөлөк жерде өмүр кечирүүгө аргасыз болушту. Андай жоокерлердин бири - айтылуу Азамат Алтай. Анын өз аты-жөнү - Кудайберген Кожомбердиев. Ал Батышта, океандын аркы жээгинде жүрүп, элинин эркиндиги үчүн күрөшүп келди. Кыргыз элинин таламын талашып, келечегинен күдөр үзбөй күтүп келди. «Азаттык» радиосун түптөөгө катышып, анда көп жыл эмгектенди. Тоталитардык доордо Азамат Алтай тууралуу бир беткей гана каралаган макалалар басылып келсе, эгемендүү заманда анын өмүр баянын, эмгегин калыс баалаган макалалар, повест-эсселер жазыла баштады. Азамат Алтай тууралуу жазылган алгачкы чыгарманын автору, белгилүү драматург Бексултан Жакиев бизге маек куруп берди.