Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:56

ФЕЛИКС КУЛОВДУ БОШОТУУ БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ШТАБ ТҮЗҮЛДҮ


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстанда Феликс Куловду бошотуу боюнча республикалык штаб түзүлдү. Бул штабдын түзүлүшүнө карата коомчулукта түрдүү көз караштар айтылууда.

Айрым укук коргоочулардын демилгеси менен «Арнамыс» партиясынын учурда абакта жаткан жетекчиси Феликс Куловду бошотуу боюнча республикалык штаб түзүлдү. Анын негизги максаты, Феликс Куловду бошотуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү экендиги маалымдалды. Бул жөнүндө аталган штабдын жетекчиси, «Кыргызстан укук коргоо кыймылынын» төрагасы Турсунбек Акун мындай дейт:

- Буга чейин республикада Куловду бошотууну талап кылган саясий ыкмалардын баары колдонулду. Саясий ачкачылык жарыяланды, митинг, пикеттер уюштурулду. Бирок, мындай акциялар натыйжа берген жок. Эми биз бул аракеттерди улантып, Куловду бошотуу боюнча саясий акцияны калктын кеңири катмарынын катышуусу менен өткөрүүнү чечтик. Кулов катардагы адам эмес. Эл аралык коомчулук анын бошотулушун талап кылып жатат.

Адам укуктары боюнча Эл аралык Лиганын өкүлү Петр Залмаев аталган уюм Куловдун бошотулушун талап кылаарын мындайча билдирди:

- Адам укуктары боюнча Эл аралык Лига Феликс Куловдун ишинин кайра каралып чыгышын талап кылат. Уюм «бул ишти саясий мүнөздөгү иш» деп эсептейт. Кулов бошотулмайынча, Кыргызстан Адам укуктары боюнча Эл аралык Лиганын жыйын, конференцияларына толук кандуу катыша албайт..

Феликс Куловду бошотуу боюнча республикалык штабтын түзүлүшү айрым саясий партиялар жана коомдук уюмдар тарабынан колдоого алынууда. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйнынын депутаты Өмүрбек Текебаев да мындай штабдын түзүлүшү учурдун талабы деп эсептейт:

- Феликс Куловдун сот жообуна тартылышы саясий мүнөзгө ээ экендиги тууралуу буга чейин көп эле айтылып келе жатат. Бирок, ага бийлик, сот органдары тарабынан эч кандай жооп болгон жок. Менимче, бийлик укпаган, уккусу келбеген маселелерге укук коргоочулар, атуулдук коом ушундай штаб же башка уюмдарды түзүү аркылуу бийликтин көңүлүн бурдурууга аркеттениши туура. Ошондуктан, Куловду бошотуу боюнча республикалык штабдын түзүлүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептейм.

Ал эми айрым бейөкмөттүк уюмдарынын өкүлдөрү жогорудагыдай аракеттерди «укук коргоочулар соңку мезгилдери карапайым адамдардын укуктарын коргоонун ордуна көбүнесе саясий иштерге кийлигишип жатат» деп сынга алышууда. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эдил Байсаловдун пикири төмөндөгүчө:

- Феликс Кулов саясий туткун экендиги, ал оппозициялык көз караштары үчүн мыйзамсыз түрдө камакта отургандыгы жөнүндө биз дайым эле айтып келе жатабыз. Ошондой эле бул тууралуу эл аралык уюмдардын жыйындарында, бардык жолугушууларда да айтылып келет. Бирок, Куловду бошотуу боюнча республикалык штабды түзүүнүн зарылдыгы деле жок. Акыркы мезгилде укук коргоочулар сяасатчылардын иштери менен көп алек болуп жатышат. Менин пикиримде, укук коргоочулар карапайым калктын укуктарын коргоого көбүрөөк көңүл буруулары тийиш.

Феликс КУловдун адвокаты Любовь Иванова «кыргыз мыйзамы Куловдун ушул жылдын июнь айында шарттуу түрдө бошотулушуна жол берет» деген пикирин билдирди:

- Мөөнөтүнө чейин шарттуу түрдө бошотуу жаза өтөө мөөнөтүнүн үчтөн эки бөлүгүн өтөгөндөргө карата колдонулат. Июнь айында Феликс Куловго берилген мөөнөттүн үчтөн эки бөлүгүнөн да көбүрөөгү бүтөт. Ошондуктан, мен «Кулов бошотулушу керек» деп эсептейм. Бирок, ал бошотулабы же жокпу, ал жөнүндө мен айта албайм.

Ал эми Феликс Кулов «Азаттыктын» кабарчысынын анын адвокаты аркылуу берген суроосуна төмөнкүдөй жооп берген:

- Менден коркушат. Эмне себептен экендигин билбейм, бирок, ачык айтканда, менден коркушат.

Айрым саясатчылар «эгерде Феликс Кулов ушул жайда шарттуу түрдө бошотулбаса, анда анын саясий туткун экендиги эл аралык коомчулуктун алдында дагы бир ирет далилденет» деген пикирлерин айтышууда. Ал эми аткаруу бийлик өкүлдөрү «Ф.Кулов катардагы кылмыш иши боюнча сот жообуна тартылган» деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG