Эгемендиктин 20 жылдык мааракесине тушташ Бишкекте Манас баатырдын жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылары күтүлүүдө. Бирок коомчулуктун бул маданий долбоорлор шашылыш ишке ашырылып жатат деп эсептеген өкүлдөрү азыркы бийликтин аракетин сынга алышууда.
Ушул жылдын 19-августунда тарыхта ГКЧП деген ат менен калган Коммунисттик партия доорунун кулаган күнүнө 20 жыл толот.
XXI Татар жаштары күндөрү оюн-зоок, бий жарышы менен коштолду. Казан, Татарстан. ЭЕ/АҮ Татар-Башкыр кызматы. 29.7.2011.
Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу турниринде Кыргызстандын курама командасы өз жеринде Өзбекстанга 0:3 эсебинде утулуп калгандан кийин кыргыз футболунун абалына жумурай журтта кызыгуу күч алды.
1991-ж. 19-августунда эскичилдер СССР президенти М.С.Горбачевго каршы кутум баштады. ЭЕ/АҮ кабарчылары өз башынан кечирген окуяларды эскеришет.
1991-жылдын 19-августунда КПСС менен КГБнын эскичилдери СССР президенти М.С.Горбачевдон бийликти тартып алуу далаалатын жасашты. Кутум аракетинин тез эле ойрон болушу ошол жылдын этегине чейин СССРдин биротоло кулашына жол ачты. ЭЕ/АҮ кабарчылары өз башынан кечирген окуялар менен бөлүшөт.
Ала-Тоо майданындагы “Эркиндик” эстелигинин ордуна Манас баатырдын, маңдайына жазуучу Айтматовдун айкелин тургузуу боюнча өкмөттүн чечими расмий айтылды.
Бүгүнкү күндө миллиондой кыргызстандык чет мамлекеттерде жүрөт. Адистердин айтымында, мээлүүлөрдүн агымын токтотуу үчүн реформалар талап кылынат.
Беларус коопсуздук күчтөрү 20-июлда президент А.Лукашенканын режимине каршы нааразылык чарасына чыккан ондогон адамдарды кармады.
Омскидеги карамайды кайра иштетүүчү ишкана Бажы Биримдигине кирбеген өлкөлөргө бензин сатууну токтотуп, Кыргызстанда май таңкыстыгы орун алды.
“Доор ураганда” түрмөгүнүн бул чыгарылышында кыргыз кыз-келиндеринен чыккан чыгаан окумуштуу, филология илим доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын академиги Бүбүйна Орузбаева тууралуу баяндайбыз.
Минск шаарында өткөн унчукпоо чарасы маалында ондогон кишилер камакка алынды. "Азаттыктын" Беларус кызматы. 13-июн, 2011-ж.
Дагы жүктөңүз