Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Күлкү кербени

Sorry! No content for 10 Апрель. See content from before

шаршемби 9 Апрель 2014

"Бир кылым артка кеттик, саатым!" (Кимбайкенин азил сүрөтү).
"Бир кылым артка кеттик, саатым!" (Кимбайкенин азил сүрөтү).

Кыргыз жаштарынын соңку азилдеринен (интернеттен алынды).

* * * * * * *

Эки студент бекерчиликтен кыялданып олтурса, алардын жанына бир окуучу келиптир.

Анан алиги студенттер мектеп окуучусуна мактангысы келип, четинен өз кыялдарын баяндап киришиптир:

- Биз универдеги окууну бутуп, жакшы-ы жумушка орношобуз, анан чо-оң иштерге аралашып, тездеп көтөрүлөбүз. Министр да болобуз, андан аркысы да...

- И-и, кана, айтчы, биздин карьерабыздын аягы эмне менен бүтөөрүн билесиңби?

- Ак Үйдөн чет өлкөгө качып кетүү менен бүтөт! - дептир тайманбаган окуучу.

* * * * * * *
Пушкин менен Махтумкулы Ашгабат шаарынын көчөсүндө. Түркмөн өнөрпоздору көчөдө калайыкка эрмек болууда. 24.9.2013.
Пушкин менен Махтумкулы Ашгабат шаарынын көчөсүндө. Түркмөн өнөрпоздору көчөдө калайыкка эрмек болууда. 24.9.2013.

Орустун даңазалуу акыны Александр Пушкин 1825-жылы октябрь-ноябрь айларында орусиялык барон Антон Дельвигге "Күлкү күнү" тууралуу азил ыр саптар камтылган кат жолдогон экен.

Бүткүл дүйнө жүзү 1-апрелде күлкү менен шаттыкка бөлөнөт. Бул күндү кээ бир элдер “күлкү күнү” деп аташса, “башкалары “аңкоо күнү” дешет. Айтор, жакындарын, досторун, кесиптештерин дал ушул күнү жалган маалымат менен азил кылган учурлар арбын.

Европада орто кылымдардын соңунда эле 1-апрелди күлкү, азил күнү катары майрамдоо салты катталган.

Орусияда бул күндү бери дегенде 18-кылымдын башынан бери белгилешет.

Орустун даңазалуу акыны Александр Сергеевич Пушкин (1799-1837) 1825-жылы октябрь-ноябрь айларында орусиялык барон, акын Антон Антонович Дельвиг (1798-1731) мырзага мындайча азил ыр саптар камтылган кат жолдогон экен:

Кабак-кашы бүркөлүү,
Айтты падыша: “Кечээгүн
Эстелигин Пётрдун
Бороон салды кулатып”.
Анда берки чочуптур:
“Билбептирмин! Чынбы, катыгүн?..
Падыша салды каткырык:
“Тууганым, 1-апрель – ушу күн!”

Т.Ч.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG