Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:18

Күлкү кербени

Sorry! No content for 23 Июль. See content from before

шаршемби 20 Июль 2011

Кыргызстан - саясий анекдоттор арбын айтылган өлкө. Мурдагы президенттер да эл оозунда азил бутасына айланып келет. Курманбек Бакиев тууралуу азилдерден.

* * * * *

Кыргызстандын КГБсы бир малчыны жакалайт.

- Сиз президентке шек келтирдиңиз!

- Кантип, Мен аны өмүрүмдө көргөн эмесмин!

- Сиз кечээ аялыңызга элдин көзүнчө "тезек тербей куруп кет!" деп айттыңыз.


* * * * *

Кыргызстан менен Украина мунайзат үчүн карызын учурунда төлөбөсө, анда алардагы демократия өчүрүлөт.

(Кремлдин кире беришиндеги жазуу).

* * * * *

Кыргызстандын президенти Бакиев айтат дейт:

- Мен Акайычка окшоп аялымды укпайм. Бийликке келгенде ошентип убада да бергем. Ошончо көп аялымды уксам Кыргызстан түтөбү?

Бирок жок дегенде бир туугандарым менен уулдарымды угайын да!

* * * * *

Жаныш Бакиевге айтышыптыр дейт:

- Генерал экениңиз жалган го? "Келип колго түшөм" деп кесиптештерге убада кылып, анан качып кеткениңиз кандай?
- Эми мындан ары "самопал генерал" эмне экенин биле жүрөсүңөр.

* * * * *

Кыргызстандын президенти Бакиев айтат дейт:

- Мен эч бир акчаны уурдап же катып алган жокмун. Келген каражаттын баарын 6-класстан бери ишкердик кылган таланттуу уулум Максимге, Максимге, Максимге бергиле дей бердим.

* * * * *

Бакиевдин тушунда жаңы шахмат оюнун ойлоп табышты.

- Мунун башкалардан айырмасы эмне?

- Реалдуулукка жакын! - дептир бир көшөкөрү.

- Ой тоу-бо-о! Эмнеси менен жакын?

- Мурда бир тарапта бир падыша, бир каныша гана болсо, эми оюнду татаалдатып, бир падыша, эки каныша, анан көмүскөдө (берки канышалар жок болуп калса деп) эки сулууну киргизип атабыз.


* * * * *

Ар кыл булактардан.

Карикатурачы Кимбайке (Төлөгөн Карыкеев) кызмат - колдун кири экенин, жаңы төбөлдү көшөкөрлөнүп, бирок “чагып алууга” даяр тургандар да жаркылдап тосуп алаарын "Азаттыктын" "Күлкү кербенинде" эскертет.

Кошоматка кой союп, астыңа мык да төшөп... “Азаттык үналгысы". TKy. 12.07.2011.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG