Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:43

Күлкү кербени

Sorry! No content for 16 Декабрь. See content from before

шаршемби 15 Декабрь 2010

Карикатурачы Кимбайке (Төлөгөн Карыкеев) "Азаттыктын" "Күлкү кербенине" ар ким желинин кактап сааган, соңку учурда ачка кала берип жаткан бүжөт-уй тууралуу сүрөтүн сунуштайт.



Бүжөт-уй: Көрүнгөн саап тажатты, деги мага качан жем беришет...

“Аки-пресс” маалымат агенттиги тээ 2007-жылдан бери эл оозунан кыргыз тилинде жыйнап келген анекдоттордун айрымдары менен тааныштырабыз (шеринедеги бул азилдерге саал оңдоо киргизилди).

* * * * * *

Унутта калган бир сабак

2005-жылы мартта Аскар Акаев Кыргызстандан чет өлкөгө (Барвихага) качып кеткенде ордуна президент болуп калган Курманбек Бакиев андан астыртадан сураптыр:
- Сиздин олуттуу катачылыгыңыз эмнеде болуптур?
- Саат басып, укук коргоо органдарына көңүл бурбай коюптурмун...

2010-жылы апрелде Курманбек Бакиев да өлкөдөн Минскиге безип чыгып, анан Акаев аны менен байланышыптыр:
- И-и эмне болду?
- Баарын өткөндө сиз өкүнүп айткан сөздү эске алып туруп жасап жаттым, укук коргоо органдарына да өзгөчө көңүл бурдум, баары бир кууп ийишти!
- И-и баса, кетээрде мен сага атейин кайрылып айтам деп унутуп калыптырмын, элге дагы кичине көңүл буруп туруш керек экен...

* * * * * *

Бош учур качан эле?

Депутаттан бир кабарчы интервью алып жатат:
- Сиз өзүңүздүн бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?
- Жогорку Кеңештин отуруму маалындагыбы же иши кылып эле бош кезби?


* * * * * *

Калыс же арсар да бар

Жогорку Кеңештин отуруму маалында парламент спикери капысынан чүчкүрүп калат.

Дароо добуш берүү тактасында жазуу пайда болот:
“Ден соолукта болуңуз»!!!

Андан соң жыйынтык да чыгат:
- Каршы - 96%
- Макул – 3%
- Калыс (арсар) – 1%.

* * * * * *

Байкабай, башканы кубалап алыптыр

Маи: - Эмнеге сиз «токто» десем токтобой кете бердиңиз!?
Айдоочу: - А-а, мен кол булгаганыңызды: "Саламатсызбы, урматтуу шаар акими!" деп учурашып жаткан экен деп түшүнгөн турбаймынбы.
Маи: - Албетте, урматтуу шаар акими! Мен сизге жөн эле жол тайгак жана тар экенин эскертип айтайын дегем....

* * * * * *

Сөз эркиндиги качан келет?

Айтылуу орус тамсилчиси Крыловдун карга, быштак жана түлкү тууралуу тамсилинин моралдык “жаңы” мааниси:
"Оозуңдагы быштакты түшүрүп ийген соң гана “ка-ак” этип сөз эркиндигинен пайдалана баштайсың".

* * * * * *

Үчүнчү жактагынын азабы

Бир күнү арстан токойдогу жаныбарларды топтоп алып:
- Үйлөнгөндөр бул жакка, бойдоктор - тигил тарапка катарга тизилгиле! - деп буйрук кылат.
Жаныбарлар эки жаат болуп бөлүнүп туруп калышат.

Ортодо гана байкуш түлкү улам бир жакка булт берип секирип жүрөт дейт.
Анда арстан:
- Эй, түлкү, эмне эле улам эки башка жакка ойт берип секирип атасың?

- Таксыр, эч билбей атам, үйлөнүп алып кайра ажырашып кеткендер кайсыл жагына турат? - деген экен бечара түлкү.


* * * * * *

Булак: http://apendi.akipress.org/archive/index.php/t-19.html

* * * * * *
ТЧ.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG