Заманыбыздагы мээнеткеч түрколог, тилчи, сөздүкчү, котормочу илимпоздордун бири Таалайбек Абдиев азил айтуунун да кенчи. Ал айтылуу куйкум сөз чебери Салижан Жигитов менен тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун айылдашы. “Күлкү кербендин” кезектеги шиңгили көлдүктүк илимпоздун жаңы азилдеринен турат.
* * * * *
Согуш маалында бир чулдур киши тилинен улам согушка барбай калган экен. Айылда эркек аттуу жок. Мурун теңине албаган кыз-келиндер менен ойноп-күлүп, доорду аябай сүрүптүр. Анан согуш бүтүп, эркектер келгенден кийин, чулдурду кайра эч ким карабай калат.
Ал бир күнү айтат дейт:
–– Жаман зейиктим да, энеңди уяйын... Качан шогуш болот экен дешең...
Биз да кийин, балким:
–– Жаман чайчадым да, энеңди уяйын, качан кайантин болот экен дешең, –– деп калабыз го деп корком.
* * * * *
Көлдүктө Баатырбек молдо Кармамат акеге асылып жүрүп акыры аракты таштатып, намазга жыгат. Беш ирекет намазын үзбөй окуп калган Кармамат аке бир жолу айтат дейт:
–– Эми, кысталак, эгерде бу Баатырбек айтып жүргөн наркы дүйнө, бейиш дегендер бар болсо го, жакшы. Эгер болбой калса, анда мени Баатырбек куп туздады да. Же бейиштен жок, же арактан жок...
* * * * *
Көлдүктө Түкү акенин кемпири айтып калчу эле дешет:
–– Өлүӊдү көрөйүн, Китлер, биздин Түкү баргандан кийин качпадыбы!
Көрсө, Түкү аке согуштун аяк ченинде аскерге чакырылып кеткен экен...
* * * * *
Археолог, антрополог Георгий Дебец экспедициядан жүдөп келатып, паромго француз аялдар менен чогуу түшүп калат.
Тигилердин бири курбусуна француз тилинде:
–– Мына бу неменин сакал-мурутун алып, чачын тегиздеп, жуунтуп койсо, келишкен эркек болот эле, –– дептир.
Дебец теги француз болгон жана өз эне тилин жакшы билчү.
Тиги аялга:
–– Мен сиздин кызматыӊыздамын, мадам, –– деп ал таптаза французча айтса, алиги айымдардын жүрөгү түшүп кала жаздаптыр.
* * * * *
Академик Анатолий Деревянко археологиялык казууда жүрүп, жолдоштору менен казакстандык аспирантынын үйүндө конок болуп калышат. Аспиранттын атасы –– казак чал коноктор менен таанышып отуруп сурайт:
–– Ты с какого года? (Кайсы жылкысың?)
–– Сорок третьего (кырк үчүнчү жылкымын), –– дейт Деревянко.
–– А ты? (А сенчи?) –– деп сурайт жанындагы досунан.
–– Сорок четвертого (кырк төртүнчү), –– дейт тиги.
Ошондо чал купшуңдап:
–– Я тоже сорок третьего. Мы все дети бригадиров! (Мен дагы кырк үчүнчү жылкымын. Баарыбыз тең [согушка барбай калган] биргадирлердин балдары турбайбызбы!) –– дептир.
* * * * *
Академик Деревянко баштаган бир топ атактуу археологдор талаада коргон (курган) казып жатышса, бир келишкен жол тандабас унаа алардын жанына токтоп, унаа ээси балдары менен келип, карап туруп калышат.
Бир маалда атасы (пост-советтик жаңы бай) балдарына айтат дейт:
–– Если не будете хорошо учиться, вот так будете землю рыть! (Эгерде сабагыңарды жакшы окубасаңар, анда моберекилерге окшоп жер казып жан багып каласыңар!)
* * * * *
Маймыл эне баласына чаӊырат дейт:
–– Таш кармабай жүр дейм! Аны жылмалап ойнойм деп жатып, байкоостон киши болуп каласыӊ!
* * * * *
(TT)