Бул күнү Кыргызстандын эгемендик жарыялаарына тогуз гана күн калган эле.
Тарых илимдеринин доктору, публицист Тынчтыкбек Чоротегин менен 1989-91-жылкы окуялар, доор тогошкон учурдун жүгү тууралуу маек.
“Арай көз чарай” талкуусунун кезектеги чыгарылышы Кыргызстандагы 20 жыл мурдагы жана бүгүнкү демократияга арналды.
Советтер Союзу доорунда Нарын шаарындагы сүт заводдо көп жылдар бою иштеген Анипа Арыкова ири держава ыдырап, колхоздордон сүт келбей тартыш болгон кездерди айтып берди.
1991-жылдын 19-августундагы СССРге өзгөчө абал киргизүү аракети оңунан чыкпай калганы менен, олуттуу тарыхый өзгөрүүлөрдү шарттаган.
“Доор ураганда” түрмөгүнүн алкагында легендарлуу парламенттин төрагасы, Кыргызстандын Ирандагы элчиси Медеткан Шеримкулов "Азаттыкка" маек курду.
20 жыл мурда Москвада Советтер союзун сактап калганга акыркы аракет жасалган. 1991-жылдагы Кыргызстан демократиялык кыймылынын лидери, коомдук ишмер Жыпар Жекшеев "Азаттык" менен ал күндөрдү эскерди.
Мындан туура 20 жыл мурда Москвада Советтер союзун сактап калганга акыркы аракет, мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалган. Бирок СССРди сактоо үчүн түзүлгөн ГКЧП аракети үч күн ичинде ийгиликсиз аяктап, анын мүчөлөрү камакка алынды, Советтик республикалар эгемендикке ээ болушту.
Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев “Азаттыкка” маек куруп, 20 жыл мурдагы окуяларды эстеп, алдыдагы шайлоого чоң үмүт артаарын билдирди.
76 жаштагы Талас шаарынын тургуну Сыргабай Күрүчбеков бала кезинде тылда иштеп, жарым кылымдан ашуун жүргүнчүлөрдү ташып айдоочу болуп, ошол эле кезде обон созо ыр ырдап, “Манас” эпосунан үзүндү айтып, бир канча республикалык кароо-сынактардын бир жеңүүчүсү болгон.
Кыргызстанда акыркы жарым жылда 700дөн ашуун митинг жана пикет катталды. Аларды социалдык, саясый жана буйрутма, ж.б. топторго бөлүүгө болот.
20 жыл мурда ГКЧП түзүлгөнү жарыяланып, ал СССРдин президенти Горбачевду кызматынан кетирип, Эгемен мамлекеттер биримдигин түзүү боюнча макулдашуунун кол коюлушун үзгүлтүккө учуратуу далаалатын жасаган.
Дагы жүктөңүз