Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:20

Күлкү кербени

Sorry! No content for 30 Июнь. See content from before

ишемби 18 Июнь 2011

Мурдагы "Солидарност" кыймылынын башчысы, мурдагы президент Лех Валенса. 2011.
Мурдагы "Солидарност" кыймылынын башчысы, мурдагы президент Лех Валенса. 2011.

Полшада 1980-жылдары “Солидарност” ("Тилектештик") кесиптик кошуундар биримдиги менен коммунисттик режим тирешип турган доордогу анекдот.


Бир поляк кенчиси Гданск шаарына келип, шаардык банкка аманат акча калтырууну чечет.

Саал ойлонуп, анча-мынча акчасына тынчсызданып банк кызматкеринен сурайт:

- Эгерде Гданск банкы банкрот болуп калса эмне кылам?

- Эч кам санабаңыз, Варшава банкынан аманат акчаны төлөп беребиз.

- Варшава банкы “отуруп” калсачы?

- Анда да коркпоңуз, бизде Полшанын Улуттук банкы бардыгын төлөйт.

- Саат басып, бул банк да сызга отурган болсочу?

- Анда шеригибиз Маскөө банкына кайрылабыз.

- Ал банк да банкрот болсочу?

- Эч кам жебеңиз. Мындай шартта Советтер Биримдигинин Борбордук банкы жардамга келет.

- Эсеби маселен, СССР Борбордук банкы да банкрот болсочу?

- Ой тобо-о, Сиздин акчаңыз салынгандан СССРдин банкы ойрон болсо, анда кайра сүйүнө бербейсизби! – дептир ичинен “Солидарност” ("Тилектештик") кыймылына жан тарткан банк кызматкери.


(Чет элдик интернет булактарынан алынып которулду).

Сыягы, карикатурачы Кимбайке (Төлөгөн Карыкеев) базар экономикасынын кыныгын ала түшкөн кирпичечендин мисалында Бишкектеги күрдөөлдүү "Ош" базарын даңазалагысы келсе керек.

"Бараар жерибиз "Ош" базары эмеспи!" Кимбайкенин азил сүрөтү. "Азаттык" үналгысы. 03.6.11.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG