Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:44

TУРМУШ БЕЛЕСТЕРИ: КУЛОВ ЖАНА ТҮРМӨДӨГҮ ТУРМУШ


Урматтуу угармандар. Жайкы эс алуудан кийин "Турмуш белестери" радио-журналыбыз кайрадан эфирде! Анын бүгүнкү саны бир кезде мамлекеттик эң жогорку кызматтардын биринде иштеп жүргөн таанымал замандашыбыздын түрмөдөгү турмушуна арналат. Сөз жакында талапкердиги Сахаров атындагы сыйлыкка көрсөтүлгөн Феликс Кулов жөнүндө жүрүп атканын жазбай баамдасаңыздар керек.

Феликс Кулов түрмөнүн короосундагы жалгыз аяк асфальт жол менен жерди карап, бирок шайдоот басып келатты. Үйдө жүргөндөй көк спорттук шым, үстүнө футболка кийип алган. Илгери гезитте, теледе эл алдына чыгып жүргөн келбетинен өзгөрбөптүр. Кайгыга алдырып, мүңкүрөгөн түрү жок, мурдагысындай эле толмоч. Ак жуумал жүзүнөн арак-шарапка көңүл кош, ден-соолугуна көңүл бурган адам экени байкалып турду.

55 жаштагы экс-генералдын айтымында, ага башкалардан көп айырмасы жок шарт түзүлгөн:

"Шарты жакшы эле, ашып түшкөн артыкчылыктар жок. Эл катары элемин. Мен отурган камерада душ, даараткана жок. Телевизор бар, балдар гезит жиберип турушат", - деди Феликс Кулов жолугушуу бөлмөсүндө учурашып, жайлашкандан кийин.

Кулов тамак-аш жагынан деле күндө май чайнап, беш бармак жебейт:
- Өзүм негизи тамакты аз жейм. Жегеним көбүнчө мүнөздүү диеталык тамак. Шорпо-шилең ичем. Мурда кандай тамактансам, бул жакта да туздуу, ачуу жебейм. Негизи, ичкен ашым - өтө жөнөкөй.

Кыргызстандагы эң таанымал айыпкер отурган түрмө Бишкектен түндүктө, "Манас" аэропортунан ары дагы 20 чакырымдай жердеги Жаңы-Жер айлынын сыртында жайгашкан. Айылдан коомдук унаа каттабайт, түрмөгө чейинки 3-4 чакырым жолдо баштыктарын көтөрүнүп, жөө-жалаңдап бараткан бир аялды, эки кишини жолуктурдук.

Түрмөнүн дубалдары эгемендүүлүктүн доорунда бир да жолу акиташ көрбөгөндөй, карала-торала болуп турат. Түрмөнүн алдындагы жыгачтан курулган кароол секиси аңгырап бош турду. Өңү өчкөн аскер кийимчен, сөөгү ката элек өспүрүм балдар түрмөнүн берки ыптасындагы короодо чарадагы сууга бети-колун чакйап, жуунуп жатышты. Кире бериштеги жарыя тактасындагы жазууга караганда, мейманкана тибиндеги жолугушуу бөлмөсүнүн ижарасы бир саатка 18 сом, үч күнгө 48 сом экен.

Жолугушуу бөлмөсүнүн каалгасын ачканда эле төрдө темир тор тагылган чакан терезе, эки капталда дубалды бойлото коюлган эки темир керебет көзгө урунат. Эшикке ичинен бадырайган сары, күрөң түстүү гүл салынган эски парда тагылган. Дубалда - көк көз сымбаттуу жигитке назданып, бокалдан шарап ичип, чыканактап отурган европалык түспөлдөгү сулуу кыздын чоң сүрөтү. Дагы башка түстүү романтикалык стилдери сүрөттөр бөлмөнүн жупунулугу менен анча коошпой турду. Бурчта тумбочка, четте буту темир төрт бурч стөл...

Бир кезде калк кадырлап, "элдик генерал" атыккан Кулов менен ушул шартта учураштык. Ал жайдары жылмайып, сыр берген жок:

- Орунсуз ашык сүйлөгөндү өзүм анча жактырбайм. Бирок мен бул жерде эмне себептен отурганымды билем. Ошондуктан, көп сүйлөп отурбайын. Бир сөз менен айтканда, адамдар мен тууралуу жакшы ойдо экенин билем. Алар мени күнөөлүү деп эсептебейт. Мага ушул күч-кайрат берет.

Жаңы-жер түрмөсүндө 500 чакты айыпкер бар. Алардын 50дөйү «кызыл шапкечендер», же мурда тартип коргоо системасында иштегендер. Калгандары – сотто, коргонуу министрлигинде жана ушул сыяктуу органдарда иштеп жүрүп, кесилгендер. Куловдун айтымында, көбү экономикалык кылмыштар менен отурат. Бир курдайы - мал уурдап, же карыз алып, кайтарып бере албай калгандар. "Жаңы-жердиктердин" көбүнө киши каттабайт:

– Бул жактагылардын 90 пайызына эч ким келбейт. Машинасы жок үчүн эле эмес. Автобуска акчасы жетпейт. Мисалы, Нарын облусунан бул жакка ким келет? Кеминден, Канттан, ал тургай Бишкектен келгенге шарты жоктор бар. Жашоосу өтө начар. Көбү бала-бакырасын бага албай калганда уурулукка барган. Ошон үчүн бул жакка түшкөн. Боштондукта колунда болбосо, артында калган аялы, балдары кантип келе алышат дейсиз?

Кулов ушуга байланыштуу сот тсистемасында өзү баамдаган дагы бир кырдаалга токтолду:

- Элдин абалы өтө оор. Мен өзүмчө социологиялык анализ жүргүздүм. Кээ бирлери өзгөчө ири суммага уурулук кылган. 100 миң сомдон ашканда "өзгөчө ири сумма" деп саналат. 100 миң сомду айрым чиновниктер 2-3 күндө ресторанда отуруп эле ичип-жеп коюшат. Ал эми бул жакта ушул сумма үчүн 15 жылга кесилгендер бар. Бир байкуш жетим баланы мас болуп алган абасы мал уурдоого ээрчитип барыптыр. Кармалып, 15 жылга кесилген. Ал балага мунапыс да жок. Киши өлтүргөндөр бошонуп кетип жатышат, анткени алардын төлөнбөй калган доосу жок. Ал эми уурусу кармалып, мойнуна 20 миң сом түшкөн киши түрмө мөөнөтүн баштан аяк өтөйт.
Феликс Кулов түрмөдөгү 500 кишинин арасынан жоро-жолдош күтө алган жок.

- Бул жактагы система бир кызык. Ким менен мамиле түзсөм да, дароо ага кысым көрсөтүп, куугуктукка ала башташат. Ошон үчүн зонада эч ким менен жакындашкым келбейт. Учурашып, аркы-теркини сүйлөшөбүз, бирок эч ким менен жакын ымалашпайм. Мен каалабагандан эмес, бул кишилерге, урук-туугандарына боорум ооруйт.

Ал эми түрмөгө чейин катташып жүргөн жоро-жолдошторуңуз кантти?

– Бул адамдардын бала-бакырасы бар. Мен аларды жакшы түшүнөм. Аларга мында келүүгө тыйуу салам. Анткени куугунтукка кабылышы мүмкүн. Мен өзүмдү эрки таштай бекем кишимин деп эсептебесем да, өзүмө болгон ишеним жетиштүү. Бирок башка кишилердин көз жашына калгым келбейт. Ошондуктан, келбегиле деп айтам.

Бир кезде коопсуздук кызматынын офицери катары спорттук мыкты даярдыктан өткөн Кулов абакта да машыгат. Анын аракети менен, Жаңы-жер түрмөсүндө баскетбол, волейбол жана мини футбол талаалары жабдылган, теннистик стол орнотулуп, бадмингтон аянты жасалган, машыгуу бөлмөсү ачылып, гантелдер алынып келинген. "Булардын баарын бул жактагы жигиттер менен чогуу жасадык", - деди Кулов.

Түрмөдө мечит да бар. Бирок ал жакка беш-алты киши гана барат.

- Мен да барбайм. Жакында бул жакка биздин үй-бүлөнүн молдосу келди. Ал мага абакта отурган киши намаз окубаса, ага кечиримдүү деп айтты. Анын үстүнө, намаз окуганга убактым да жок.

Оппозиция лидери чынында да зерикпейт өңдөнөт. Жумасына 3-4 ирет киши каттайт, биздин алдыбызда эле аты элге жакшы белгилүү кишилер келип кеткенин уктук. Кулов кыргыз тилинен экзамен тапшыруудан баш тартканы үчүн, 2000-жылы президенттик шайлоодон четтетилген эле. Экс-вице-президент андан кийин "кыргыз тилин өздөштүрөм” деп бир катар жолу ачык айткан. Ал ниетиңизден баш тарта элексизби? – деп сурасам, "Чыксам сүйлөйм", - деп кесе жооп берди.
.

Тектеш

XS
SM
MD
LG