Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Күлкү кербени

Кыргыз элинин "Улустун улуу күнүнө" - ноорузга, көктөмгө жана бала-бакырага байланыштуу эски жана жаңы азилдеринен бир шиңгил.


* * * * * * *


- Быйылкы сүмөлөк кандай болуптур?
- Базар экономикасына ылайык экен.
- ???
- Казанга таштан башкасы бүт үнөмдө-лү-үп салыныптыр.

* * * * * * *

- Ашым аба, сизди “үйгө келип, сүмөлөктөн ооз тийсин” деп ата-апам чакырып атышат, - деп тестийер бала коңшу короого башпагып кыйкырды.
- Ой, айланайын, ыракмат. Барайын. Эмне кеп-сөз бар?
- Анчейин сөз деле жок. Оболу апам “сүмөлөктү ачып бата берсин, Ашым абаңар” деген. Анан атам “кой, ал министрликтен түшүп калыптыр. Депутат кошунабыз Жаңыбайга эле бата бердиртели”, - деп койду. Бирок сизди аяв-в-вай сыйлайбыз. Ошондуктан сизди тез чакырып кел деп мени чуркатышкан... – деди тигил мурдун “шыр” тартып.

* * * * * * *

- Мага көжө алып келсеңиз, - чет өлкөлүктөр көп келчү ресторанга нооруз күнү башпаккан айылдык киши тейлегичтен сураптыр.
- Ай донт андестанд көөгиз (“Мен кыргызча түшүнбөйм).
- Нооруз күнү кантип көжө болбосун, алып кел.
- Ай донт андестанд көөгиз, сэр.
- А-а, баса, алдын-ала төлөө керекпи? Мына бул акчага алсаң. Артканы өзүңдө калсын, - деп кардар беркиге 100 доллар сунат экен.
- Сизге мен босс үчүн каткан сүмөлөктөн да алып келем, агай! – дептир кудуңдаган тейлегич.

* * * * * * *

Нооруз маалында Батышта болуп калган бир ала-тоолук киши жубайына Бишкекке чалат экен:
- Жаным, баягы арзандаткан товарларды саткан аялдын аты ким эле? Сейилкан беле? Ошону таба албай жатпаймынбы!
- Ай, эч кандай Сейилкан эмес! Сейл дегенге бар, сейл деп жазылып турган дүкөндөр болот. Ошолорду кыдыр!
- А-а, эжекебиз SALE (“арзандатуу”) дегенди айтып жаткан турбайбы! – деп беркини коштоп жүргөн котормочу каткырган экен.

* * * * * * *

Чоң энесиникине келип, ноорузда көжөнү биринчи жолу ичкен шаардык эрке бала өңгүрөп ыйлап жибериптир:
- А-а, ичпе-йм!
- Эмне болуп кетти, садагаң болоюн?
- Устуканы жок шорпо турбайбы, бул!

* * * * * * *

- Келиним, мына бул эки жиликти узун сары келгенде салабыз, ага чейин ундун арасында илинип сакталып турат, - деп кайненеси жаңы келинге айтат.
Нооруз күнү кайнене келинин чакырып:
- Баягы эки жилик этти алып кел, аны да кичирээк казанга салалык.
- Апе-ей, апа, ал этти коңшу айылдан бою узун, өңү сары таяке келгенде бышырбадык беле!
- И-и, ботом, эч ким укпасын! “Узун сары” – бул жаз мезгилиндеги каатчылык учур.

* * * * * * *

- Жаным, ноорузда конокко бара албай калат окшойм.
- Эмнеге?
- Кийимдин баары былтыр эле кийилген. Досторума жаңы көйнөк менен барсам жакшы болмок.
- Ардагым, ошол килейген шкафта тирелген көйнөктөрүңдү жаңырткыча, досторуңду эле жаңыртсак кантет?


* * * * * * *
Т.Ч.

Орусиянын чыгаан сатирик жазуучусу Михаил Евграфович Салтыков-Щедрин (1826-1889) юмор менен сатира ширелген бермет чыгармаларынын биринде, - “Бир шаардын таржымакалы” ("История одного города") жыйнагында, - өз коомунун калпыс жактарын, айрым көрпенделердин жосунсуз жоруктарын айоосуз ашкерелеген. Эмесе, Салтыков-Щедриндин 1870-жылы алгач жарык көргөн бул китебинде камтылган айрым учкул сөздөргө назар салыңыздар.



* * * * * * *

«Бардык өлкөлөрдө темир жолдор бир жерден экинчи жерге жеткирүү үчүн кызмат кылат экен, бизде болсо андан тышкары ал кымтыкейлик үчүн да ишке жарап берет».

* * * * * * *

«Көп кишилердин «Атажурт» жана «Сиздин Улуу урматыңызга!» деген сөздөрдү чаташтырып алмайы бар экен».

* * * * * * *

«Орусия бийлиги өз калайыгын ар дайым үзгүлтүксүз аң-таң калуу акыбалында матап турушу ылаазым».

* * * * * * *

«Эгерде мен азыр оор уйкуга батып, анан жүз жылдан кийин ойгончу болсом жана «азыркы тапта Орусияда эмнелер болуп жатат?» деп суроо узатып калышса, анда мен: «Ичкилик ичип жана уурулук кылып жатышат», - деп жооп узатамын…»


* * * * * * *


«Орусиялык мыйзамдардын катаалдыгы аларды аткарууга милдеттүүлүктүн жоктугу аркылуу жумшартылат».

* * * * * * *

Тентектердин ушундай чоң кошууну бар дейсиз, алар «мамлекет» деп сүйлөшсө, тилдеринен чаң чыгат, бирок көөнүндө – казынанын эсебинен бышырылган даамдуу май токоч турат.

* * * * * * *

Эмненидир ал эңсегендей болууда: Конституциягабы, же татымал сыйпалган севрюга балыгынабы, же кимдир-бирөөнү талап-тоноогобу, айтор, бирдемкеге «талгак» болуп турат.

* * * * * * *

Өтө көжөлгөн аңкоолук – бул абдан кубаттуу күч.

* * * * * * *

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG