Кыяс Молдокасымов, Бишкек Он күн илгери «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу абагынан Юстиция министрлигине караштуу №19-түзөтүү жайына которулган эле. Эки жылдан ашуун мезгилден бери сырткы дүйнө менен дээрлик байланышта болбой келген партия лидерине эми аздыр-көптүр тууган-уруктары, жакын санаалаштары менен көрүшүп, пикир алышып турууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бирок азырынча анын абактан чыгышы тууралуу сөз козголо элек.
Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Бүгүн Аксы районунда былтыркы коогалаңда курман болгондорду эскерген иш-чаралар өткөрүлдү.
Солтонбек Шаршенов аты уламышка айланган биртоп өнөрпоздор менен чогуу иштешкен. Улуу муун Калык, Осмонкул, Алымкул төкмөлөрдүн таалимин алган, кыйла жылдар өнөр секисинде айтылуу куудул Асанкул Шаршенов менен чогуу оюн-тамаша койгон чыгармачыл инсан. Солтонкул аксакал менен кабарчыбыз Бекташ Шамшиев аңгемелешкен.
Солтонбек Шаршенов Улуу Ата Мекендик согуштан кайтып келгенден кийин 40 жылга жакын кыргыз филармониясында иштеген. Калык, Осмонкул, Алымкул аксакалдардын жанында жүрүп, Асанкул Шаршенов, Эстебес Турсуналиев сындуу таланттарга таалим-тарбия берген. Солтонбек аксакалдын залкарлар менен жүргөн кезиндеги окуяларынан бир шиңгил.