1991-жылдын 19-августунда КПСС менен КГБнын эскичилдери СССР президенти Михаил Горбачевдон бийликти тартып алуу далаалатын жасашты.
Кутум болгону 3 күнгө созулду. Төңкөрүш аракетинин тез эле ойрон болушу ошол жылдын этегине чейин СССРдин биротоло кулашына жол ачты.
Х.Тамразян
ЭЕ/АҮ Армян кызматынын деректири Храйр Тамразян “кутум жеңди го” деп сестенгенин эскерет:
- Мен Нью-Йоркто иштеп аткам. Бир нече жыл илгери Армениядан АКШга кетип, “Азаттыктын” Нью-Йорк бюросунда иштеп жүргөм. Анан эле Михаил Горбачев Крымдагы Форос жергесинде камакка алынды деген кабарды сыналгыдан айтып калышты. Бул – 1991-жылдын 19-августу болуш керек эле. Мен үчүн бул - азаптуу кабар болду. Эми баары бүттү деген ой кетти. “Советтер Биримдиги кайра күчтөндү. Армения эми көз каранды эместикке жетем деген үмүтүн үзө берсе болот” деп ойлодум.
С.Наумчик
Учурда ЭЕ/АҮ Беларус кызматынын кызматкери Сергей Наумчик болсо ошол тапта Беларус Жогорку Кеңешинде оппозициячыл депутат болчу. Ал көз карандысыздык үчүн кыймылга кол кабыш кылган.
- Маскөөдө кутум чыгып, Горбачев камалганда, биз, беларус оппозициясы, миңдеген кишилерди көчөгө чыгарып, эркиндикти талап кылдык. Маселе Горбачевдун керт башында эмес эле. Иштин баары мыйзамдуулук менен Баш мыйзамды сактоо талабында болчу. Биз Беларуска көз каранды эместикке чыгуу укугун берүүнү талап кылганбыз.
3 күндөн соң, кутум ишке ашпай калды. Биз Жогорку Кеңештин чукул жыйынын чакырууну талап кылдык. 30 миңдей кишини көчөлөргө чыгардык. Акыры, мындай кысымдан улам парламент жыйыны болду. Калайык Беларустун көз каранды эместигин талап кылган ураан чакырып сыртта турушту.
Беларус Жогорку Кеңешиндеги 300 орундун 30дайы гана оппозицияга таандык болчу. Ошондуктан демонстранттардын сырттан жасаган кысымы жана колдоосу болбогондо биз эч нерсеге жетише алмак эмеспиз.
К.Кобрин
ЭЕ/АҮ Орус кызматынын кызматкери Кирил Кобрин болсо 1991-жылы августта ал кездеги Горький (азыркы Нижний Новгород) шаарында Маскөөдөгү окуяларга анчейин кызыгышпагандыгына таң калганын жашырбайт.
- Маскөөдө “кутум” делген бул окуялар башталганда, мен шаардын чордонуна келдим. Быякта Горбачевду, Ельцинди, демократияны колдогон анча-мынча жыйын болот ко деп үмүттөндүм. Бирок Горький шаарынын чордону таптакыр ээн болуп чыкты. Мында кутумду колдойм деп же Ельцин менен Горбачевду коргойм деп ырымга бир жан чыкпады. Эч ким жок болуп чыкты.
Мен бир маанилүү нерсени аңдадым. Советтик калайыктын чыныгы көйгөйү – азык-түлүк, маяна сыяктуу маселелер экен. Калган бардык саясий жагдайлардан тиричилик көйгөйлөрү маанилүүрөөк болуп чыкты.
А.Бабицкий
ЭЕ/АҮ “Кавказ жаңырыгы” (“Эхо Кавказа”) кызматынын редактору Андрей Бабицкий 1991-жылы август күндөрү Маскөөдөгү окуяларды чагылдырып жүргөн.
- Маскөө кутуму учурунда мен бүтүндөй бир доор аяктап баратканын туйдум. 19-августта таңга маал мен Маскөөдөгү Ак Үйгө келип калган экем. Ошол тапта ал Орусия Жогорку Кеңешинин кеңсеси болчу. Бул жай оппозициянын кутумга каршы очогуна айланды.
Бул окуя эмне менен бүтсө да, негизинен, мындан ары Советтер Биримдиги эски калыпта жашай албастыгы аңдалып турду.
Бул сезим кутумчулардын Горбачевдун ордун ээлеп калуу аракетинен улам эмес, көбүнесе, алардын күч колдоно албаган мажирөөлүгүнөн улам келип чыкты го дейм.
Кутумчулар Ак Үйдү тазалоо үчүн аскерди же атайын күчтөрдү келтире албай коюшту. Дал ушунун айынан кутумчулар акыр аягында багынып берүүгө мажбур болушту.
Г.Фейфер
Азыркы тапта ЭЕ/АҮ Жаңылыктар бөлүмүндө иштеген кабарчы Грегори Фейфер өмүрүндө алгачкы жолу СССРге саякатка келген кезинде кутум чыгып калганын айтат.
- Ошол түнү биз Маскөөгө кайтуу үчүн белет алдык. Дал ошол түнү орусиялык 3 жигит БТРге тебеленип өлгөн. Бул окуя, жаңылышпасам, Маскөөдөгү АКШнын элчилигинин жанында болгон. Мен таң эртелеп шаарга келээр замат түз эле Ак Үйдү көздөй бет алдым.
Оппозиция чордону болгон Ак Үйдө Борис Ельцин бекинип алган. Имаратты демонстранттар курчап алып, эптеп-септеген баррикада курушкан. Аныңды советтик танк жеңил-желпи тебелеп өтмөк.
Күн бүркөк жана жаанчыл болуп турду.
Кишилер набыт болгондун эртеси күнү таңга маал болгондуктан, күдүктөнүү сезими да бийлеп турду.
Мен Ак Үйдүн маңдайында демонстранттар менен чогуу турдум.
Кимдир-бирөө үналгы аспабын алып келип:
“Алар кетишти. Бардыгы бүттү”, - деди.
Чын эле мындан 20 мүнөт өтүп-өтпөй тастыкталгандай, кутумчулар эчак учакка отурушуптур.
Кайсы-бири Горбачев үй түрмөдө кармалган Крымга жөнөптүр.
Андан соң шаарды бүркөп турган кара булуттар кете баштап, күн чыга келди.
Бул – калайыкты бийлеп алган эйфория сезиминин символу болуп калгансыды. Ойдо жок нерсе жүзөгө ашты.
Бир нече айдан соң гана, 1991-жылы декабрда Советтер Биримдиги расмий түрдө жоюлду, бирок ошол август күнү СССР ыдырап бараткан учур анык сезилди.
ЭЕ/АҮ.
Тасма баян.
СССР акыркы жолу оп тартып дем алганда
1991-жылдын 19-августунда КПСС менен КГБнын эскичилдери СССР президенти М.С.Горбачевдон бийликти тартып алуу далаалатын жасашты. Кутум аракетинин тез эле ойрон болушу ошол жылдын этегине чейин СССРдин биротоло кулашына жол ачты. Бул видео тасмада ЭЕ/АҮ кабарчылары жана кывзматкерлери 20 жыл мурда өз баштарынан кечирген окуялар менен бөлүшөт. 28.7.2011.
Кыргыз тилине которгон - Т.Чоротегин.